ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ТРАНСПОРТ ЖААТЫНДА
Сегвей (Segway)
– Дин Кеймен аттуу ойлоп табуучунун эмгеги. Эки дөӊгөлөктүү электр кубаты менен жүрүүчү транспорт. Бул унааны чыгарган фирма «Segway» деп аталгандыктан, ал фирманын аты менен аталып калган. Италиянын segue – «жүр, артынан бас!» деген сөзүнөн алынган. Сегвей транспорту жөнөкөй жөө жүргүнчүнү жол кыймылынын активдүү мүчөсүнө айлантат. Башкача айтканда, бул транспорт менен ылдамыраак, алысыраак жүрө аласыз. Ошол эле мезгилде ашыкча күч талап кылынбайт. Сегвейди башкаруу үчүн адегенде денени башкара билүү керек. Себеби унааны кайсы бир багытка буруу үчүн теӊ салмактуулукту сактоо менен, ошол багытка бир аз ооп коюу керек. Кыргызстанда шоумен Бакыт Байсариев сегвей унаасын тойлорду алып барууда ийгиликтүү колдонуп жүрөт.

КОСМЕТОЛОГИЯДА
Плампер
– англис тилинин plump сөзүнөн алынган, «жаздыкча» же «бир аз шишигендик» дегенди түшүндүрөт. Бул каражат айымдардын сулуулугун арттыруучу каражаттардын бири. Муну кадимки суюк ооз боёгуч деп түшүнсөӊүз болот. Эгер сиз Анжелина Жолиникиндей өзгөчө эриндүү болгуӊуз келсе, анда плампер колдонуӊуз. Плампердин курамында оптикалык пигменттер жана корица, имбирь же кызыл калемпир болот. Оптикалык пигменттер бир караганда эринди көзгө толумдуу көрсөтөт, курамындагы кызыл калемпир эринди бир аз дуулдатат. Адатта кыздар селфи жасоодо сүрөткө эриндерин чормойтуп түшүшөт. Мына ушундайда плампер жардам берчүдөй. Себеби аны сүйкөгөндө эриниӊиз шиший түшүп, көлөмдүү көрүнүп калат.

МОДАДА
Бомбер
– кыска, жеӊил күрмө. Адегенде бул күрмөлөр 1955-жылы АКШда бомба таштоочу учактардын учкучтары үчүн атайын тигилген. Bomber jacket же кыргызчага которгондо «бомбалоочунун кийими» (бомбардировщик) дегенди түшүндүрөт. Бомбер күрмөлөрүнүн жеӊи тыкыс болуп, жакалары тик туруп турат. Бул күрмөлөрдү кийсеӊиз, кысылбай кенен кыймылдай аласыз. Ал атайын учкучтар үчүн тигилгени да жөн жерден эмес. Бомбер күрмөсү менен парашюттан секирип, учакты да кеӊири башкарууга болот. Бара-бара учкучтардын бул күрмөсү массалык модага айланган. Азыр анын ар кандай түстөгүлөрүн, сүрөттүүлөрүн таба аласыз.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан