АТАКТУУЛАР 1-КЛАССКА БАРГАНДА...

1-сентябрды утурлай ата-энелер балдарын окууга даярдоо менен убара болуп жүргөндө биз ошол күндөрдү артта калтырган атактуулардын эскерүүлөрүн уктук. 1-класска барган күн балалыктын таттуу үзүмү эмеспи, ал күн баарыбыздын жадыбызда болсо керек, унутуу да мүмкүн эмес.

Султан Садыралиев: «АТТЫН БОЛГОН МҮЧӨСҮН ТАРТЫП, МУГАЛИМДЕРГЕ ШЫЛДЫӉ БОЛГОМ»
– 1-класска 1992-жылы Жамбыл облусунун Луговое (азыркы аталышы Кулан) айылындагы Ахмет Байтурсынов атындагы мектепке баргам. Үйдө беш бир тууганбыз, менден башкасынын баары мектепке барышчу. Бир туугандарым мектепке кеткенде кадимкидей зеригип, «мен чоӊоюп качан мектепке барам?» деп эле үйдөгүлөрдүн кулак-мээсин жеп тажаткандыктан мени 6 жашымда эле мектепке берип коюшкан.
1-сентябрда апам сирень гүлүнөн гүлдесте жасап берген. Ошону көтөрүп алып апам менен жетелешип мектепке баргам. Мен теӊдүү бир кызды 11-класстагы жигит көтөрүп алыптыр. Анын коӊгуроо каккылаганын көрүп, менин да коӊгуроо каккым келген. Майрам бүткөн соӊ класс жетекчибиз баарыбызды бир класска алып кирип тааныштырып, анан «сүрөт тарткыла» деди. Мен доскага чыгып аттын сүрөтүн тарттым. Карасам эжейим баш болуп баары мени карап күлүп жатышат. Көрсө, аттын болгон мүчөсүн тартып салыптырмын. Эми ал кезде балалык кылып көргөн нерсемди тарттым да. Ошол окуяны мугалимдерим да, үйдөгүлөр да азыркыга чейин эстеп күлүп калышат.

Самара Каримова: «АТАМ МЕНИ САМАНКАНАДА ТӨРӨГӨН ДЕП АЙТЫП АЛЫП ЫЙЛАП...»
– Мектеп босогосун 1998-жылы аттагам. Окууга барардын алдында апам Исфана шаарына алып барып мектеп кийимдерин сатып берген. Күндө ак бантигимди тагынып кайра чечип, 1-сентябрды аябай күткөм. Мага мектептен да жаӊы кийимдерди кийип баруу кызык болгон. Кичинемде капкара кыз элем, ошон үчүн баары мени «кара жөжө» деп коюшчу. Алгач эле барганда эжейибиз окуучулардан «ата-эне деген ким?» деген суроо берип, оюбузду уккусу келди. Классташтардын баары апасы жөнүндө айтып жатышат. Кезек мага келгенде «апамдын аты Разия, медайым болуп иштейт. Апамды жакшы көрөм, бирок мен атама жакынмын. Анткени атам мени саманканада өзү төрөгөн» десем, классташтардын баары күлүп калышты. Атам мага «кызым, мен сени өзүм саманканада төрөгөм» деп айтчу да, мен ага баёо сезим менен ишенип алыптырмын. Ошондон кийин билгем, эркек кишилер төрөбөйт экенин. Үйгө келип «ата, сиз мени төрөбөптүрсүз го?» деп ыйласам, атам «кара жөжөм, элдер айта берет да, сени өзүм эле төрөгөм, ошон үчүн экөөбүз теӊ карабыз да» деп мени соороткон.

Алтынай Нарбаева: «ЭЖЕЙИМ ЖАЗЫП БЕРГЕН КАТТАРДЫ ЖЫРТЫП, АПАМДЫН ТАЯГЫНАН КУТУЛГАМ»
– Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылындагы мектепке 1-класска 1974-жылы бардым. Үйдүн кичүүсү болуп, эрке талтаӊ болуп өскөн кыз элем, үйдөгүлөрдүн баары менин көзүмдүн агы менен теӊ айланып эле жүрүшчү. Бирок мектепке моралдык да, психологиялык жактан да даяр эмес болчумун. Көзүмө баары өөн көрүнүп, мектеп коркунучтуу туюлчу. Үйдөгүлөр мени бир ай окууга ташып жүрүштү. Сабакка жиберүү тозок эле, кичинекей балдар «бала бакчага барбайм» деп ыйлашат эмеспи, ошондой болуп көз жашымды көлдөтүп ыйлап, үйдөгүлөрдүн баарынын маанайын бузуп анан кетчүмүн. Бир жолу эжейим «апаӊа бер» деп менден кат берип жиберди, аны апама берип коём. Апам болсо мени күндө урат. Эртеси дагы кат алып келем, ал күнү да урат. Айтор, күндө апамдан таяк жечү болдум. Көрсө, эжейим «Алтынай орусча билбейт, түшүнбөйт, окубайт, аябай шок» деп мени жамандап жазчу экен. Өзүм 1-класс болсом окуганды билбейт элем да. Анан «токтоп тур, ушул катта бир нерсе бар» деп эжейимдин жазган каттарын жарым жолдо тытып салмай адат таап алдым. Ошондон кийин апамдын сабаганы басылды.

Нурзат Токтосунова: «КИЙИМИМДИ БАТКАК КЫЛЫП, ОКУБАЙМ ДЕП ҮЙГӨ ЫЙЛАП КЕЛГЕМ»
– 1-класска 6 жашымда бардым. Бирок мага атам 5 жашымда эле окуганды, жазганды үйрөтүп койгон. Ал кезде телефон деген жок, эжейлер бири-бирине кат жазып окуучулардан бердиртип жиберип кабар алышчу эмес беле. Мен 1-класста ошол каттардын ичин ачып окуп койчумун. 1-сентябрь күнү мектепке ак куудай болуп аппак форма кийип бардым. Мектеп көзүмө абдан кооз, сулуу көрүндү. Тегерегинде селкинчек, айлампа бар экен. Өмүрүмдө андай нерсени көрбөгөн жаным чуркап барып селкинчекке отурдум эле, бир бала селкинчекте аябай ойнотту. Жыргап ойноп жатсам, тиги катуулатып баштаганда учуп барып баткакка түшүп калсам болобу. Формам баткак, өӊгүрөп ыйлап, аны менен кошо тиги баланы да урушуп жатам. Ал деле мени ойноткусу келсе керек. Үйгө барып апама окубайм деп ыйлагам. Ошентип менин 1-сентябрым эртеӊ менен эле аяктап калган.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
1-класска барган күн эсиңиздеби?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
siezd
2015-08-31 10:41:09
жадыбызда деген соз кыргыз тилинде барбы эсибизде болсо керек деп эле жазбапсыз урматтуу автор
0
admin_portal
2015-08-31 11:56:16
siezd, саламатсызбы!
Кыргыз тилинде бар.
0
nazira1989
2015-08-31 15:09:54
Агып кеткен окуучуулук кайыгыым...(((
0
Turadi
2015-08-31 17:29:46
Султан 1-сентябрда сиренди кайдан таптын???
+1
sarbo
2015-09-01 19:56:32
Turadi,май айында гулдогондо сууга салып койсо керекта
0
AFRODITA-89
2015-08-31 17:43:39
кандай кызык кундооор... мен биринчи классты 1-сенябрда эмес 15-октябрда мектеп босогосун спортивный форма анан колумда пакет ичинде 1-2 дептери менен барып эле ошол бойдон окуп калгам, тууган эжебиз 1-класстарды окутат экен эле уйго келип менин кызыкканымды шыгымды коруп эле эртен бар мектепке десе уйдогулор жадаганча барып турса анан кийинки жылы окуйт деп ошентип эле кочо кийимчен жонотуп койсо окуп кеткен экенмин. 6 жашда болчум ошол боюнча жакшы окуп мектепти кызыл аттестат менен бутургом..
0
jypar.i
2015-09-02 19:50:52
AFRODITA-89, кечирип кой, бирок кызыл аттестат менен бүтсөң мынча көп ката жазгансың? "Жашда" эмес жашта, анан тыныгуу белгилери да жок экен, ошондуктан кызыл аттестат жөнүндө жазбай эле койбоптурсуң
+2
AFRODITA-89
2015-09-03 23:31:17
jypar.i,бул жер грамматика сабагы эмесда тем более шашып эле жазгам, тыныш белгилерге сайтта маани бербейм болбосо баары эле ката жазып атпайбы баарында ката толтура
0
anara2015
2015-08-31 19:59:23
Сентябрда сирен бар болот
-1
sarbo
2015-09-01 19:57:51
anara2015,кой ай майдын ортолорунда гулдоп бутот
+1
jypar.i
2015-09-02 19:54:03
sarbo,мен да таң калдым, сирень гүлү апрель-май айларында эле гүлдөп бүтөт да, астра, георгин гүлдөрү болушу мүмкүн
0
kanym24
2015-08-31 23:53:56
siren' aprel' maida guldoit da he he hee
+1
tursunbaev2004
2015-09-02 12:34:01
kanym24,Казакстанда сентябрда гулдосо керекда
0
sarbo
2015-09-01 19:58:59
ии бугун кызым биринчи класска барды,толкунданып ыйлагым келди,озумдун барганым эсиме тушту,кечээ эле баргандай болуп кеттим
0
jasgul
2015-09-02 15:25:43
э мен да кызык окуяны жаза кетейин, улуу агамдын кызы биринчи класска бара турган болуп, Жалал Абаддан келип калышты айылга. Тун небереси болгондуктан чон атасы менен жаны бирге болчу да, уктаса да чон атасынын колтугун тырмап уктачу. Сагынганда да келип колтугун трмап кетчу эрке кыз эле. Апасы жасандырып даярдап атат, анан мугалимдерге деп аш бышырып, аны мунусун даярдап жоноп калышты. Мектеп узак болчу жарым саатта жетсек керек эле. Жарым жолго жетишсе баары кайра кайтып келе жатышыптыр да,
0
jasgul
2015-09-02 15:27:58
Ошентип синдим 1-сентябрда 1-класска жарым жолго жетип кайткан апасы экоо. Азыр уу чоон кыз болуп, оз кучу менен кирип, АУЦАда окуп жатат
+1
bela77
2015-09-03 16:35:17
Туугандар сирендер быр жылда эки-уч жолу гулдойт, сортунан коз каранды тээ апрель-майда гулдогондор алар эрте гулдогон сортуна кирет,1-сентябрда сирень которсо которуп баргандыр автор деле оюнан токуп жазбаса керек, мисалы биздин сирень жакында эле гулдоп бутту бирок биздики жапайы сирень коп жыл болду суу деле куюп карабайбыз...синдиме мектепке узуп берейин десем бурушуп жаман корунуп калат экен кой деп койгом...
+1
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан