СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУНУН 2 ЧОӉ ПАЙДАСЫ

Жазда, күздө кичинекей эркек баласы бар ата-энелер «балабызды сүннөткө отургузат элек» деп чуркап калышат. Бул каада эмнеден улам калган? Мусулман баласы үчүн сөзсүз аткарылчу парзбы? Медицина буга кандай карайт? Иликтеп көрөлү.

«ТӨРӨЛГӨНҮНӨ БИР АПТА БОЛГОНДО ЭЛЕ СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗГАНДАР БАР»
Адегенде Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна баш бактык. Анда балдарды сүннөткө отургузуучу атайын кабинет иштейт. Врач-уролог Бакыт Жановду дал ошол кабинеттен иш үстүндө жолуктурдук.
– Сүннөткө отургузуу эмне үчүн керек?
– Кыргыздар балдарын сүннөткө отургузууну милдет деп эсептешет. Көбүнчө так жашта отургузуу керек деген түшүнүктү карманышып, 3, 5, 7 жаштагы балдарын алып келишет. Ал тургай баласынын төрөлгөнүнө 7 күн болду дегенде алып келгендер да бар. Анткени мындай кезде балада коркуп, чаӊ салуу деген болбойт жана жарасы тез айыгат. Биз электрокоагуляторду (электр бычагы) колдонуп, баланын жыныстык мүчөсүнүн башындагы терисин тегерете кесип, чочосунун башын толук ачып коёбуз. Электрокоагуляторду кээ бирлер билбей, лазер деп жүрүшөт. Айтылган ыкманын артыкчылыгы – кан чыкпайт, инфекция кирбейт, көп да шишибейт. Андыктан ырбабай бат бүтөт. Бала 1-2 күндө эле ойноп кетет.
Илгери баланы отургузуу диний максатта гана жүргүзүлсө, кийин медицина өнүгүп, анын ден соолукка пайдасы зор экени аныкталган. Андыктан мусулман эместер да балдарын отургузууда. Айта кетчү нерсе, ата-эне баласынын чочосун кичинесинен түрүп жүрсө, кийин отургузганда оорутуу анча сезилбей, жарасы эрте бүтөт.
Убагында отургузулбай калса, кийин канча жашта экенине карабай кестирсе болот.
1-пайдасы: Гигиена жактан таза болуп, сезгенүүнүн алдын алат. Ата-энелер кичине эркек баланын да жыныстык мүчөсүнүн башына ак өӊдөгү кир топтолуп каларын билишет. Ал кир «смегма» деп аталат жана курамы май бези бөлүп чыгарган зат менен теринин түлөгөн клеткаларынан турат. Аны жууп турбаса ал жерде микробдор топтолуп, сезгенүү жаралып, оорулар келип чыгат. Отургузулбаган баланын чочосунун терисинин башы ачылбагандыктан смегманы кетириш үчүн терисин артка түрүп жууш керек. Отургузулган баланын чочосунун башы ачык болгондуктан смегма оӊой жуулат жана сезгенүү жаралбайт. Кийин жыныстык жактан жугуучу ооруларга кабылуу коркунучу азаят.
2-пайдасы: Сексуалдык жашоого оӊ таасири. Башкача айтканда, сүннөткө отургузулгандар отургузулбагандарга караганда сексуалдык жашоодон ырахат алышат.
– Баланы отургузгандан кийин кандай кам көрүү керек?
– Жарааты айыккыча зелёнка менен левомеколь дары майын сыйпап (күнүгө 1-2 маал), марганцовка менен 2 маал жууп туруу керек.
– Демек, сиз ырымдап эле кан чыгарып койсо болот дегенге кошулбайсыз...
– Ооба, ырымдап эле кан чыгарып койсо (терини бир аз тилип) болот дегендерге кошулбайм. Анткенде бала жогоруда айткандай 2 пайдадан куру калып, сезгенүүгө кабылып жатат. Катасын кийин түшүнүп, «балабызды кайра туура отургузуп берсеӊер» дегендер Ысык-Көл, Нарындан көп келишүүдө.
Айылдарда хирургдар керектүү жердин гана айланасын жансыздандыруучу наркозду жана скальпелди колдонуп балдарды отургузуп жүрүшөт. Бул туура эле.
– Медициналык билими жоктор отургузса кандай коркунуч бар?
– Учурда медициналык билими жок, бирок башкалардан көрүп үйрөнүп, керектүү аспаптарды сатып алып отургузуп жүргөндөр бар. Андайлардын арасында жыныстык мүчөнүн башын кесип алгандар, туура эмес отургузуп баланы майып кылгандар кездешет. Каны токтобой азап тарткан балдар канча? Эл «уста аке» деп атагандардын макиси аркылуу сарык, СПИД сыяктуу оорулар жукпайт деп ким айта алат? Же алар макисин кайнатып, микроб, вирустарды жок кылып жүрүшүптүрбү? Аларга балдарды алып барбоо керек.
– Сарык, гемофилия (кан оорусу) менен ооругандарды отургузса болобу?
– Оорудан айыкканда анализдеринин жыйынтыгына карап, керектүү адистер менен кеӊешип жасай беребиз.

«33 ЖЫЛДА МИӉДЕН АШЫК БАЛАНЫ ОТУРГУЗДУМ»
Балдарды элдик ыкмада отургузуп келе жаткан Баткен облусунун Баткен районунун Бужум айылынын 56 жаштагы жашоочусу Жалал Шайдылдаев менен байланыштык.
– Бизде балдарды отургузган адамды «уста» дешет. 3, 5, 7 жаштагы балдарды отургузуу салт. Атам уста болгон, мен анын жолун жолдодум. 33 жылдын ичинде 1000ден ашык баланы отургуздум. Балдарды алып келгенде оорусу барбы, жокпу, эти ырбаак эмеспи, баарын сурап алып ошого жараша иш кылам. Илгерки устараны колдоном. Мурун эл устара менен чач, сакал-мурут алышчу. Отургузарда устараны, колду, баланын чочосун спирт менен жууйм. Анан чочосун укалап отуруп, терисинин учун чымчып кесип коём. Жыныс мүчөсүнүн алдындагы кан тамырларга бычакты тийгизбей кесүү керек, болбосо кан токтобой калат. Кескен соӊ жараатка талкаланган стрептоцид дарысын сээп, күйгүзүп, даярдап койгон эски кебездин күлүн басам. Бала уктап турган соӊ заарасы менен жараатты жууйм, бүттү. Үйүндөгүлөр жарааттын карты түшкүчө кийинки күндөн баштап пахта май менен 5 маал майлоого өтөт. 3 күн өткөрүп, марганцовка менен 3 маал жууп башташат. Ошентип бала 1 аптанын тегерегинде айыгып кетет.

«СҮННӨТКӨ СӨЗСҮЗ ОТУРГУЗУУ ПАРЗ ЭМЕС, БИРОК ЖАГЫМДУУ НЕРСЕ КАТАРЫ КАРАЛАТ»
Диний аалым Чубак Жалиловго суроо узаттык.
– Дин боюнча сүннөткө отургузуу сөзсүз керекпи?
– Ислам дининде сүннөткө отургузуу сөзсүз парз катары каралбайт, бирок отургузууну жагымдуу нерсе катары карайт. Бала ооруп жатканын айта алган кезден, башкача айтканда, 3 жаштан тарта отургузуу жагы жазылган. Андыктан 3-7 жаш аралыгында отургузса болот.
Ырымдап кан чыгарып койбой, баланы толук сүннөткө отургузуу кажет. Анткени намаз окуу үчүн гусул даарат алганда жыныстык мүчөсүнүн башы толук ачылбай кир калып калса, даарат толук болбой калат.

Туура отургузулган балдар 1-2 күндө эле ойноп кетишет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сүннөткө отургузуунун кайсы жолу ишенимдүү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
nurka85
2015-08-31 12:31:06
Буюрса быйыл кеч куздо кичуу уулубузду суннотко отургузабыз.
+4
Sagidko88
2015-09-04 11:15:57
Эстесем корком. Козум азыр кичине. Беш жаштан отургузаарбыз. Жакшы врачка алпарам ин ша Аллах.
0
Maku77
2015-09-04 11:28:25
Врач-уролог Бакыт Жанов кайсы клиникада иштейт болду экен
0
12.12.12
2015-09-04 21:08:06
Maku77, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору деп бакыйып турат го. Тан калдым.
+2
Maku77
2015-09-04 11:29:14
Администрация, клиниканын адресин жазып койсонуздар жакшы болмок
0
kuba_76
2015-09-04 15:08:18
Врач Бакыт Жанов Жал кичирайонундагы больницада иштейт 2 же 3 этажда. Менин баламды суннотко отургузган.
0
Decmond
2015-09-05 00:48:28
Эстесем ошол кундорду)))))
0
elif
2015-09-05 01:28:36
Бaлдaрды сүннөт кылaaрдa ушуну унутбaгылa; Бaлa AКЫЛЫНA КИРЕ ЭЛЕКТЕ же ТОЛУК AКЫЛЫНA КИРГЕНДЕ отургузуш керек.2-3-4 жaш тaкыр болбойт,өзүнүн денесинин бир бөлүгү кесилгенин көргөн бaлaнын псиxологиясынa aбдaн чоң терс тaaсир кaлтырaт,коркутaт...
+1
BAIELER81
2015-09-05 18:07:47
Кечиресинер анда эмнеге Чубак ажы 3 жаштан 7 жашка чейин отургуу керек деп жатат
+1
Kroxa
2015-09-14 15:06:56
ай кесилгенин сезбей деле калат 2-куну чуркап кеткен менин балам 3 жашта еле жалдан кестирдик бирок нурбек деген врвч болчу...
0
Kroxa
2015-09-14 15:07:57
кааласанар торолгондон кийин баса електе жакшы болот дешет сезбей да билбей да калат..
0
rola
2021-02-10 12:12:52
Менин баламда учко чыгып калды.Отургузгандан озум коркуп атам.
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан