Алайбек Кожомкулов: «ӨНҮГҮҮНҮ ӨЗҮӉДӨН БАШТА!»

Алайбек Кожомкулов 1984-жылы 19-майда Алайдын Гүлчө айылында туулган. Атасы Рамазан Кожомкулов өмүр бою прокуратурада, акыркы жылдары сот системинде иштесе, мугалимдик кесипти аркалап келген апасы Анаркан Акматова учурда жеке ишкер. Эжеси жана иниси бар. Эжеси банк, ал эми иниси салык системинде эмгектенишет. Каарманыбыз мектепти Ош шаарында Кыргыз-түрк «Сема» лицейинен бүтүргөн. Атасынын кызмат которушуна байланыштуу бир нече ирет мектеп которууга туура келгендигин эскерет. Юристтик кесипке ээ болгон соӊ Президенттин иш башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнө сынактык негизде жумушка кабыл алынып, 2010-жылга чейин иштеп тажрыйба топтогон. 2010-жылдан баштап Жогорку Кеӊеште депутаттын кеӊешчиси болуп эмгектенген. 2014-жылы бул жумушту өткөрүп берип, жеке ишкерликке өткөн. Өзгөндө, Беловодское айылында эки завод куруп, жүздөн ашык жумушчу орундарын түзүүгө жетишти. «Бизнесте көп пландарым бар, аларды жүзөгө ашыруу кызыктуу» дейт Алайбек Кожомкулов. Бизнестин сырлары, азыркы ишкерлерди коомдогу көйгөй ойлонтобу? Маектешим менен мына ушул темада башталган баарлашуубуз келечек муун үчүн эмне жасап, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн эмне кылуу керек деген ойлор менен аяктады.

«КЫРГЫЗСТАН ТАЗА, ТАБИГЫЙ АЗЫКТАРДЫН ӨЛКӨСҮ ДЕГЕН БРЕНД МЕНЕН ЧЫКСАК...»
-Кыргызстан Бажы биримдигине кошулду. Бул 170 миллиондук рынокко Кыргызстан канчалык даяр деген суроо баарынын эле башын оорутуп жатса керек. Бажы көзөмөлдүн алынып салынышынан кийинки чек арадагы ызы-чуу, элдин тыгыны убактылуу көрүнүш. Элге маалымат жакшы берилген эмес. Бажы тосмосу алынат десе, такыр текшерүү болбойт деп барып алгандар да бар экен. Биз келечекке карай максаттарды коюп, коркпой иш баштай беришибиз керек. Айрыкча эт, сүт азыктарын экспорттоого чыгарсак, миӊдеген кыргызстандыктар киреше таап баштайт. Ар бир ишкердин бизнеси кеӊейип, жумушчу оруну түзүлсө, ага мамлекет колдоо гана жасоосу зарыл. Салык менен жүдөтпөй, тескерисинче, салыктан такыр бошотуп же жеӊилдиктерди берсе бизнес өнүгөт. Мисалы, Кыргызстанда иштелип чыккан ар бир товарга, азык-түлүккө, кийим-кечеге салык салынбаса өндүрүш көбөйөт. Ишкерлер дагы ишмердигин кеӊейтет.
Кыргызстандагы азык-түлүктөр эч кандай нитрат, химикат, ГМОсу жок табигый азыктар. Бул баа жеткис байлык. Ошондуктан биз дүйнөгө «Кыргызстан таза, табигый азыктардын өлкөсү» деген бренд менен чыксак сонун болмок. Мисалы, Таластын төө буурчагын түрктөр же башкалар алып кетип дүйнөгө башка бренд менен сатып жатышат. Анын ордуна Таласта ушул төө буурчакты иргеп, көлөмүнө жараша кутучага салып, «Кыргызстанда жасалган» деп сатсак мамлекет алда канча пайда тапмак. Дыйкандар дагы кандайдыр бир кепилдикке ээ болуп, тобокелдиктен тышкары болор эле. Ушундай эле көрүнүш Баткендин өрүктөрү, Жалал-Абаддын кара өрүктөрү, жаӊгагы, Кыргызстанда өндүрүлгөн балга дагы тиешеси бар. Мындай ишкерликти баштаган үч жылда салык алынып салынса, канчалаган жарандарыбыз бакытты башка жактан издебей, өз жеринде үй-бүлөсү менен пайда таап, коомдогу терс көрүнүштөр дагы азаймак деп ойлойм. Бардык нерсе бири-бирине байланыштуу. Биз экономиканы көтөрсөк, элдин жашоо шарты оӊолсо, социалдык маселелер жеӊил чечилмек.

«ҮЙ-БҮЛӨНҮН ТЫНЧТЫГЫ ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮШҮНӨ ӨБӨЛГӨ БОЛОТ»
-Биз материалдык байлык эмес, рухий байлыкка басым жасашыбыз керек. Балдарды тарбиялоодо ата-энеге кайрымдуу, бир тууганга күйүмдүү, кичинесинен мээримдүү кылып тарбиялашыбыз керек. Материалдык жетишпестикти балдар билими, акылы менен таап кетишет, бирок рухий боштук коом үчүн коркунучтуу. Акыркы жылдары ата-энелер жоопкерчиликсиз болуп, бала алдында тарбия берүү милдетин экинчи планга жылдырып, аларга тамак-ашын, кийим-кечесин, сураган нерсесин алып берип, ата-эне эмес эле демөөрчүдөй болуп баратышат. «Ата, апа, бер!» дегенден башканы билбеген, кайрымы жок, коомго пайдасыз муунду өстүрүп жатканыбыз коркунучтуу.
Менин бир уул, бир кызым бар. Келечекте балдарым Амирбек менен Жибектин ата-энеге күйүмдүү, ыймандуу адамдардан болушун тилек кылам. Азыртадан аларга ата-энелик мээримибизди берип, китеп окуганга, табиятка аяр мамиле жасоого үйрөтүп жатабыз. Антпесек кийин кеч болуп калышы мүмкүн. Өлкөдөгү ар бир бала ата-эне, чоӊ ата, чоӊ эненин мээримине бөлөнүп, коомго агрессивдүү маанайдагы эмес, позитивдүү муун болуп чоӊоюшу керек. Ата-энелер балдардын алдында өздөрү үлгү болуп, өнүгүүнү ар ким өзүнөн башташы зарыл. Кыргыздар «баланы башынан» деп бекеринен айтпаган чыгар. Үй-бүлөдө бала бактылуу болсо, өлкө дагы өнүгүү жолунда болот. Таланттуу, илим-билимге ынтызар балдар коомго өз пайдасын тийгизет. Ар бир адам өзү таза болгонго аракет кылса коом да тазаланат. Биз эл арасында жаман иш жасаган адамдарды уяткаруу салтын унутуп бара жатабыз. Мындай кайдигерлигибиз коомдо дил бузарларга жол ачып коюуда.

«БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИӉДИ ЖЫГАТ»
-Бизде жалпы билим берүү системинин начарлап кеткени өкүндүрөт. Мектепте мугалимдердин деӊгээли төмөн болуп, балдар сапаттуу билим албай калышты. Ал эми жогорку окуу жайлары билим берүү эмес, бизнеске айланса, мамлекеттик окуу жайларда коррупция күч. Таӊ калычтуусу, ата-эне дагы пара берген баласына көз жумуп, кээ бир студенттер окуу жайга барбай, пара берип бүтүрүп жатышат. Өздөрү чет жакта иштеп жүрүп, акчага диплом алгандар канча?! Ушуну көрүп турса дагы эч ким ооз ачпай жатканы чоӊ кылмыш. Биз ушуну токтотушубуз керек. Мугалимдерге пара берип окуганча бир кесип же өнөр үйрөнүп, өз алдынча ишкердик кылган дурус. Мисалы, мен таш заводун куруп баштаганда коркком. Бирок бара-бара бул бизнестин сырларын түшүнө баштаганда ишим абдан кызык боло баштады. Анын үстүнө киреше таап баштайсыӊ. Азыр жаӊы дизайндагы таш ванналарды, жакузи же кол жуугучтарды (раковина) чыгаруу максаттары менен алектенип жүрөм. Ойлогон нерсеӊ ишке ашып, ал элге жагып кардар көп болсо, бул дагы өзүнчө ырахат экен. Ошондуктан жаш кыздар-балдар чакан бир иш баштап, ошону иштетсе, билим алууну токтотпой өзүн-өзү өнүктүрсө, бардык ийгиликтерге жетүүгө болот.

«КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАР АЛДЫӉКЫ ОРУНДА»
-Башка мамлекеттерге караганда Кыргызстандагы аялдарга жакшы шарт түзүлгөн. Башка мусулман өлкөлөрүндөгүдөй чектөөлөр жок. Ошондуктан ишкерликке ыктаган аялдар көп ийгиликке жетише алышты. Менин апам дагы жеке ишкерлик менен алектенип, ийгиликтерге жетише алды. Союз таркаган жылдары биздин апаларыбыз соода-сатыкка аралашып, жаӊы шарттарга жакшы ыӊгайланыша алышты. Алар үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй сактап калган чоӊ күч болду. Ошондуктан Борбордук Азия мамлекеттери арасында биринчи аял президент бизден чыкты окшойт. Муну менен бизде эркектер позициясын алдырып койгон жок. Эркектердин коомдогу орду зор. Биз эӊ негизгиси жигиттик касиетибизди жоготпой, айткан нерсебизди жасап, убадага бекем турушубуз керек. «Айтылган сөз – атылган ок» дегендей, айттыӊбы, аткар! Аткара албасаӊ айтпа! Жигиттер ата-бабаларыбыздын салтын улап, достукка, касамга катуу турсак деген тилегим бар. Досту дагы мансабына эмес, анын адамгерчилик сапатына, мамилеге бекемдигине карап тандасаӊ турмушта жакшы жөлөк табат экенсиӊ.
Мамлекет эне-баланын ден соолугуна кам көрсө, улуттун саламаттыгын сактаган болор эле. Ошондуктан төрөгөн энелерге финансылык камкордук көрсөтүлсө, элдин демографиялык маселеси жөнгө салынмак.
Мен Жогорку Кеӊеште иштеп жүрүп бир топ жакшы мыйзамдар турмушка ашпай каларына ынандым. Жогоруда санап өткөн маселелерди да мыйзам жагынан колдоого алуу керек. Ошондуктан юрист катары бул катачылыктарды жоюуну көздөйм.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
marmiladka9
2015-09-01 23:21:35
ммм ийгилик!!! жакшы тилектериниз бар экен,ишке ашсын ылайым.
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан