КОРООӉУЗГА БАССЕЙН, ШАРКЫРАТМА КУРУП, СЕРГИП ЭС АЛЫӉЫЗ

Жайдын аптабы өтүп кетти деп эс алып калдыӊызбы? Өлбөгөн жанга эртеӊ эле жаз, жай келет. Ошондуктан чалкалап жатпай короого бассейн, колдон келсе шаркыратмасы менен курууну сунуштайбыз. Куруу иштерин азыр баштасаӊыз, 2016-жылдын жайы сизди бассейни менен тосуп алат. Үй, бассейн куруучу Рахат Ажиев кеӊеш берет.

КАЗУУ
Биз куруучу бассейндин туурасы 3 метр, узундугу 6 метр, тереӊдиги 1-1,30 сантиметр. Балдар кичинекей деп мындан кичине курсаӊыз, алар эртеӊ эле чоӊоюшат да, бузуп кайра салууга туура келет. Ошондуктан кичинекейлерге ылайыктап бир четин тайыз, экинчи жагын чоӊдор үчүн тереӊирээк кылуу керек. Бассейндин ордун жалкоолонбосоӊуз өз колуӊуз менен казсаӊыз болот. Эгер киши жалдасаӊыз 30 метр куб 30 000 сомго түшөт, 1 метр кубу 1000 сомдон казылат.


БЕТОН КУЮП, КАФЕЛЬ ЧАПТОО
Жер казылган соӊ бассейндин бир башынан экинчи башына кетүүчү түтүктөр орнотулат. Капталдарына, таманына арматуралар коюлуп, бетон куюлат.
Арматура (12 диаметрлик) – 800 метр, 1 метри 42 сом – 33 600 сом
Цемент – 2 тонна, тоннасы 7000 сом – 14 000 сом
Майда шагыл – 1 машина, 7000 сом

Бетондун үстүнөн силикат клей кошулган аралашма менен кум шыбак жасайбыз.
Цемент – 7 мүшөк, 1 мүшөгү 350 сом – 2450 сом
Кум – 25 мүшөк, 1 мүшөгү 50 сом – 1250 сом
Силикат клей – 10 литр, 1 литри 150 сом – 1500 сом

Кафелди дубалдыкын эмес, бышык болуу үчүн полдукун гана коюу зарыл.
Кафель – 45 чарчы метр, 1 чарчы метри 500 сомдон жогору – 22 500 сом
Клей (бассейндики) – 9 мүшөк, 1 мүшөгү 400 сом – 3600 сом
Жээктелчү атайын таш – 3,5 чарчы метр, 1 чарчы метри 1000 сом – 3500 сом. Жээгине коюлчу таш бассейндин сыртын көздөй да ашыкча чапталышы кажет. Буларга чачыраган суу бат кургайт.
Жалпы чыгым – 89 400 сом

БАССЕЙН ҮЧҮН КЫЗМАТ АКЫ
Бетондоо менен кум шыбак жасоонун 1 метр кубу 2800 сомдон, 30 метр куб – 84 000 сом
Кафелдин 1 чарчы метри 400 сомдон коюлат, 45 чарчы метр – 18 000 сом
Технологиялык схемасын орноштурууда эки шайман улашкан жер 1 чекит болуп саналат. Бир чекит 1500 сом, 7 чекит – 10 500 сом
Жалпы чыгым – 112 500 сом

ШАРКЫРАТМА
Алгач шаркыратманын эки капталы, тепкичтери (бетон) куюлат. Тепкичтин алды бош болот, ал жерге шагыл төгүлүп насос, сууну тазалоочу аппарат жайгаштырылат.
Четтерине тизүү үчүн атайын таш – 4 тонна, 1 тоннасы 5000 сомдон жогору – 20 000 сом
Майда шагыл – 1 машина, 7000 сом
Цемент – 1 тонна, 7000 сом
Силикат клей – 10 литр, 1 литри – 150 сом – 1500 сом
Тордолгон темир – 2 даана, 1 даанасы 500 сом – 1000 сом
Жалпы чыгым – 36 500 сом

Суунун айланып туруу схемасы
Суу бөлүштүргүч (тройник) – 2 даана, 1 даанасы 12 сомдон – 24 сом
Түтүктөр (20 диаметрлик)– 30 метр, 1 метри 35 сомдон – 1050 сом
Чорго (вентиль) – 4 даана, 1 даанасы 150 сом – 600 сом
Суу буруучу түтүк (отвод) – 8 даана, 1 даанасы 10 сомдон – 80 сом
Насос – 20 000 сом
Скаймер – 5000 сом
Фильтрлөөчү аппарат – 30 000 сом
Бассейн үчүн тепкич – 10 000 сом, лампочка2 даана, 1 даанасы 2000 сомдон – 4000 сом
Жалпы чыгым – 70 754 сом

ШАРКЫРАТМА ҮЧҮН КЫЗМАТ АКЫ
Бетон – 3 метр куб, 1 метр кубу 2500 сомдон – 7500 сом
Ташын чаптоо – 3 метр, метри 500 сомдон – 1500 сом
Жалпы чыгым – 9000 сом
Чыгымдардын бардыгын эсептегенде (бассейндин ордун казууну кошпогондо) – 318 154 сом


Кам көрүү

  • Насос менен суу тазалоочу аппарат суткасына 6 сааттан ашык иштебеши кажет.
  • Бак-дарактан түшкөн жалбырактарды, чоӊураак таштандыларды күнүгө тазалоо керек.
  • Айына бир жолу сууну толук төгүп (чорголорду жаап, кир суу өтүүчү түтүк аркылуу), щётка менен жышып балырларын кетирүү зарыл. Эгер кара тактар пайда болсо чүпүрөктү хлор кошулган сууга малып кайра-кайра сүртсө кетет.
  • Кышкысын суусун төгүп кургак кармоо зарыл, суу калып калса, ал муз болуп кафелди жарып жиберет.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
eduardali
2015-08-31 15:40:27
Азыр кризис маалында элге оорго дейм , дайрадан отору жок.
+4
Саби
2015-09-03 10:18:38
Жакшы кенеш акчан бар болсо баарын жасоого болот.
+1
ALSU2010
2015-09-03 23:57:57
ай укмуш ай....ыссык колго барып эле тушобуз..салып буткучо карыйбызго ..
0
Salman1477
2015-09-08 17:28:41
Урматтуу супер инфо сиздерден чоон сураныч айыл шартында кантип уй ичине автомат стиральнай машинасын орнотсо болот. Суу эшиктин астынан чыгат, бирок кум аралаш Суу,жаан чачын убагында ылай аралашып да агып калат. Ушуларды эски алып жакшы эн ынгайлуу жолун жазып берсениздер сураныч. Бул бир гана менин каалоом эмес коптогон айыл жериндеги жашоочулар тушунбостуктун себебинен уйго кир жуугуч машинесин койдура албай келишет.
+1
admin_portal
2015-09-08 17:35:32
Salman1477, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Salman1477
2015-09-08 17:29:54
Жообун чыдамсыздык менен кутом супер инфо!
0
MTu
2016-01-05 11:02:05
Жакшы кенеш экен бирок уйдун жанынан чон канал отот ошого эле тушобуз. Ал эми уйго автомат кир машина кою боюнча. Мен деле жер уйдо жашайм. убактысы менен гана суу чыгат. Анан озубуз да качалка жасап алганбыз (жерге турба кагып) ага насос улап койгом. Эшикке 1,5х1,5 метр кылып жерди казып, ага Иранский пластмасса бочка койгом. Менде 500 литрлик турат. Бочка суу чыккан маалда толуп турат через фильтр. Бочканын ичине туалеттин системасындай система бар, толгондо токтоп калат.
0
MTu
2016-01-05 11:04:15
Анан уйдун ичине ваакумный насос койгом. Суу керегинче тартып берип турат. Менде Аристон бар Автомат кир машина, ванна. туалет. Эшиктеги иштерине 15000 мин сом акча кеткен. ичине каалышынча кетире берсен болот.
0
Omurbek-Ulvi
2017-01-28 19:05:42
Мен короого жасагам шаркыратма кичинекей бассейни менен 17000 сомдой эле кеткен. Анча чон эмес чакан эле кылып жасап койсо сонун болот экен!
0
Omurbek-Ulvi
2018-08-02 23:51:54
Мен дагы короого жасагам шаркыратма, болжол менен 16-18 мин сомдун тегереги кеткен, бул тууралы менин [moderated] каналынан толук маалымат алсанар болот!
0
Omurbek-Ulvi
2018-08-02 23:53:25
Мен дагы короого жасагам шаркыратма, болжол менен 16-18 мин сомдун тегереги кеткен, бул тууралы менин [moderated] каналынан толук маалымат алсанар болот! Омурбек Муканбаев десенер чыгат.
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан