ЖОГОРКУ КЕӉЕШКЕ КИМДЕР КЕЛАТАТ?

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын катарында кимдер келе жатканы тууралуу өткөн саныбызда сөз кылып, КСДП, «Ата Мекен», «Республика-Ата Журт», «Өнүгүү» партиялары жөнүндө баяндаганбыз. Шайлоого катышуу ниетин билдирип, каттоодон өткөн башка партиялардын талапкерлер тизмеси да сөз кылууга арзыйт.

Чудинов менен Мамытованы жанаштырган «БИР БОЛ»
5-чакырылышта «Республиканын» катарында парламентке келип, Камчыбек Ташиев менен билек күчүн сынашып элдин эсинде калган Алтынбек Сулаймановдун элге таанылып келаткан «Бир бол» партиясы да талапкерлер тизмесин жарыялады. Бул партиянын катарында биринчи болуп «ата журтчу» Мыктыбек Абдылдаев келе жатат. Андан соӊ Алтынбек Сулайманов өзү, үчүнчү болуп Бакиевдик замандын көздөй өкмөт башчысы Игорь Чудинов катталган. Кезинде Бакиевдин «Ак жолунун» фракция башчысы болгон Улукбек Ормонов да ушул партиянын алдыӊкы талапкерлеринин бири. Диктор катары таанылган Лунара Мамытова «Бир болдун» талапкерлер тизмесиндеги жаӊылыктардын бири болду. Партиянын салмак кошчу талапкерлеринин катарында экс-каржы министри Акылбек Жапаров, укук коргоочу Чолпон Жакупова, экс-энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев, Жогорку Кеӊештин депутаты Исхак Пирматов, «бригаданын» өкүлү болгон Марат Султанов жана экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев жүрөт.

Керим Турапов «БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН ЭМГЕКТЕ» ырдайт
Кызыл тилин миллиондорго баалаган Адахан Мадумаров жана миллиондорду иштеп тапкан Аскар Салымбековдун «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» деп жупташкан партиясынын талапкерлеринин көрүнүктүүлөрүн да санап өтпөсөк болбос. Талапкерлер тизмесин Аскар Салымбеков баштап, экинчи орунда Адахан Кимсанбаевич турат. 12-болуп бараткан, учурда коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөөдө жүргөн Урмат Аманбаеванын ысымы ар кандай талкууну жаратууда. «Кыргызалтындын» экс-башчысы Токон Мамытов бул ирет «Ар-намысты» эмес, Адахан менен Аскар мырзанын партиясын тандап кетиптир. «Ата журтчу» Надира Нарматованын ысымын да ушул партиянын катарынан кезиктирүүгө болот. Бакиев заманынын кезинде «№1-коррупционер – бул Курманбек Бакиев» деген генерал Рашид Тагаев да талапкерлер тизмесинде. Ал эми бул партиянын негизги «звездасы» – ырчы Керим Турапов 18-талапкер.

Губернаторлор «КЫРГЫЗСТАНДА»
Парламенттик шайлоого чамынып чыккан «Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесин экс-губернаторлордун тизмеси деп койсок болчудай. Биринчи болуп Чүйдүн экс-губернатору Канатбек Исаев, андан соӊ Жалал-Абаддын экс-губернатору Азизбек Турсунбаев көрсөтүлдү. Нарындын экс-губернатору Канатбек Муратбеков да ушул партиянын алдыӊкы катарында. Ал эми «Ата Журт» фракциясынын лидерлигин Жылдызкан Жолдошовадан ыр-чыр менен тартып алган Дастанбек Жумабеков «Кыргызстан» партиясынын алдыӊкы ондугунда. Бабанов менен жолдору эки ажырым кетип, «Республикадан» келген Эльмира Жумалиева менен Чолпон Султанбекова да партиянын алдыӊкы орундарга ээ болушту.

Таарынгандарга түнөк берген «АР-НАМЫС»
Аксакал Феликс Кулов баштаган «Ар-намыстын» тизмесине да көӊүлүӊүздөрдү бурабыз. «Экс-ата мекенчилер» Кубатбек Байболов, Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдрахманов талкуулардын толкунун жаратуу менен дал ушул «Ар-намыстын» тууруна конушту. 23-катардагы саясий серепчи Табылды Акеров да талапкерлер тизмесинин кызыктуу персонасы. Булар менен катар 5-чакырылышта депутат болушкан Каныбек Осмоналиев, Эристина Кочкарова өӊдүү саясатчылар тандоосунан тайбай, «Ар-намыстын» катарында чоӊ казатка аттанышты. Талапкерлердин тизмесине 6-болуп катталган Эркин Тентишев аттуу инсан «Ар-намысты» шайлоо жарышынан ыргытып жибере жаздады. Анткени дал ушундай эле ысымдуу адам «Кыргызстан» партиясынан да көрсөтүлгөн. Ал эми БШКнын талабы боюнча бир эле адам эки партиядан талапкер катары көрсөтүлсө, анда 48 сааттын ичинде партиялар кайрадан съезд өткөрүп, тизмени тактоосу керек, же ал партия шайлоо жарышынан алынып салынат. «Ар-намыс» шашылыш түрдө ал адамдын тизмеден алынып салынгандыгын билдирди. Бул көрүнүш темир генералдын партиясында талапкерлер тизмеси чийки экенин далилдеп койду.

Айдаралиевди эш туткан «ЗАМАНДАШ»
Көрүнүктүү өкүлдөрүнөн шайлоо алдында айрылып калган «Замандаш» партиясынан парламентке талапкер болчулардын көпчүлүгү ысымы коомчулукка кеӊири тааныла элек адамдар. Талапкерлердин сап башында партияны түптөгөн маркум Муктар Өмүракуновдун жубайы, «Замандаштын» учурдагы төрайымы Чынара Шейшекеева турат. Карап-карап отуруп Замир Бекбоев деген «Ар-намысчы» депутаттын ысымын да талапкерлер тизмесинен жолуктурдук. Буга катар Таластын экс-губернатору Искендер Айдаралиев «Замандаштын» атынан талапкер болгону билинди.

Экстер «АЗАТТЫКТА»
Исмаил Исаков «Азаттык» партиясын парламентке баштап бармакчы болуп жатат. Талапкерлердин сап башын өзү ээлеген. Жакында гана «шайлоого чогуу барабыз» деп Өмүрбек Текебаев менен кол коюшуп жаткан Артур Медетбеков «Азаттыктан» орун алды. «Ар-намысчы» депутаттардан Турсунбай Бакир уулу, Бөдөш Мамырова, «ата журтчу» Курманбек Осмоновдун ысымы да ушул партиянын тизмесинде кездешет. Курманбек Осмонов өзү эле эмес, кызы Нурзат Осмонова менен чогуу аттанды.
«Азаттык» Башкы прокуратураны мурда-кийин жетектеген Азимбек Бекназаров, Байтемир Ибраев, экс-министр Равшанбек Сабиров өӊдүү адамдардын ысымдары менен толукталды. Экс-маданият жана маалымат министри Камила Талиева да бул партиянын 31-талапкери экени белгилүү болгон. Бирок Камила айым «Азаттык» партиясы менен шайлоого барбайм!» деп чыкты. Партиянын штаб жетекчиси Мамбетжунус Абылов Камила Талиева 17-август күнү партияга кошулуу боюнча арыз жазгандыгын билдирди.

АМБИЦИЯСЫ БАР, бирок аттуу-баштуусу жоктор
Парламенттик шайлоого эӊ биринчилерден болуп кам көрүп, бирок шайлоо жакындаганда шаабайы сууй түшкөн «Мекен Ынтымагы» партиясы да талапкерлер тизмесин жарыялады. Аты белгилүүлөрдөн партия лидери Темирбек Асанбековду гана байкоого болот. Тизмеде Темирбек мырзадан кийин катталган талапкерлердин дээрлик бардыгы коомчулукка тааныш эмес адамдар. Ушундай эле көрүнүштү экс-депутат Арсланбек Малиев жетектеген «Аалам» партиясынан көрүүгө болот. Партия лидери жана 2-катарда бараткан айтылуу «ата журтчу» Жылдызкан Жолдошовадан бөлөгү ысымы белгисиз адамдар.
Ал эми «148 делегаттын катышуусунда партиянын курултайын өткөрдүк» деп жаткан «Улуу Кыргызстан» партиясынын тизмесин көпчүлүккө тааныш ысымдарды дээрлик таба албайсыз. Бирок партия шайлоого катышууга 5 миллион сомдук күрөөнү БШКга төгүп койгон.
5-чакырылышта «Ата Мекен» менен депутат болуп келип, кийин өзүнчө кеткен, учурда коррупция боюнча кылмыш иши козголгон Карганбек Самаковдун «Биримдик» партиясы экс-губернатор Шамшыбек Медетбековдун «Кыргызстан элдер конгресси» партиясынын алдында шайлоого аттанмай болду. «Кыргызстан элдер конгрессинин» талапкерлеринин сап башында төкмө акын Мир Үсөнбаев турат. Андан соӊ Шамшыбек Медетбеков өзү. 5-орунда Карганбек Самаков катталган. Ошондой эле «Ар-намысчы» Эсенгул Исаков да бул партиянын 7-катарынан орун алган. Экс-элчи Эднан Карабаев болсо 14-орунда бара жатат.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
korsaromega
2015-08-31 21:53:44
Багы баягы, балтабайдын таягы!!!!!
+2
meli12
2015-09-01 01:57:59
Бу саам канча депутат болуш керек? 120 жепжутаттын кереги жок кичинекей кыргызстанга 70 же 80дей эле жетет. тиги диктордо эмне жок твсында эле иштей бербейби ал эмнени жасап кыйратат депутаттын айлыгы кобурок да дикторлука караганда.адам канча белгилуу болсо тойбойт атакка анан бир куну жалп очот
+1
Aruushaa
2015-09-01 09:13:56
Ассалааму алейкум!
Урматтуу Кырыз элим!!!, Өтүп кеткен эгемендүү күнүңөр менен!
Алдыдагы шайлоо таза өтүшүнө тилектешмин...
+1
cosmopolit
2015-09-01 13:19:57
Баягы эле чалдар
+1
bektursun2010
2015-09-01 17:03:51
кимисин шайласам екен
+1
Patrik
2015-09-02 09:44:51
Кулов отпой эле калсынчы
+2
Patrik
2015-09-02 09:46:10
Кулов отпой калса экен
+1
Sherkul
2015-09-02 19:06:34
Неге КСДП менен Ата-Мекенди жазбадынар? же коктунарбы?
+3
kubat_1973
2015-09-02 20:45:46
Колтугунда "Бир болдун
Колжойто сунуп кир колун
Уялбай келатат бийликке
Уурулары "Ак жолдун"
+1
danik0101
2015-09-03 23:05:19
Баары канча партия катышканы жатат шайлоого?
+1
OKEI
2015-09-04 14:00:06
Бирин отуп бирин кал.жеп жутарлар
+1
datkaaiym
2015-09-04 20:24:47
Бутун Кыргызстан Эмгек партиясын колдом Аскар Мааткабылович учун
-1
friendwipkg
2015-09-05 01:07:42
кимдер келатат? - жеп-жутарлар, тойбостор, ачкөздөр, камандар, бийлик-байлык үчүн атенесин, элин-жерин сатууга даярлар келатат.
0
friendwipkg
2015-09-05 01:11:20
негизи кыргызстанга депутаттын деле кереги жок. президент өзү эле элди аралап көйгөйлөрдү чечсе болот.
0
aidai89
2015-09-08 13:05:41
эмне учун жаштар жок баягыле карышкырлар
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан