«БОРОНЧУ-ТЫНАР» ТАНДЕМИ ТАРАДЫ

Шайлоонун астында саясатчылар бир партиядан экинчи партияга өтүп, айтор, кас болуп жүргөндөрү дос болуп, достору тескерисинче, кас болуп жаткан учур. Ал эми маданият кызматкерлерин кайсыл теке сүздү ким билет? «Тынар-Борончу» тандеми тарап, экөө акчанын айынан эки айрылыш жолго түшкөнү жөнүндө маалымат тарады. Бул маалыматты тактоо максатында Борончу Кудайбергеновго кайрылдык: «Мен кезинде Чубак Сатаев менен бирге иштешкен адаммын. Башталган иштин аягы болот дегендей Тынар экөөбүздүн тандемибиз акырына чыкты. Биз эч кандай акча талашкан жокпуз, болгону Тынар «мен өзүмчө иштейм» деди эле, мен макул болдум. Мен Бишкекте, Тынар Ошто концерт берүүнүн алдында турабыз. Мындан ары жаш куудулдардын башын бириктирип, ар бир эки айда жаӊы сатираларды тартуулай турган «Борончудан ыр күлкү» деген долбоор түзүп жатам»,- дейт куудул.
 
 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
kutucsha
2015-08-31 14:43:00
Абдылда Иманкулов дагы жагат мага )))
+3
AFRODITA-89
2015-08-31 17:29:25
Тынар деле таланттуу мырза, куудул деп эле айтсак болот кадимкидей кулдуруп боорубузду эзип атпайбы сонун тамашаларды жаратат Борончу экоонун тамашалары олло жагат мага экоо тен мыкты куудулдар
+2
ernis_07
2015-08-31 18:27:52
Ар ким оз денгээлине жараша тушунот да Тынар жаман же Борончу жакшы эмес экоонун кандай экенин бир Алла билет. Кандай кундо болсо да эл таразалайт бар эле болсун
0
Gulzat86
2015-08-31 20:24:38
Ар ким оз тирикчилигин корсун дептир да.Бул да жакшы идея.
0
Davlet1994
2015-08-31 21:41:16
Азамат
0
Elnuram090
2015-09-01 08:24:53
уят эле жакшынале жарашып иштешет элего чогуу концерт койсонор жакшыле себеби Тынардын концертине барсан Борончу жок окшобосо Борончунун концертинде Тынар жок анча окшобойт каап жаман болуптур
-2
malywKG
2015-09-01 09:18:32
Неге бирле боорооннчудан сурадынар а может Тынар айтмак борончу кооп кетти деп
-2
mery.89
2015-09-02 13:08:53
Айтыптырго "эч кандай акча талашкан жокбуз"деп,бири биринин концерттине барышса керек деп ойлойм.
+1
asdf
2015-09-02 16:10:47
болду да эми кечке эле журо беришеби ээрчишип алып элдерди де тажатып жиберишти эле
0
Decmond
2015-09-02 17:24:30
Булар тарагыдай 20 адам беле?
+1
Salman777
2015-09-02 17:46:18
тынардай таланттуу адам жок !!!! борончун оштук чуйлук деп болгондон башкага жарабайт
0
friendwipkg
2015-09-05 23:29:19
Salman777, айрыкча таластыктарды
0
eliza5566
2015-09-02 19:54:14
Бул байкуштар тарабайт эле ХХХ ХХХ ХХХ... Алардын "Атам бай, бир теке жана 120 кой" деген сатирасынын кесепети да. Бул ачуу чындыкты далилдеген сатира эле калктын айталбаган мудоосун айткан куудулдарды мынтип коркуткандан коро бийликтегилер оздорунун кемчилигин ондосо болмок. Суперинфо ушул куудулдардан интервью алгылачы сураныч.
+1
admin_portal
2015-09-03 12:05:38
eliza5566, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Бирок такталбаган маалымат жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат деген эрежени эсиңизден чыгарбасаңыз.
-1
eliza5566
2015-09-02 20:04:49
Бул куудулдарды сатира чыккандан кийин камап салышыптыр андан сон криминалдарга салып коркутушту деп элден уктук саясатчылар элди эмес оз камын гана ойлоп калган го илгертен элчи менен ырчыга олум жок дейт эле.
+1
GORDIY.KG
2015-09-03 10:11:38
тарап жакшы кылышты болбосо авторитетти кетип калат эле
-2
Mars55
2015-09-03 15:51:55
экоо тен кучтуу куудулдар,бийликтин шакмар иштерин экоо эле элге жеткире алат,Абдылда,Тынар,Боорончу
+1
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан