«Тамашоунун» таланттары
Нарындын “Саяктар” командасынын "генералы" (капитаны) Азамат “Тамашоунун” таланттарынын да азаматы. Нарын мамлекеттик университетинин КВН командаларынын 3 муунунун жетекчиси. Ошондуктан генерал аталган.
Жашы – Элдикиндей эле туздуу
Бою – Наполеондукундай
Салмагы – 50 граммга ашык
Лакап аты – Азаке
Үй-бүлөдө – Баары жакшы
Дежур сөзү – Элестет?!
Жактырган машинасы – Ат
Жактырган тамагы – Эт
Девизи – "Алга карай кадам ташта!"
Кумири – Күйөрмандары
Максаты – "Тамашоудо" чемпион болуу
Нарындын нотариустарында юридикалык келишимдерди “өлүп кетейин” деген сөз менен “заверять” этишет.
Австрияда өткөн биатлон боюнча Дүйнө чемпиондугунан нарындык Жыкы байке олжолуу кайтты. Ал баш-аягы 3 кыргоол, 2 карышкыр жана 4 сүлөөсүн атып келди.
Бишкекте үйлөнүү тойлорунда жаштарга “горько, горько” деп кыйкырышса, Нарында болсо “делай, делай” дешет.
Статистика боюнча нарындыктардын 85 пайызы күзүндө төрөлүшкөн, себеби кышында антпесе болбойт.