ТИЗМЕЛЕРДЕГИ ТЕӉ САЛМАКТУУЛУК

Партиялар өз талапкерлеринин тизмесин жарыялашты, кыязы, бул тизмелер партиялардын колундагы башкы аргументтер окшобойбу. Көпчүлүк үчүн башкы таяныч – бул программалар же идеялар эмес, тизмедеги адамдар. Партиялар түзүп жаткан тизмелерге көп жагынан шайлоочулардын аракетин аныктай турган элиталар тыкыр кунт коюп карап турушат.  

Башкы атаандаштардын үчилтиги тизменин курамын жашартууга жалпы бирдей мамиле жасаганы менен, аны өз ыкмасы боюнча түзүүгө аракеттенишкен. Тизмедеги орточо жаш курак 40-43 жаштын тегерегин түзүп, биринчи отуздукка жаштарды СДПК менен «Республика-Ата-Журт» киргизиптир. Алардын тизмесиндеги биринчи отуздуктун орточо курагынын эӊ жашы 46да, калгандарынын жашы өйдөрөөктөр түзөт. Партиялардын көпчүлүгү жаштарды депутат болуу мүмкүндүгүнөн ары – 50-орундан кийинкиге жылдырышкан. Бул планда «Ар-намыс» өзгөчөлөндү. Бул партиянын тизмесинде эӊ ылдыйкы орточо курак 35 жаш 42 пайызды түзөт, алардын ичинде 18 жаштагы талапкер да бар. Бирок биринчи отуздукка кунт коюп карап көрөлү – мында орточо курак 50 жаш. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» да тизмени ушундай түзгөн.     
СДПКдагы алдыӊкы элүү сапта жаӊы муундун отуз өкүлү, курагы боюнча эмес, баалуулугу жагынан тандалышкан. Партияда мурда 1990-жылдардагы элита басымдуулук кылып, анда базар башчылар да аралашса, эми бул көрүнүш өзгөргөнү байкалат. 40 жаштагы технократтар жана күч-кубаты жаӊы, ыкчам жана өзгөчөлөнүп турган Жанар Акаев менен Икрамжан Илмиянов сыяктуу өкүлдөргө басым жасалган.
СДПК узак убакыт бою түндүк электорат менен туруктуу ассоциацияланып келди. Мындай статус азыр деле күчүндө – тизмеде өлкөнүн түштүгүнөн чыккандардын үлүшү 40 пайызды түзөт. Бирок СДПК өзүн саналуу гана партиялар сыяктуу улуттук масштабдагы партия деп эсептейт. Муну тастыктоо үчүн катарына жетишерлик бийик позициядагы өзбектерди жана орустарды кенен камтыды. СДПК кыргыздардын да, өзбектердин да, орустардын да, башка улуттардын да кызыкчылыктарын көздөөгө умтулуп, алардан колдоо издеп жатканы өлкө буга муктаж экени айтпаса да белгилүү. Баса, ал өзбектердин добушун алууда шайлоочулардын ушул катмарына басым жасап, тизмесине бул этникалык топтун 15 өкүлүн киргизди.
«Ата Мекен» алдыӊкы орундарга Аида Салянова менен Мелис Мырзакматовду киргизди. Бул айым Башкы прокурор кезинде Мырзакматовго карата кылмыш иши козголгон эле. Аталган партия өзбектерден колдоо тапканга умтулбагандыгы тизмеде биринчи өзбек улутундагы адам жүзүнчү орунда тургандыгынан улам көрүнүүдө. «Ата Мекен» биринчи отуздукка үчөөнү – улуту орус жана дунган Жогорку Кеӊештин эки депутатын, ишкерчилик менен алектенген лезгин улутундагы адамды киргизип, улуттук азчылыктарга таянбоону чечсе керек. Тизмеге 35 жашка чейинки 31 пайыз жаштар чогултулуп, биринчи отуздукка алардын экөө – Жогорку Кеӊештин депутаты Жоомарт Сапарбаев жана «Дасмия» компаниясынын президенти, таанымал ишкер жана саясатчынын кызы Айсулуу Мамашева киргизилген.  
Көп партиялар мурдагы лидерлерге таянышууда. «Ата Мекенде» Текебаев, «Өнүгүүдө» Төрөбаев, «Ар-намыста» Кулов, «Республика-Ата-Журтта» Бабанов. Ташиевдин ылдый жылдырылганына караганда тизгин толугу менен Бабановго өткөндөй. 
СДПКда абал башкачараак. Лидерлик орундарды азыркы иштеп жаткан фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков жана Жогорку Кеӊештин спикери Асылбек Жээнбеков ээлешкен. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин фракциянын жалпы ишин баалаган символикалык ыкластуу мамилеси болсо керек. 
Бул партияда болот деп көптөн бери талкууда келе жаткан Илмиянов менен Карашевдин 52 жана 47-орундарга жайгаштырылышы экөөнө шайлоо алдында тагылган милдеттей элес калтырат. Партия парламентте президенттин демилгелерин колдоого алууну сунушташы керек. Эгерде президенттин парламентте колдоосу болбосо ЕАЭСке мүчө болуу, жолдор, ЛЭП өӊдүү ири долбоорлор ишке ашпай калмак.
Дагы бир көзгө түшөр учур: СДПК фракциясынын учурда иштеп жаткан 26 депутатынан 8и тизмедеги алдыӊкы кырк орунда. Абдыманап Кутушев, Ирина Карамушкина жана Заирбек Жоошбеков жана башка эл өкүлдөрү элүүнчү орундан ары жайгаштырылыптыр. Алар министрлик өӊдүү кызматтарга даярданып жаткандар болсо керек.

Улукбек Ашыралиев 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Adi.Avazbekov
2015-08-31 14:20:45
Emne uchun SDPK dep ele jaza bergen bir jaktuu kylbai ten karap jazsanyz bolmok Uluk Myrza
+2
malywKG
2015-09-01 09:02:25
Улук да СДПКа болсо керекта агитатсия дейбеле ушуну
+1
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан