Булбул үндүү ди-джей Назира Кадыева ди-джейликтен кетти. «Чыгармачылыкта изденүү, өсүү болуш керек, үнүмдү тааныган кыргыз элиме жүзүмдү да тааныткым келет» деген Назира музыкалык билим алуу менен бирге бир чоӊ теледолбоорду ишке ашыруунун алдында турат.
Фольклор ырчысы Дилшат Кангелдиева жеке музыкалык мектебин ачты.
3-сентябрдан баштап Бишкекте боз үй жасаган чеберлерди даӊазалоо жана боз үйлөрдүн каталогун басып чыгаруу максатында КЫРГЫЗ БОЗ ҮЙҮНҮН жумалыгы өтөт.
Композитор Каныкей Эралиева сентябрь айынын башында жеке концертин берүүгө камынууда.
Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына арналган КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ачылды.
Бактияр Токторов Сокулуктагы эки кабаттуу жаӊы үйүнө көчүп кирди.
Япондук ырчы Мита Рё «Кыргыз кызы сүйгөнүм» деген кыргызча ыр жаздырып, ага аниме форматында клип тарттырды.
Көптөн бери көрүнбөй калган ырчы Амир Аскаров чыгармачылыкка катуу киришип, ыр жаздырып, клип тарттырып баштады.
Режиссёр Элнура Осмоналиеванын «Сейде» аттуу кыска метраждуу тасмасы 72-Венеция кинофестивалынын «Горизонты» номинациясына ат салышууда.
Кыргыз Эл артисти, оператор жана режиссёр Кадыржан Кыдыралиев 79 жаш курагында дүйнө салды. Ал «Уркуя», «Жамиля», «Улан», «Мен Тянь-Шань», «Көк серек» фильмдерин тарткан. Таланттын үй-бүлөсүнө, жакындарына көӊүл айтабыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Leili
2015-09-10 13:26:27
Назира Кадыева эмнеге кетип калды экен Радио укпай калабызбы эми Мен назира эженин унун сагынып атам кайсыл теледен коруп калат болдук экен видио менен маек кылсанар сонун болот эле
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.