Урматтуу окурман, өлкөбүз тагдыр чечүүчү маанилүү иштин алдында турат. Ушул жылдын 4-октябрында Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоо өтмөкчү. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине 4-сентябрдан тарта старт берилет. Үгүт-жарнамалык материалдардын кескин өскөнүнө байланыштуу үгүт кампаниясы аягына чыккыча «Супер-Инфо» 40 бет чыгат. Бирок, окурман, сиз мындан зыян тартпайсыз. Тескерисинче, атактуулардын маектери, коомдук маселелерди камтыган репортаждар, чуулгандуу кылмыш иштери боюнча иликтөөлөр, жашооӊузду жеӊилдете турган пайдалуу кеӊештер, жүрөк сырларын ачкан аӊгемелер... Мунун баары баштапкыдан 8 бетке көбөймөкчү. Биз менен бирге болуӊуз, окурман!
Эскертүү: Гезиттин беттери көбөйгөнү менен баасы кымбаттаган жок.