«Мындан 9 ай мурун 6 жаштагы жалгыз уулумду автоунаа сүзүп кетип майып болуп калды. Ал эми аны сүзүп кеткен айдоочу татыктуу жазасын албай жүрөт» деген Сагынбек Төрөбаев аттуу жаран окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
«БУТУ-КОЛУ СЫНЫП, ТЕРИСИ ЭЛЕ КАРМАП КАЛЫПТЫР»
– Өткөн жылдын 15-ноябрында күндүзгү саат 12 жарымдар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айылында жол четинде ойноп жаткан 6 жаштагы уулум Фирдавсты жогорку ылдамдыкта келе жаткан автоунаа сүзүп кеткен. Уулумдун оӊ буту жоон сандан сынып, ажырап кетүүдөн териси эле кармап калыптыр. Сол колу да билегинен, чыканагынан сынган. Айдоочу болсо уулумду сүзгөндөн кийин жол жээгиндеги бакты сүзүп токтоптур. Ошол убакта көчөгө жакын жерде бакчада жүгөрү чаап жүргөн эжем менен жездем уулумду унаа сүзгөнүн көрүп чуркап чыгышыптыр. Айдоочу аларга саатына 100 чакырым ылдамдыкта келе жатып унаасын башкара албай калгандыгын айткан экен.
Эжемдер ошол замат Фирдавсты Кара-Суу райондук ооруканасына алып барышса, дарыгерлер «биз жардам бере албайбыз» деп Ош облустук ооруканасына жөнөтүшүптүр. Дарыгерлер уулума 3 жолу операция жасап, колу-бутунун үзүлгөн жерлерин улашкан. Бирок тигилген 3 манжасын сактап калууга мүмкүн болбой, кайра кесүүгө мажбур болушкан.
Мен ал убакта Орусиянын Новосибирск шаарында иштечүмүн, кырсык болгондон 2 күндөн кийин келдим. Уулум 4 айдан ашуун убакыт ооруканаларга жатып дарыланды. 3 ай дарылангандан кийин гана аны дарылаган врачтар колунун иштеп кетишине кепилдик бере албастыгын айтышты.
«КОЛУНУН АЙЫГУУСУНА МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР ЭКЕН»
– Быйыл апрель айында айыгып кетер деген үмүт менен уулумду айтылуу дарыгер Сабырбек Жумабековго көрсөттүм. Ал анын профилиндеги оору эмес экендигин айтып профессор, микрохирург Мырзабек Матеевге жөнөттү. Уулумду көргөн Мырзабек байке «жүлүн менен байланышкан нерв тамыры үзүлүп кетиптир, биз дарылай албайбыз» деп неврологиялык борборго жолдомо жазып берди. Ал жактын дарыгерлери текшерип көрүшүп, уулумдун сол колунун бир дагы нерв системи иштебестигин айтышты.
Азыр баламдын сол колу такыр иштебейт, күндөн күнгө куурап, кичирейип баратат.
Орусияда иштеген досторум аркылуу Германиядагы реабилитациялык клиника менен байланыштым. Ал клиниканын дарыгерлеринин айтымында, уулумду эртерээк алып барсам колу иштеп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок жалпы дарылоосуна 80 миӊ евро керек болуп турат. Менде анча каражат жок. Ата-энем карып калган, атам оорукчан, бир жарым жылдан бери төшөктө жатат. Бир туугандарымдын деле жардам бере турган шарттары жок. Орусияда иштеген эжем үйүн сатып акчасын берип турмак болгон, бирок үйү сатылбай жатат. Айлам кеткенде жардам болор деп президентибизге, ондой депутатка жардам сурап кайрылдым, бирок биринен да жооп болгон жок. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, колунан келгендер аздан болсо да жардам берсе уулумду айыктырып алар белем? Жалгызымдын келечегин ойлоп жатып өзүм да жүрөк оорулуу болуп калдым. Аялым экөөбүз баламдын айынан уруша берип акыры ажырашып тындык.
«АДИЛЕТ ӨКҮМ ЧЫКПАСА ӨЗҮМ ЖАЗАЛАЙМ»
– Уулумду сүзүп кеткен айдоочу – Ош шаарынын 54 жаштагы тургуну Шамшидин Каратаев ушул убакка чейин дары-дармегине жардам бермек тургай, бир да жолу басып келген жок.
Бул боюнча кылмыш иши 4 айдан соӊ гана ачылган. Тергөө да акыйкатсыз жүрдү. Май айында Ош облустук сотунун судьялары Алмаз Абдылдаев менен Айвар Кубатовдор айдоочуну күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу кесип, 200 миӊ сом айып пул салды. Ал айып пул балама төлөнөбү же өкмөткө төлөнөбү, билбейм. Жиним келип ошол жерден уулумду чечиндирип, анын абалын судьяларга көрсөттүм, бирок алар «каалаган жагыӊа барып арыздана бер!» дешти. Жактоочумдун айтымына караганда, айдоочу тергөөчүгө да, сотторго да акча бериптир. Ал судьялардын жазасын Кудай өзү берсин деп кала бердим. Бул иш азыр Жогорку Сотто, эгер ал жактан да адилет чечим чыкпай турган болсо, күнөөлүү айдоочуну өзүм жазалоого мажбур болом.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg