"ДОРДОЙДОН" "КАРА КЫРГЫЗДАР" КАЧЫП КЕТИШТИ

Жаңырган жыл ата мекендик спортто үрөйдү учурган кабар менен башталды. КМШнын кубогуна камынып жаткан кыргыз футболунун көч башы бишкектик “Дордой-Динамо” Москвага учар алдында 2 мыкты оюнчусунан ажырады. Буга “кара кыргыздар”, тактап айтканда, ганалык легионерлер – Даниэль Тэго менен Дэвид Теттенин күтүлбөгөн жерден команданы таштап кеткендиги себеп болду.

ЭС АЛУУДАН КАЙТЫШКАН ЭМЕС
Окуя төмөндөгүчө болгон. “Дордой-Динамо” 3-январга чейин жаңы жылдык эс алууга тараган. Бирок белгиленген күнкү машыгуу учурунда машыктыруучулар командага 2 оюнчу жетишпей жаткандыгын байкашат. Такташса, ганалык Дэвид Тетте жана Даниэль Тэго жок болуп чыгат. Аталган эки легионер Тажикстандын чемпиону "Вахштын" курамына кошулганы жаткандыгы, алар учурда Коргон-Төбөдө жүргөндүктөрү аныкталат. Бул маалымат КРнын ФФсына (Футбол федерациясы) аталган тажикстандык командадан расмий трансфердик талап кагазы келгенден кийин тастыкталган. Ага параллель түрдө “Дордой” да ФФга аталган 2 футболчу келишимди бузуп, команданы өз алдынча таштап кеткендиги тууралуу расмий кат жолдогон.

КОМАНДАНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЭМНЕ ДЕЙТ?
“Дордойдун” генералдык директору Борис Подкорытовдун айтымында, аталган эки “качкындын” команда менен 2012-жылга чейин келишими бар. Андыктан алардын минтип команданы таштап кетүүсү келишимди одоно бузуу болуп саналат. Буга футболчулардын укугу жок болчу. Ошондой эле Борис Петрович кырдаал боюнча ой бөлүшүп, төмөнкүлөргө токтолду: “Балдардын бул кылганы, жумшак айтканда, жакшы эмес иш болду. Алардын командага таарынычы болушу мүмкүн эмес. Мына быйылкы сезондун жыйынтыгында экөө тең жеке сыйлыктардан тышкары команда тарабынан акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Эмнеси болсо да, алар кайтып келгенде тиешелүү жазаларынын баарын алышат. Баары бир юридикалык жактан чындык биз тарапта”.
КРнын ФФсы да бул иш боюнча билдирүү жасады. Ал боюнча футболчулардын трансфердик сертификаттарын Тажикстанга жөнөтүү же жөнөтпөө чечими алардын келишимдерин кылдат текшерүүдөн өткөргөндөн кийин гана кабыл алынат.

Тетте & Тэго: “БИЗ ЭРКИН ОЮНЧУБУЗ”
Ал эми “каармандардын” өзүлөрү таптакыр башкача пикирде. Тажикстандык интернет булактарынын маалыматына караганда, учурда Тетте менен Тэго “Вахштын” курамында КМШнын кубогуна кызуу даярданып жатышат. Алсак, Тетте: “Бизге “Вахштын” жетекчилиги “Дордой” менен 2012-жылга чейин келишимибиз бар экендигин айтты. Бул жалган. Келишимдин мөөнөтү былтыр ноябрда аяктаган. Бизге Тажикстан жакты, биз “Вахштын” курамында ойноону чечтик”,- деп билдирген. Өз кезегинде Тэго: “Дэвиддин айткандары чын. Биздин “Дордой” менен келишимдерибиз былтыр ноябрда эле аяктаган. Учурда биз эркин оюнчубуз. Андыктан кайсы командада ойноону өзүбүз чечебиз. “Дордой” бизди “жашыруун түрдө тажикстандык тарап менен мурда эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн” деп жатат. Бирок ФИФАнын эрежесине ылайык, футболчулар келишими аякташына 6 ай калгандан тарта жаңы команда издөөгө укугу бар”,- деп кошумчалаган.

КАЧУУНУН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ? ЖЕ СЫРДУУ СЕНТЯБРЬ
Учурда экөөнүн тажик тарап менен сентябрда эле байланыша баштагандыгы тастыкталды. Аларды Тажикстанга башка африкалык легионерлер Чарльз Накути жана Габриэль Донтох кызыктырып, чакырышкан. Сентябрда “Дордой-Динамо” Тажикстанга АФК­нын президентинин кубогунун финалдык этабына катышуу үчүн барган эле. Кубок үчүн болгон финалдык оюнда “дордойчулар” “Регар-ТадАЗга” жеңилүүгө аргасыз болушкан. Убакыт өзү көрсөтүп тургандай, ошол сентябрда “дордойчулар” кубоктон гана эмес, мыкты легионерлеринен да ажыраган окшобойбу.
Бизге башка нерсе кызык болуп жатат. Эгерде тажик интернет булактары жазгандай эле ганалык легионерлердин “Дордойду” тоготпой таштап кеткендиктери чын болсо, анда буга эмне себеп болду? Кептин баары акчадабы? Өзүңүз ойлоп көрүңүз, окурман, 2009-жылдын жыйынтыгында КРнын ФФсы тарабынан Тетте “Жылдын мыкты чабуулчусу” аталса, Тэго “Жылдын мыкты футболчусу” наамына татыган (кыргыз футболунун тарыхында 1-жолу минтип чет элдик легионерге зор ишеним көрсөтүлгөн). Анан дагы Теттеге кыргыз паспорту алып берилген жана жакынкы келечекте аны улуттук курама командабыздын курамында майданга алып чыгуу деген жакшы пландар бар эле. Айтор, ганалык коноктордун бул аракети ичкен кудугуна түкүргөндүк болуп жаткан жокпу?

МОСКВА ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ ИШКЕ АШАБЫ?
Кандай болгон күндө да, азыр бул маселе боюнча бирдеме деп айтууга эртелик кылат. “Дордой” “футболчулар келишимди бузушту” десе, “күнөөкөрлөрдүн” өзүлөрү Тажикстандан туруп, “келишимибиздин мөөнөтү бүткөн” деп жатышат. Буюрса, 16-январда Москвада КМШнын кубогу старт алат. Ага Кыргызстандын намысын “Дордой” коргогондой эле (команда Москвага 8-январда учуп кетти) Тажикстандын намысын "Вахш" коргомокчу. Андыктан эки тарапта тең талашты тынчтык жолу менен чечип алууга мүмкүнчүлүк туулат...

АТАКТУУ “ДЕЗЕРТИРЛЕР”
Кыргыз спортунда мындай көрүнүш биринчи жолу болгон жок. Буга чейин деле түрдүү себептерден улам мекенибизди таштап, башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болушкан спортчулар болгон.

Жалал-Абаддан чыккан Олимпиада чемпиону. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Жалал-Абаддын тургуну Юрий Мельниченко келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу болуп чыга келген. Грек-рим күрөшүн өнөр кылган балбаныбыз жаштар арасында 1991-жылы СССРдин жана 1 жылдан кийин КМШнын чемпиондугун жеңип алган. Бирок тиешелүү колдоонун жоктугунан Казакстанга журт которуп кеткен. Натыйжада, 1994-жылы казак туусун жамынып Дүйнө чемпиону аталса, 2 жылдан кийин Атланта Олимпиадасын да багынткан. Ал грек-рим күрөшү боюнча Казакстандан чыккан туңгуч Олимпиада чемпиону болуп калды. Учурда Казакстанда Күрөш федерациясында сыйлуу кызматтардын бирин аркалап келет.

Кенжесариев кайтпай калдыбы? Ата мекендик спортчулардан коңшу Казакстанга кеткендеринин бири – Эмил Кенжесариев. Канттык "Абдыш-Атанын" бул оюнчусунун мекенинен сыртта жүргөнүнө 4 жыл болду. Бул арада ал Казакстандын чемпиондугун жана кубогун жеңип алууга жетишкен. Эми аны казактар улуттук курама командасында ойнотуу аракетин көрүп жатышат. Жакында "Эмил Кыргызстандын курама командасына кайтат" деген маалымат тараган эле. Бул боюнча футболчубуз өзү расмий түрдө билдирүү жасайм дегени менен, ушул
күнгө чейин жооп болгон жок. Угушубузча, ал Кыргызстанга жөн гана Жаңы жылды тоскону келген.

Санатбаевден үлгү алышса... Ал эми айтылуу балбаныбыз Раатбек Санатбаевдин мисалы өзгөчө орунда турат. Раатбек да Юрий Мельниченко жана Эмил Кенжесариев жүргөн багыт менен Казакстанга барса да, мекенин таштап кете алган эмес. Ал иш жүзүндө Казакстанда машыгып, эл аралык мелдештерге кыргыздын туусунун астында гана чыгып жүргөн.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Дэвид Тетте “Дордойдун” 1-африкалык легионери. Аны өзү менен кошо 2008-жылы команданын орусиялык машыктыруучусу Сергей Дворянков “КамАЗ” командасынан ала келген. КРнын жараны.
  • Ал эми Даниэль Тэго өз өлкөсүндө ханзаада болуп саналат. Ал футболчу болууну каалап, атасынын уруксаты менен спорт менен алектенип жүрөт. Анын айтымында, ак сөөк тукумунан экенине бетиндеги тырыктары далил.

КМШнын КУБОГУНДА “ДОРДОЙ” “РУБИН” МЕНЕН БЕТТЕШЕТ
КМШнын кубогунда чүчү кулактын негизинде мекендештерибиз “А” тобунан орун алды. Анда биздин командага латвиялык “Металлург”, беларустук “Днепр” жана орусиялык “Рубин” каршылык көрсөтөт.

ОЮНДАРДЫН ЖҮГҮРТМӨСҮ:
16-январь
“Днепр” (Беларусь) – “Дордой”
17-январь
“Дордой” – “Рубин” (Орусия)
19-январь
“Металлург” (Латвия) – “Дордой”
Оюндар Бишкек убактысы менен 22:00дө башталат.


Жылмайып коюңуз!

Тетте менен Тэгонун агенти тажикстандык “Вахштын” менеджери менен келишим түзүп жатат. Агент:
– Түшүнсөңүз, Дэвид менен Даниэль бекер ойнобойбуз деп жатышат.
– Кандай бекер? Азыр бекерге эч нерсе жок. Төлөшсүн!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Tendik
2010-01-18 10:21:12
Ичкен кудугуна тукургондук эмес, тагдыр ушундай. Демек кандайдыр бир жерде кыргыздардан кемчилик кеткен, жыйынтыгында оюнчулардан кол жуудук
0
ХАНЗАДА
2010-01-18 10:25:00
Опей, негрлер качып кетиптир го.
0
chingiz
2010-01-19 05:59:17
Dordoi emi tolugu menen tarap ketet go, i tak baarynan ele jenilip jatywkanda... A bul eki kara Kidalonu taap *****w kerek...
0
Шаиста Шатманова
2010-01-19 18:23:12
Тажиктер эки оюнчуну "Дордойго" кайтарып беришиптир. Мыйзам эрежелеринен ашып тушо алышкан жок да.
0
kgjigit
2010-01-23 11:25:44
мына сага бул мыйзам турундо туура эмес оз жазаларын алышсын мыйзам чегинде!!!!!!!!!
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан