Август айын сөгүнгөндөрдүн айы болду десек аша чаппайбыз. Интернетке МАИ кызматкерлеринин бири-бирин ашата сөгүп, кызыл чеке болуп жаткан видеосу таркады. Аталган тасмада МАИ кызматкерлеринин лексикону өтө балит экенин байкоого болот. Маалым болгондой, жаш МАИ кызматкери өзүнөн улуу кесиптешинин уулун жол эрежесин бузганы үчүн токтотуп, айып жазмакчы болгон. Бирок анын кесиптеши келип, «уулумду таанып туруп эмнеге айыпка жыгасыӊ?» деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп баштаган. Аягында жаш МАИчи да жооп кылып сөгүнүүгө өткөн. Бул окуя МАИ кызматынын абалы, кызматкерлердин билим деӊгээли, маданияты өтө эле начар абалда экендигин, дегеле бул тармакка тамырлап сиӊип кеткен коррупцияны жоюуга аракет жоктугун дагы бир ирет далилдеди. Коомчулуктун сын толкуну каптагандан кийин жаш кесиптешин сөккөн Жеӊиш Жумашов кызматынан бошотулуп, чини төмөндөдү. ИИМ окуянын калган катышуучуларына жана бир катар жетекчилерге эскертүү, сөгүш берилгенин жарыялагыча шашты.
МАИчилердин бул кылыктарынын айланасындагы коомчулуктагы талкуу аяктай электе Жогорку Кеӊештин депутаты, шайлоого КСДПнын 38-катарында талапкер катары бараткан Акылбек Султановдун Өзгөндө Жол-кайгуул кызматкерлерин уят сөздөр менен ашата сөккөнү жөнүндөгү тасма интернетке тарап кетти. Акылбек Султанов: «Ал сөздөр ачуу үстүндө айтылып кеткен. Жалпы ошол сөздөр үчүн элден кечирим сурайм. МАИчилерден кечирим сурабайм, андай кылсам күнөөнүн баары мага жабылып калбайбы...»- деп чыкты. Коомдун күзгүсү болушу керек болгон депутаттын «жиниме тийишкен, анан сөктүм» деген сыяктуу актануусу суу кечпейт.
Маалым болгондой, депутат катышкан бул окуя өткөн жылдын апрель айында болгон. Эл өкүлү Жогорку Кеӊештин трибунасынан Өзгөндө МАИ кызматкерлерине нааразылар көп экенин айтып чыкканга да жетишиптир.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg