Үстүбүздөгү жылдын 12-август күнү таӊкы саат 04:00 чамасында Ноокен РИИБине аталган районго караштуу Масы айылынын Султанов көчөсүндөгү өз үйүнөн 1957-жылы туулган Альбина Мурашкинанын бир канча жаракаттары бар жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Өлгөн аялдын коӊшу-колоӊдору, туугандары суракка алынып, натыйжада кийинки күнү кылмышка шектүү катары маркумдун 1988-жылы туулган Анара Айдарова аттуу келини кармалып, кылмышын моюнуна алган.
«МУШТАП ЖИБЕРСЕМ КУЛАП ТҮШТҮ»
Кылмышка шектүү Анара тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Күйөөм Иван экөөбүздүн ортобузда 4 бала бар, улуусу 9да, кичүүсү 2 жарым жашта. Ивандын Орусияга иштегени кеткенине 1 жылдай болду. 11-август күнү мен, кайненем жана кайнатам үчөөбүз чогуу арак ичип отурганбыз. Бир маалда кайненем экөөбүз сөз талашып уруша кеттик. Ачуум менен аны 2-3 жолу муштап жибергенде жерге кулап түштү. Жерге кулап калгандан кийин 4-5 жолу тээп жибердим да, ошол бойдон ал бөлмөдөн чыгып кеттим.
«ОЙГОНСОМ АЯЛЫМДЫ ЧЫЧКАН ЖЕП ЖАТЫПТЫР»
Ал эми маркумдун күйөөсү Анатолий Громоков аялы менен келини эмне болуп урушуп кеткенин, кантип өлтүрүп койгонун билбей тургандыгын айткан:
– Келиним, аялым үчөөбүз арак ичип отурганбыз, мен мас болуп уктап калыптырмын. Эртеӊ менен ойгонуп аялымдын өлүп жатканын көрдүм. Анын оозун чычкан жеп жатыптыр. Анан барып келинимди уктап жаткан жеринен ойготтум.
«ҮЙ-БҮЛӨ ЭСКИ МОНЧОДО ЖАШАЧУ ЭКЕН»
Ноокен РИИБинин тергөөчүсү Бексултан Маматалиев бул кылмыш боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул факт боюнча киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Катуу сокку тийгендиктен маркумдун кабыргалары сынып кетиптир. Өлүк табылгандан 1 күндөн кийин кылмышка шектүү катары маркумдун 27 жаштагы Анара Айдарова аттуу келини кармалды. Ал башында «Мен өлтүргөн эмесмин, эч нерсе билбейм. Сыягы, кайнатам өлтүрсө керек. Ойгонсом кайненемди чычкан жеп жатыптыр» деп көрсөтмө берип жаткан. Кийин гана киши өлтүргөнүн моюнуна алып, сабап өлтүрүп салгандыгын айтып берди. Кылмышка шектүүнүн балдары, коӊшулары экөөнүн ызы-чуу болуп урушуп жаткандарын угушкан экен. Коӊшулары Анара Айдарова тууралуу «Дайыма мас болуп алып кыйкырып, үйүндө чыр чыгарчу. Бизге да тынчтык берчү эмес» деген терс пикирлерин айтышууда. Бул үй-бүлө эски мончонун ордунда жашап, ал жерге лампочка да тагып алышкан эмес, телевизордун жарыгы менен жашашчу экен. Ичи аябай сасып кеткен, араӊ киресиӊ. Коӊшуларынан сурасам, «бул үй-бүлө спирт ичимдиктерин көп ичишет» деп айтышты.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg