Чычкан капчыгайында 13-август күнү башталган өрт 100 гектардан ашык жердеги чөп, бадал, арчаларды жалмап кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул өрттү 22-августка чейин өчүрө албай убара тартты. Ким билет, балким, Казакстандан атайын учактар тартылбаганда тилсиз жоону Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өчүрө алат беле, албайт беле? Табияттын боору ооруду көрүнөт, жамгыр жаап ийгени да өрттүн өчүшүн тездетти. Чычкандагы өрт Кыргызстан форс-мажордук кырдаалдарга даяр эместигин көрсөтүп койду. Бакыйган бир министрликте иштеп турган бир тик учак жок деген эмне? Депутаттардын унааларынын майына эле ай сайын 10 миӊ сомдон бөлүнөрү кеӊири айтылып жүрөт. Алардын 99 пайызы салык төлөөчүлөрдүн акчасы берилбесе деле жөө жүрбөгөнгө өз мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Ал эми өкмөт, Президенттик аппарат мүчөлөрү булардан аз коротот деп айтуу да кыйын. Мүмкүн, бир айлык чыгымдарын азайта турушса, бир тик учак келер беле?
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg