Өкмөт башчы Темир Сариев мамлекеттик башкаруу системинде штаттын санын мындан ары көбөйтүүгө мораторий киргизүүнү демилгелеп чыкты. «Жакын арада мен ушундай документке кол койгону жатам. Министрлер мамлекеттик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик кызматкерлердин санын бир топ кыскарткан жаӊы түзүмдү сунуш кылышат»,- деди Сариев. Мындай кыскартуулар болбосо анда премьер-министрдин айтымында, республикалык бюджеттин 50 пайызынан көбү айлык акыга гана жумшалып калат. 2016-жылга каралган бюджетте эмгек акыны төлөө фонду 41 миллиард сомду түзгөн, бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 19 пайызга өскөн. Ал эми экономиканын өсүүсү жылына 5-7 пайыздын гана тегерегин түзөт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg