Өлкөдө ГЕМОДИАЛИЗ кызматына муктаж болуп каттоого турган оорукчандардын саны 1082. Анын жарымы бюджеттин эсебинен дарыланышат.
1-сентябрдан тартып 23 чакырымдан турган БИШКЕК-"МАНАС" АЭРОПОРТУ жолун оӊдоо иштери башталат.
26-август күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында Лексус жана Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, 7 АДАМ КАЗА БОЛУП, 2 адам жаракат алды.
МОСКВАДАГЫ кыргыз журналисти Багыт Бапановдун орусиялык басылмалардын бирине билдиришинче, Орусиянын борборунда кыргыздарга таандык 40тай кафе, 15 медициналык борбор жана 15 спорттук клуб бар.
Бишкек шаарынын мэриясы 5 миӊден ашуун ТАШТАНДЫ САЛУУЧУ евроконтейнерлерди борборго алып келүү боюнча келишимге кол койду.
Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы санитардык жана фитосанитардык текшерүү 30 күндөн кийин жоюлат. Ал эми ВЕТЕРИНАРДЫК КӨЗӨМӨЛ 2016-жылдын 1-январына чейин алынбайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.