ТЕЛЕФОН КАТЫП КАЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Көпчүлүктүн актуалдуу маселелеринин бири – колдонуп жаткан чөнтөк телефонунун жай иштеп, башкача айтканда, «тормоз» болуп калышы. Бардык учурда эле адистерге кайрылууга мүмкүнчүлүк болбойт эмеспи. Смартфонубуз (Самсунгдун мисалында) бат иштеши үчүн кандай «алгачкы жардам» көрсөтө алабыз, сөз ушул туурасында болсун.

«КҮЧТӨП ТОКТОТУУ»
Кээ бир учурда телефондогу айрым программалар гана катып калат. Ал учурда смартфонуӊуздун «настройки» баскычын бассаӊыз, «диспетчер приложений» деп чыгат. Кайсы программа же оюн жай иштеп калса ошону ачып, «принудит. остановить» баскычын басасыз. Эгер көп колдонбогон программа болсо өчүрүп (удалить) салыӊыз.

СМАРТФОНДУ «КАЙРА ЖҮРГҮЗҮҮ»
Смартфонго кайрадан «жан киргизүүнүн» оӊой жолу – «кайра жүргүзүү» (перезагрузка). Телефондун оӊ капталындагы өчүрүп-күйгүзүүчү кнопканы 3-4 секунд бассаӊыз, «параметры устройства» деген терезе ачылат. Ал жерден «рестарт» деген жазууну басып койсоӊуз, телефонуӊуз өчүп, кайра өзү иштеп баштайт.
Дагы бир ыкма, телефондун сол капталындагы үн кичирейтүүчү «-» жана оӊ капталындагы өчүрүп-күйгүзүүчү баскычтарды бир мезгилде 5-10 секунд басып турсаӊыз да смартфон кайра иштеп калат.

ТЕЛЕФОНДУ «ЧЕЧИНТҮҮ»
Смартфонуӊуз такыр эле катып, баскычтары иштебей калса, анда телефонду «чечинтип» көрүӊүз. Батарейка, сим-карта, эс-тутум-картасынан бери чыгарып салыӊыз да, 5-10 мүнөт жайына коюӊуз. Бул учурда аппарат аз да болсо «эс алып», иштеп калат.

ВИРУС
Смартфон көтөргөндөрдүн көпчүлүгү интернет колдонот. Ал эми интернеттен же болбосо блютуз аркылуу вирус кирип кетип, телефондун жакшы иштешине тоскоолдук жаратат. Андыктан сөзсүз түрдө чөнтөк телефонуӊузга антивирус орнотуӊуз.

КЭШТИ ТАЗАЛОО
Телефонуӊуздун өзүнүн «эс-тутумунда» бош орун болушу керек. Керектүү программа, музыка, сүрөт, оюн дегендердин баарын эс-тутум картасына жүктөӊүз. «Настройки» бөлүмүндөгү «Диспетчер приложений» баскычын бассаӊыз, сиз интернеттен жүктөгөн программалар чыгат (Facebook, Odnoklassniki, Messenger сыяктуу). Алардын бирине кирип, «очистить кэш» баскычын басуу менен да телефондогу ашыкча эс-тутум ээлеп турган маалыматтардан арыласыз.

БАШТАПКЫ АБАЛЫНА КЕЛТИРҮҮ
Жогорудагы кадамдардан кийин да телефонуӊуз катып жатса, кайрадан «настройки» бөлүмүнө кирип, «резервное копирование и сброс данных» баскычын басыӊыз.
Эскертүү! Бул кадамды аткарардан мурун телефондогу керектүү маалыматтарды, байланыш телефондорун көчүрүп калыӊыз. Бардыгы өчүрүлөт. Андан сырткары эс-тутум картасын да чыгарып коюу сунушталат.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Aman.n
2015-08-31 16:30:53
керектуу малымат экен рахмат супер инфо
+1
kyma9183
2015-08-31 16:52:31
Пайдалуу кенешке абдан чон рахмат!
0
Birimdik5555
2015-08-31 17:24:03
Рахмат чоооон!
+1
nazira1989
2015-08-31 19:08:35
Жакшы маалымат экен,менин бир синдим бар,ошого корсотуп,окутуп коюш керек экен,телефон катып калдыбы жерге чаап салат.Ошентип 4-5 телефонун бузду...))
+1
Abdurahman
2015-09-01 13:44:48
nazira1989,Катуураак чабуу керек
+1
Omush94
2015-08-31 22:36:29
Жакшы учурундагы мага керектуу маалымат рахмат Асыл Орозбекова
0
Boldukan86
2015-08-31 23:14:53
рахмаат чоон.
+1
Abdurahman
2015-09-01 11:40:26
play marketten 360 security деген программаны кочуруп алса да жакшы телефондун иштешин тездетип ашыкча программаларды очурот
+1
Arstan1996
2015-09-01 12:44:28
Батерея жарым күнгө жетет.кантип узартса болот?Super.info
+1
Abdurahman
2015-09-01 13:47:10
Arstan1996,Ашыкча программаларды очуруп яркостту азайтса кобуроок чыдайт. Анан интернет такай жанык болсо да коп жейт
0
aku
2015-09-01 13:10:27
Кэш деген эмне? Кэшти тазалоо деп койуптур.
0
Abdurahman
2015-09-01 13:48:58
aku,ашыкча информациялар толуп кобойуп память толуп калат ошону кеш дейт
+1
Abdyrashit.Satylganov
2015-09-02 01:02:52
Бул нерсени көбү эле билсе керек... Бирок ошентсе да рахмат...
Ушулардын ар бирине кирип токтотуп, кэшин тазалап олтурбай эле... Ушулар үчүн атайын приложения бар.. Плей маркеттен "См" приложенияны жүктөп алып... Убакытыңарды үнөмдөсөңөр да болот
0
Mars55
2015-09-02 15:04:28
менин телим GALAXY ACE2 GT-I8160 катып калат силер айткан функциялары дал келбеди жардам берип койгулачы
0
Rifle_2
2015-09-03 19:58:57
Mars55,Mars55,
root доступ ачыш керек. titanium back up прога менен гууглдун ашыкча сервистерин очуруп , autostart прога менен же sd maid pro менен автостартта турган прогаларды токтотуш керек .
0
Mars55
2015-09-03 21:28:22
Rifle_2,кантип ачам мумкун болсо кенениреек айтып беринчи
0
gulzar_gulu
2015-09-03 07:29:33
Телефон интернетке кирип чыккандан кийин камерасы иштебей калып жатат эмне кылса болот?
0
Proffi70
2015-09-04 11:33:12
Лаунчер жонундо да кененирээк маалымат берип койсонуздар
0
admin_portal
2015-09-04 11:52:22
Proffi70, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
DOSY_1994
2015-09-06 14:10:43
Андан коро айфон которгуло ага вирус вообще кирбейт
0
Nur.88
2015-09-07 10:51:40
Жакшы кенештер экен.
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан