«Кумтөрдүн» II чейректеги жыйынтыктары: ИШКАНА ӨЛКӨ КАЗЫНАСЫН 2 МИЛЛИАРД СОМГО КӨБӨЙТТҮ

Жарым жылдын ичинде ири алтын өндүрүүчү компания мамлекеттик казынага салык, социалдык фондго жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 4,8 миллиард сомдон ашык каражат төлөдү.

«Центерра» жана «Кумтөр Голд Компанинин» 2015-жылдын II чейрегиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча отчётуна таянсак, жогорку өндүрүштүк темп, чыгымдардын азайышы жана жыл аягына чейин ийгиликтүү божомолдор күтүлүүдө.
Аталган убакыт аралыгында өндүрүштүн көлөмү 122 111 унция баалуу металлды түздү (салыштырсак, ушул эле чейректе 2014-жылы – 77 860 унция).
«Мындай өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү баалуу руданы кайра иштетүүдөн жана рудадан алтынды бөлүп чыгаруу пайызынын өсүшүндө. Жылдын экинчи чейрегинде алтын ылгоочу фабрикада металлга бай руда аралашмаларын кайра иштетүү жүргүзүлүп, анын көлөмү 1,6 миллион тоннаны түздү. Бул өткөн жылкыга салыштырганда 9 пайызга көбүрөөк. Мындай жыйынтыкка фабриканын чийки зат менен толук камсыздалышы жана АЫФтын жогору сааттык өндүрүмдүүлүгүнөн улам мүмкүн болду»,- деп билдирет ишкана өкүлдөрү.
Жогорку өндүрүштүк темп өлкө казынасын толуктоодогу каражат көлөмүн көбөйтүүгө да таасир берди. Алсак, ушул жылдын 3 айында «Кумтөр» 2 миллиард сом салык иретинде төккөн. Бул көрсөткүч жалпы 6 айдын жыйынтыгы боюнча 4,8 миллиард сомдон ашты. Жыл башынан бери 9 тоннадан ашык баалуу металл өндүрүлдү. Ошондой эле I чейрек боюнча өндүрүмдү сатуудан түшкөн жалпы каражат эсептелинип, ал 141,6 миллион АКШ долларын түзгөн. 2015-жылдын II чейрегине карата жалпы 3,69
тонна алтын өндүрүлгөн.
Мындан тышкары бул убакыт аралыгында «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын дүӊ кирешеге болгон салыктан тышкары жалпы чыгымдары 48 пайызга кыскарып, 868 АКШ долларын түздү (өткөн жылы ушул эле чейректе 1658 долларды түзгөн). Чыгымдарды азайтуу сатып өткөрүлгөн унция алтындын көбөйүшү менен операциялык жана кыртыш ачуу иштерине капиталдык жумшоолордун кыскарышынын натыйжасы. Ошондой эле компания жаӊы турак жай лагеринин курулушун 2015-жылдын июнунда аяктаганына байланыштуу кен ишканасында инфраструктура объектилерин көчүрүү боюнча капиталдык жумшоолордун азаюусунан улам өнүктүрүүгө инвестициялары 23 миллион АКШ долларга чейин кыскарган.
Жалпы капиталдык чыгымдар II чейректе 81,7 миллион долларды түздү (өткөн жылкы көрсөткүч – 111,3 миллион доллар). Божомолдоолорго таянсак, кыртыш ачуу иштерине байланыштуу капиталдык чыгымдар 185 миллион доллардан 162 миллионго дейре кыскартылат. Кыртыш ачуу иштерин жана жешилүү менен амортизацияны эсепке алганда, 2015-жылы жалпы капиталдык чыгымдар 212 миллион доллар суммасында божомолдонууда.
«2015-жылы «Кумтөрдүн» 17-участогунда иштер уланат. Ал III чейректе фабрикага кайра иштетүүгө кетип жаткан руданын кампалык запастардын төмөнүрөөк мүнөздөмөлөрүнө салыштырмалуу рудадагы алтындын жогорураак курамын камсыз кылат. Жыйынтыгында алдын ала эсептөөлөр боюнча, кендеги өндүрүштүн көлөмү 470-520 миӊ унция алтын болушу күтүлүүдө»,- деп билдиришет компаниядан.
2015-жылдын II чейрегинин жыйынтыгын «Центерра Голд Инк.» ишканасынын президенти жана башкы аткаруучу директору Ян Аткинсон жакшы көрсөткүчкө жетишкендигин билдирди:
– Бул көрсөткүч ушул жылдын алтын өндүрүшүнүн көзөмөлдүк көрсөткүчүнө жеткирүүгө мүмкүндүк берет. 2015-жылдын 30-июнуна карата «Центерра» накталай акча каражат жана кыска мөөнөттөгү инвестицияларды кошкондо жалпы 582 миллион АКШ долларга жакын же карыздардан тышкары 505 миллион доллар менен каржылык жакшы формада турат. Ошондой эле II чейректеги операциялык акча агымы 114, 3 миллионду түздү.
2015-жылдын 3-июлунда «Кумтөргө» үстүбүздөгү жылдын аягына чейин стационардык булганыч булактарынан атмосферага таштоого жана калдыктарды сактоочу жайга калдыктарды жайгаштырууга уруксаттар узартылды. «Компания «Кумтөр» долбоору боюнча маселелерди чечүү максатында аракеттенүүнү улантууда. Биз мурда билдиргендей, ар бир сунушталган чечим «Центерранын» бардык акционерлерине карата бирдей адилеттүү болууга тийиш,- деп жыйынтыктады Ян Аткинсон.
II чейректеги жыйынтыктар жана башка отчёттор толугу менен компаниянын www.kumtor.kg расмий сайтына жайгашкан.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
marik10
2015-09-16 11:19:50
анан улутташтырабыз дешет, биздикилер иштете албай сатып жоготушат
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан