«Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер күлкү жаратуучусу», «тамашоучу» Самат Эркинбеков сүйүктүүсү Чолпонайга 21-июль күнү кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып, ата-энесинин колунан алып кеткен эле. Эки жаштын заманбап үйлөнүү тою 20-августта Саматтын кичи мекени Токмок шаарындагы тойканалардын биринде тууган-урук, чыгармачыл чөйрөдөгү досторунун катышуусунда өттү. Анда эмесе тапан жигиттин үйлөнүү тоюнан кызыктуу репортажды сунуштайбыз.
Блиц-маек
– Самат, Чолпонай, куш бооӊор бек болсун! Бул күндү көп күттүӊүздөр эле, той көз ачып-жумгуча соӊуна чыгып калды...
Самат: – Бул тойго даярдык көрүшкөн бир туугандарыма тереӊ ыраазычылык билдирем. Келечекке аттанып жатып элден бата алалы, «той берекелүү болсо, жашооӊ да берекелүү болот» деген ак ниеттер менен тоюбузду өткөрүп алдык.
– Буга чейин тойлордо кызмат кылып келгенсиӊ да, той ээси болгон кандай экен?
– Чындыгында, буга чейин тойлордо алып баруучулук кызматты аркалап жүргөнүм менен, тойдун түйшүгүнүн 15 эле пайызын билчү экенмин. Көрсө, анын артында чоӊ түйшүк жатканы мага сезилчү эмес тура. Эми үйлөнүү тоюмду өткөрүп бешик тойго тажрыйба топтодум десем болот.
– Чолпонай, келиндик кызматты кандай аркалап жатасыӊ?
– Келиндик кызматымды жакшы эле аткарып жатам деп ойлойм. Баары жакшы. Бирок бирөөнүн үйүнө көнүп кетүү кыйын экен.
– Силердин бал айыӊар кайсы жерде өттү?
Самат: – Кайненем Ысык-Көлгө жолдомо бербедиби, жыйынып-теринип алып, буюрса, бал айыбызды сонун өткөрүп келебиз.
– Рахмат, бактылуу болгула!
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров,
Эрмек Жеӊишов
star@super.kg