ОЛИМПИАДА СҮРТҮМДӨРҮ

Олимпиада оюндары 100 жылдан ашык тарыхында канчалаган спортчуларды дүйнөгө таанытып, нечендеген кызыктуу окуяларды тартуулап келет. Алардын арасынан кээ бир кызыктуу, эсте калчу сүртүмдөрүнө чогуу көз жүгүртөлү.

КҮЛҮГҮ...
«Дүйнө жүзүндөгү эӊ күлүк адам» атка конгон ямайкалык Усэйн Болт 4 жылда бир өтчү оюндарынын негизги каармандарынын бири. Ал кыска аралыкка чуркоодо (100 жана 200 метр) 6 жолку Олимпиада чемпиону жана рекорд ээси. Жүзүнөн күлкү кетпеген Болт 22 жашында Пекин-2008де 100 метр, 200 метр жана эстафетада жаӊы рекорд жаратып жеӊишке жетишкен. 4 жылдан соӊ Лондон шаарында мындай жыйынтыкты кайталай алган. Ал багындырган рекорд – 100 метр аралыкка чуркаган убактысы – 9,58 секунда, муну азырынча эч ким кайталай элек.

ШАГЫРАГАН АЛТЫН МЕДАЛДАР...
1980-жыл. Москва. СССРдин тарыхында алгачкы жолу өз аймагында өткөзгөн Жайкы Олимпиада. Анда кыргызстандык спортчулар СССРдин курамында 8 медаль (тапанчадан ок атуу боюнча Александр Мелентьев – алтын, оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиев – алтын, ат оюндарынан Александр Блинов – алтын жана күмүш, алыстыкка секирүү боюнча Татьяна Колпакова – алтын, эстафетадан Николай Чернецкий – алтын, марафончу Сатымкул Жуманазаров – коло, фехтованиеден Александр Абушахметов – коло) багынтышкан. Тилекке каршы, эгемендикке ээ болгондон бери кыргыз жарандары Олимпиада оюндарында алтын медалга жете элек.

БАЛЫГЫ...
Олимпиада оюндарынын тарыхында ким эӊ көп медаль тагынганы кызыктырса, анда америкалык суучул Майкл Фелпс менен таанышып алыӊыз. Ал 4 жолу Олимпиада оюндарына катышып, жалпысынан 22 медаль (18 алтын, 2 күмүш, 2 коло) уткан. «Балтимордук ок» атка конгон суучул 19 жашында Афины-2004 оюндарында 6 алтын, 2 коло утса, 4 жылдан кийин Пекинде бардык катышкан жарышын жеӊген. Ал эми Лондон-2012де 4 алтын жана 2 күмүш утуп, Олимпиада оюндарынын тарыхында эӊ көп медаль алган. Абсолюттук рекордчу Майкл Фелпс Лондон оюндарынан соӊ спорттук карьерасын жыйыштырган.

АДАМГЕРЧИЛИГИ...
1988-жыл. Сеул. Түштүк Кореяда орун алган оюндардын парус спортунда Лоуренс Лемье аттуу спортчу чыныгы эрдик жасаган. 450 чакырымга жарышууга чыккан бул канадалык спортчу финишке аз калганда, 2-орунда келе жатканында алдыда бара жаткан сингапурдук яхтачылардын сууга аӊтарылып кеткенин көрөт. Лоуренс фиништик марага бет алгандын ордуна аларга жардамга келип, куткарууга жетишет. Жыйынтыгында эӊ акыркы болуп мараны сызып өтөт. Адамгерчилик алтын медалдан да артык экенин көрсөткөн спортчуга атайын сыйлык тапшырылган.

СЕКИРИГИ...
1968-жыл. Мехико. Америкалык Роберт Бимон аттуу атлет алыстыкка секирүүгө катышып, тарыхта калчу жыйынтык көргөзгөн. Ал укмуштуудай секириги менен 8,90 метр аралыкка чейин «учуп» кеткен. Бул аракети үчүн Бимон алтын медаль тагынса, анын секириги «ХХI кылымдын секириги» атка конгон. Бул көрсөткүчтү 23 жылдан соӊ 1991-жылы Дүйнөлүк чемпиондукта Майк Пауэлл 5 сантиметрге ашып рекордду жаӊылай алган. Ал эми Бимондун рекордун Олимпиада оюндарында ушул күнгө чейин бир да спортчу кайталай элек.

КАЛЫСТАРДЫН ЖҮРӨГҮ «ШУУ» ДЕП...
Афины-2004. Гимнастчылар мелдеши. Орусиялык гимнастчы Александр Немовдун аталган спорттун «падышасы» болуп турган учуру эле. Ал кайсы мелдешке катышпасын биринчи орунду алып келген. Немов бул оюндарда өзүнүн кезектеги көрсөтүүсүн мыкты аткарат. Бирок калыстар ачык эле анын баасын түшүрүп, алдыӊкы үчилтикке киргизбей коюшат. Көрүүчүлөр залды 15 мүнөт бою кыйкырык-сүрөөнгө алып, нааразычылык билдиришкен. Жыйынтыгында мелдеш убактылуу токтоп, калыстар эмне кыларын билбей калышат. Алар гимнастиканын тарыхында биринчи жолу коюлган бааны кайра өзгөртүшкөн, бирок ал балл спортчуга медаль тагынууга жеткирген эмес. Ал эми күйөрмандарга Немов өзү чыгып, аларды тынчтандырган. Бул окуядан кийин кээ бир калыстар жумушунан четтетилип, спортчудан расмий түрдө кечирим суралган.

ӨЖӨРҮ...
1992-жыл. Барселона. Испания шаарында болуп өткөн Олимпиада оюндарына катышууга чейин британдык күлүк Дерек Редмондго алган жаракаттарынан улам 8 операция жасалган. Антсе да Дерек күлүктөрдүн мыктыларынын катарында болуп, 400 метрлик чуркоонун негизги фаворити эле. Чуркоо башталып, алдыга озуп чыккан Дерек 250 метрден соӊ жер кулачтап жыгылат. Ал бутун чоюп алган эле. Өжөрлүгүн мындан бил, буту ооруганына карабай финишке чейин сүйрөлүп болсо да бармакчы болот. Аны жарым жолдон атасы коштоп барат. Дерек Редмонд финишке акыркы болуп келет, бирок стадиондогу 65 миӊден ашуун көрүүчү бул «баатырга» тура калып кол чабышкан.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
i-bilim
2015-09-01 13:09:45
Адамгерчиликтүү Лоуренстей адамгерчиликтүү эле бойдон калалы. А тиги өжөр күлүккө мен да тура калып кол чаптым.)
0
vrach
2015-09-03 00:10:17
450 чакырым эмес 450 метр жарышыт
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан