Кыргызстандын Малайзия өлкөсүндөгү элчиси Кылычбек Султановдун чакыруусу менен ырчы Аскат Мусабеков менен куудул Назира Жетигенова ал жактагы мекендештерге Эгемендүүлүк күнүн утурлай майрамдык маанай тартуулап келишти. Маек төрүбүзгө конокко келген Назира Жетигенова ысык өлкөгө болгон сапарындагы кызыктар, жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
– Куш келипсиз, Назира айым. Малайзияда кандай эс алып келдиӊиз? Ал жактан алган таасирлериӊиз менен бөлүшүп кетсеӊиз...
– Рахмат, жакшы болот. Малайзия биз үлгү алчу өлкө экен. Ичимден биздин Кыргызстан да ушундай өнүксө экен деп кайттым. Ал жакка Аскат Мусабеков экөөбүз элчи Кылычбек мырзанын чакыруусу менен барганбыз. Чынында, мага Малайзияга баруу сунушу менен чалышканы абдан күтүүсүз болду. Албетте, кубандым.
Малай элинин жылмаюусу, сылыктыгы мени абдан таасирлентти. Бул нерсе самолёттон траптан түшүп жатканда эле байкалды.Алар маанайы бар-жогуна карабай күлүп эле жүрө беришет экен. Кыргызстанга келсеӊ баары кабактары бүркөлгөн, айтор, суз, орой адамдарды Алматыдан баштап кезиктире баштадык (күлүп). Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановго ыраазычылык билдире кетейин. Элчилик бизге эс алуу программасын түзүп коюптур, кээ бир жерлерин барып көргөнгө убакыт тар болуп калды.
– Малайзияда кандай кызыктарга туш болдуӊуз?
– Мага баарынан маймылдар кызык болду. Бир үӊкүргө барсак маймылдар адамдар менен эле аралашып жүрүшөт. Алардын колуӊда эмне болсо ошону жулуп алмай адаты бар экен. Үӊкүрдөн түшүп келе жатып чоӊ эркек маймылды көрүп калдым. Аскатка «кел, мени мобу маймыл менен сүрөткө тартып койчу» десем, тиги маймыл мени бир чапты дейсиӊ, кантип тепкичтен учуп түшкөнүмдү билбей калдым. Малайзиянын табияты табышмактуу экен, бүт жерде кондиционер иштейт. «Бүгүн күн жаайт окшойт, жылуу кийимдерди алып алалы» деп эшикке чыксаӊ эле күн ысык, үп, айтор, качан жамгыр жаайт деп күтө бердим. Ашканасындагы тамактардын көпчүлүгү деӊиз азыктарынан жасалгандыктан бир аз көнө албай кыйналдым.
– Малай жигиттери жактыбы?
– Билбейм, мага башка улуттун эркектери такыр эле келишимдүү көрүнбөйт. Бул кыргыз жигиттерине кошоматтануу эмес. Малай жигиттери капкара, бойлору кичинекей экен. Миӊ ирет сылык мамиле жасашса да менин табитиме төп келген жок. Биздин кыргыз кыздар малай кыздарынан үлгү алса болчудай, анткени алар башка улуттагы мырзаларды такыр карашпайт экен. Анан да бойдок кыздарга ышкырып тийишип, «таанышып албайлыбы?» деген жат көрүнүштү алар маданиятсыздыктын белгиси деп билишет.
– Кеп нугун чыгармачылыгыӊызга бурсак. Көптөн бери сахнадан, сыналгыдан көрүнбөй кетип, эми гана көрүп калдык, каякта жүрдүӊүз?
– Бул суроону мага көп беришти окшойт. Көрүнбөй кеткенимдин жүйөлүү себептери бар. Ушул жылдын январь айында кырсыкка кабылгам, лыжа тебем деп бутумду сындырып алып, 4 ай төшөктө жаттым. Ден соолуктун баркын билбей жүрчү экенмин, башыӊа түшкөндө билет турбайсыӊбы. Басып жүрүп эле төшөктө жатып калсаӊ, жаман болот экенсиӊ, ыйлаган күндөрүм болду. Ыраматылык Гүлзат Батырканованы эстеп, «өлүп калсам ыйлай да алмак эмесмин» деп өзүмдү жубатып коём. Азыр жакшы болуп, басмак түгүл Малайзияга чейин барып келдим (күлүп).
– Сырткы келбетиӊизден өзгөрүү байкадык, аябай назик көрүнүп калыптырсыз...
– Ооруп жатканда көп ойлондумбу же убакыт-сааты келдиби, айтор, өзүмдөн өзүм эле ушундай болуп калдым. Менин өткөөл курагым бүтпөйт деп ойлочумун. Биринчи эмес, азыр үчүнчү неберемди күтүп жатам, таене болуп турсам кантип токтолбойм? Өткөндө бир агам «Назира, сенин бутуӊ сынбай эле, тилиӊ сынганбы?» деп күлөт. Билбейм, жадакалса көп сүйлөгүм да келбей калды.
– "Үчүнчү неберемди күтүп жатам" деп калдыӊыз, таене болуу кандай экен?
– Ар бир күнүмдү шаӊга, мени бакытка бөлөп жаткан – бул менин неберелерим. Кечинде жумуштан келип, чечинип жатсам операциядан калган тырыгымды эки неберем алмак-салмак өөп, «ох-ох» деп аяган түр көрсөтүп мени элжиретишет. Кызым, күйөө балам, неберелерим менин үйүмдө турушат. Андан тышкары колумда өзүмдүн апам жана кичүү кызым бар. Күйөө балам үйдө жалгыз эркек, кудагыйым айылда жашайт. Улуту башка болгондуктан кыргыздын жигиттериндей «күч күйөө болуп калдым» деп намыстанбайт. Кесиби ашпозчу, үйдө тамак жасап, айтор, айымдардын жумушун деле кыла берет. Мен аны «винегретсиӊ» деп тамашалап коём, себеби канында латыш, уйгур, өзбек, осетин, цыган, татарлардын каны бар.
– Кызыӊыздын башка улуттагы жигитке турмушка чыкканына каршы болгон жоксузбу?
– «Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт» деген макал бар эмеспи, анын сыӊары мен да бир гезитке «кыздарымды башка улуттагы жигитке күйөөгө бербейм, каршы чыгам» деп айтып сөзүмдөн жаӊылып алыптырмын. Чет өлкөгө фестивалга кеткенде кызым жигитин апам менен тааныштырып, күйөө балам баарына жагып, айтор, мени эле көндүрө албай жүрүшкөн экен. Мен келгенде таежем менен апам отургузуп алып аябай башымды айландырышты, аягында макул болдум. Мен үчүн кызымдын бактысы маанилүү да. Кичүү кызым турмушка чыга элек. Учурда студент, жакшы ырдайт, ырчы болсомбу деген тилеги бар.
– Өзүӊүздүн жеке жашооӊузда абал кандай?
– «Эки кызымды күйөөгө берип, анан турмушка чыгам» деген элем, эми кичүү кызымды күйөөгө берип, анан чыгам. Мындан 2-3 жыл мурун бир жигит колумду сураган. 5 маал намаз окуган, менден кичүү жигит эле. 2 жылдай мамиле куруп жакшы эле сынап көрдүм, бирок мүнөзүбүз төп келишпей калды. Апам да жактырбай койду. Ата-эненин ыраазычылыгын албай үй-бүлө куруу кандай кыйын экенин билем. Биринчи жолдошума апамдын каршылыгына карабай турмушка чыгып алып, андан жолум болбой калганын билсеӊиздер керек? Мунусунда да корктум. Өткөндө Абдразак деген жездем «жуучу болуп келдим» дейт, мен «жезде, азыр шарт жок, кызым окуусун бүтсүн, баш-аягыбызды жыйып алалы» десем, «кызыӊа эмес, сага келдик» деп өчүрбөдүбү. Ал келген мырза менден 15-16 жаш улуу экен. Апам дароо эле «жакшы болот» дегенинен, «апа, коюӊузчу, менден кутула албай эле жүрөт окшойсуз» дедим.
– Сизди белгилүү кылган кайсы тамаша болду?
– Мен сахнага 1995-жылы эле чыккам, бирок Алина апчемди ээрчип гастролдоп жүрүп гезит-журнал, сыналгыга көп чыкчу эмесмин. Мени белгилүү кылган Рахман Разыков уюштурган «Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы» деген сынак болду. Анан «Айылдык кыз» деген тамашам да популярдуу кылды. Кичинемде маскарапоз болгум келчү. Кайсы кесипти аркалашым мага маанилүү эмес эле, "эптеп эл көзүндөгү адам болом" дечүмүн. Максатыма жеттим.
– Үй түйшүктөрүнүн баары сиздин моюнуӊузда экен, кээде мындай жоопкерчиликтен тажаган күндөр болобу?
– Күз мезгили той-топурга бай эмеспи. Машинам менен Ошко, Ысык-Көлгө, Талас, Нарынга барып тентип эле жүрөм. Үйгө келсем кыздарым костюмдарымды жуубай койсо тилдейм. Анан отун-көмүр жок, бул жакка, тигил жакка тартасыӊ, катыш деген бар. Апамдын катышынын баары менин моюнумда. Бир жолу машинам бузулуп, унаа оӊдоочу жайга алып бардым. Бузулган тетиги кымбат экен, аны араӊ таптырсам, акчам жок болуп калды. Же ыйлаарымды, же уктаарымды билбей отурсам апам «Казакстандагы таежеӊ каза болуп калыптыр» деп чалат, «ий, өлбөй турса өлүп кетеби, акча жокто» деп жинденген болчумун. Бирок жумуштан чарчаган жакшы нерсе. 4 ай төшөктө жатып жумуштун кадырын билгендей эле болдум. Мурун чарчаганда «качан үйдө 1-2 жума жатып эс алган күнүм болот» дейт элем. Ошондо периштелер оомийин деп коюптур да, кырсыктап үйдө да жатып көрдүм.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат, Назира айым!
Лунара Бекиева
star@super.kg