Өткөн аптанын башында эле 62 сомдун тегерегинде бааланып жаткан 1 АКШ доллары бул жумада 67 сомго чыкты. Доллардын баасы өсүп, сомдун кунунун жоголушу казак теӊгесинин курсунун ылдыйлашына байланыштуу экендиги айтылууда.
«Кара дүйшөмбү» аталып калган бул аптанын биринчи күнү Дүйнөлүк биржада баалуу кагаздардын арзандоосу менен коштолду. Буга катар нефтинин баасы да түшүп жатат. Кытайда юань девальвацияга тушукту. Мына ушул жана башка факторлордун бардыгы Орусия жана Казакстандын акчасынын арзандашына алып келгенин адистер бир ооздон айтышууда. Коӊшу өлкөлөрдүн мындай акыбалы тиричилиги доллар менен рублга байланган Кыргызстанды, кыргыз сомун да алсыратып жатат.
Жакынкы күндөрдө эле каржы маалыматтарын таркатуучу алдыӊкы делген «Bloomberg» компаниясы жакын арада кунун жогото турган 10 өлкөнүн акчасын атаган. Алардын ичинде Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын акчасы да бар.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg