КЫРГЫЗСТАН ЕВРАЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК БИРЛИКТЕН ӨЗ ОРДУН ТАБАТ

«Ак-Кеме-Пинара» мейманканасынын басма сөз борборунда «Евразиялык интеграциянын Кыргызстандын саясий өнүгүүсүнө тийгизген таасири» деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Ага Евразиялык Экономикалык бирликке кирген өлкөлөрдүн адис-эксперттери катышып, Евразиялык Экономикалык бирликтин алкагындагы саясий жана экономикалык маселелерди талкууга алышты.

КЫРГЫЗСТАН ЕАЭСке УБАГЫНДА КИРДИБИ?
Кыргызстандын Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения мүчө болуп келген Евразиялык Экономикалык бирликке толук кандуу мүчө болуп кирип, анын алкагындагы аракеттердин башталганына аз гана убакыт болду. Ага карабастан аталган бирликке киргенибиз туура болдубу же жокпу деген суроого дагы деле жооп издеп отургандар жок эмес. Адис окумуштуулардын айтканына караганда, Кыргызстан Евразиялык Экономикалык бирликке өз убагында кирди. Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын акча бирдигинин наркы төмөндөп триллиондогон доллар жок болду. Бул дүйнөлүк кырдаал, дүйнөлүк кризис. Бул жерде Кыргызстан алардай жабыр тарткан жок. Анын бир себеби – өз убагында Евразиялык бирликке кошулганы дешүүдө.
Евразиялык бирликке кирүү саясий да, экономикалык да жагынан караганда Кыргызстан үчүн оӊ таасирин тийгизип отурганын эксперттер белгилешүүдө. Экономиканын өнүгүшү өлкөнүн саясий стабилдүүлүгүн камсыз кылуунун өзөгү болору шексиз. Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешевдин айтканына таянсак, айрым чолок саясатчылар дүйнө өлкөлөрү баштан кечирип жаткан кырдаалды Евразиялык Экономикалык бирликке алып барып такашы ыктымал. Бирок эл Евразиялык бирликтин оӊ-терс жактарын ылгап ала турган абалга өсүп жетти. Андыктан саясий жактан терс таасири болот дегенге ишенүү кыйын. Өлкө өнүгүү жолуна түшсө, саясий стабилдүүлүк өзүнөн-өзү жаралары да мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Ошол эле саясий кампаниялар, саясий партиялардын кандай экономикалык багытты тандаганына жараша, кандай экономикалык өнөктөштөргө басым жасаганына жараша элдин ишенимине ээ болорун аныктап коюшу толук ыктымал.

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ САЯСИЙ СТАБИЛДҮҮЛҮККӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ
Тегерек столдо айтылган маалыматтарга таянсак, Евразиялык бирликке кирбегенде сомдун девальвациясы мындан да жогору болмок, Орусия, Казакстандан жумуш таба албаган мигранттар жүздөп-миӊдеп Кыргызстанга кайтмак, экономикалык алган багыты белгисиз болмок. Мобилдүү чакан экономикасы бар Кыргызстан үчүн Евразиялык Экономикалык бирликтин алкагында өөрчүп-өнүгө турган тармактар четинен чыгат. Ошол бирликтен өзүбүздүн ордубузду татыктуу ээлеп калышыбыз гана керек.
Азыркы күндө Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 40 пайызды түзсө, жакынкы жылдары ал 60 пайызга чейин өсөрү күтүлүүдө. Анткени алар үчүн жаӊы рынокко жол ачылды. Кыргызстан өзүнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн болгону
12 пайызын гана өздөштүргөн. Дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын өсүп жатканы Кыргызстанда алтын өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу керек деп коӊгуроо кагууда. Өлкөнүн туристтик потенциалын пайдалануунун чети да оюла элек. Эгерде Экономикалык бирликке кирген өлкөлөр кайсыл өлкөнүн кайсыл тармагын өнүктүрүү керек деген суроо коюп, ага жалпылап киришишсе бир гана Кыргызстанда эмес, Евразиялык бирликке кирген өлкөлөрдүн бардыгында экономикалык алга жылууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Тегерек столдо айтылгандай, саясий стабилдүүлүккө жетишүү экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болсо, экономикалык өнүгүү жолуна түшүү саясий стабилдүүлүктүн өбөлгөсү да боло алат.

ЕАЭСке КИРҮҮ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДА КИЙИМ ТИГҮҮ ӨНҮГӨТ
Евразиялык бирликке кирсек эле дүйнөлүк кризистен оолак калабыз дегенге болбойт. Бирок аталган биримдикке кошулуунун Кыргызстан үчүн оӊ таасири арбын болору тегерек столдун катышуучулары тарабынан айтылды.
Орусия илимдер академиясынын сектор башчысы Елена Кузьмина: «Евразиялык бирлик Кыргызстан үчүн оӊ таасирин тийгизет. Бажы көзөмөлү алынып, транспорт, товар жана башкалар эркин каттайт. Бирликке кирген өлкөлөр менен болгон соода катнашы Кытайга караганда да көлөмдүү. Рыноктун кеӊейгенине жараша өнөр жай өндүрүшү, айрыкча кийим тигүү тармагы өнүгөт. Агроөнөр жай комплекси өнүгүү жолуна түшөт. Эт-сүт, жер-жемиш сатып өткөрүүнүн алкагы кеӊейет. Ал эми мунун баары жаӊы жумушчу орундары көбөйөт, айлык акы жогорулайт, жаӊы технологиялар кирет дегенди билдирет»,- деди.
Ал эми экономикалык жактан туура багыт алып, калкынын турмушу оӊолуу жолуна түшкөн өлкөдө саясий стабилдүүлүк орун алып, саясий кампаниялар олуттуу пикир келишпестиктерди жаратпай турганы жакшы белгилүү. Демек, өнүгүү жолунда турган Кыргызстандын алган багыты туура деген пикир тегерек столдун катышуучулары тарабынан ачык белгиленди.

Зарина Кемелова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан