22-август күнү Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Бул күнү өлкөнүн борбору Куала-Лумпур шаарында Малайзияда жашаган мекендештердин жолугушуусу орун алып, ага аталган өлкөнүн белгилүү ишкерлери жана журналисттери дагы келишти. Кече мекендештерибиздин патриоттук духун көтөрүп мамлекеттик гимн менен башталды.
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов өз сөзүндө мамлекетибиз эгемендүүлүк жолунда бир нече тагдыр чечүүчү тарыхый сыноолорду башынан өткөргөнүн айтып: «Биздин өлкө бардык өлкөлөр менен достук мамиле курууга кызыкдар. Бүгүнкү жолугушуубуз Кыргыз Республикасы менен Малайзия өлкөсү достугун өнүктүрүүгө дагы бир ийгиликтүү кадам болуп беришине тилектешмин»,- деди.
Эки элдин катнашын өнүктүрүүгө салымын кошкон малайзиялык кээ бир ишкерлерге, журналисттерге элчи кыргыз элинин атынан ыраазычылык каттарын жана кыргыз жеринин кооз табиятын чагылдырган сүрөттөрдү белекке тапшырды. Ал эми Малайзиядагы кыргыз мамлекетинин консулу Куштарбек Шамшидов 4-октябрда Жогорку Кеӊешке шайлоо өтөрүн эске салып, мекендештерди добуш берүүгө активдүү катышууга үндөдү.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин ыраазычылык каты менен Малайзияда иштеп, окуп жатышкан активдүү мекендештерибиз да сыйланышты. Андан соӊ Бишкектен барышкан ырчы Аскат Мусабеков, куудул Назира Жетигенова мекендештерибизге жана малайзиялык конокторго ыр-күлкү сунуп, майрамдык маанай тартуулашты.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg