САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ – БИЗДИН ГАЛАКТИКА

Жайдын түнүндө асманда жылдыздар бадырайып даана көрүнөт. Алардын ичинде көзгө айрыкча урунары, ааламдын бир кыйырынан экинчи кыйырына созулуп жаткан жылдыздар экени талашсыз. Ал жылдыздар жана биз жашаган Жер планетасы да Саманчынын жолу галактикасына таандык.

САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ – СПИРАЛЬ ТҮРҮНДӨГҮ ГАЛАКТИКА
Күн системасына 9 планета, анын ичинде Жер да кирери баарына маалым. Ал эми Күн системасы биздин галактика болуп эсептелген Саманчынын жолуна кирет. Саманчынын жолу башка элдерде Сүттүү жол, Асман дарыясы деп да аталат. Бул сөз байыркы гректердин “galaxias” – сүт­түү айлампа деген сөзүнөн келип чыккан.
Саманчынын жолу спираль түрүндөгү галактикалардын бири. Жашы болжолдорго караганда, 12800-13600 миллион жылдардын тегерегинде. Галактика жылдыздардан жана жылдыздар аралык заттар: чаң жана газдардан турат. Чаң жана газдар жылдыздардын арасындагы боштукту толуктайт. Галактиканын бир башынан экинчи башына жарык жылынын эсеби менен 100 000 жылда жетүүгө болот (жарыктын ылдамдыгы 299 792 458 м/с түзөт).
Башкача айтканда, галактиканын бир башынан чыккан жарык экинчи башына 100 000 жылда жетет.

КАНЧА ЖЫЛДЫЗ БАР?
Галактика орточо эсеп менен 200 миллиард жылдызды өз кучагына камтыйт. Тактап айтканда, галактика ири жылдыздар системасы болуп саналат. Күн болсо жылдыздардын бири. Көпчүлүк жылдыздардын чоңдугу Күндүн чоңдугундай. Тагыраак айтканда, диаметри 1 390 000 чакырым. Кээ бир жылдыздар Күндөн 100 эсе чоң болсо, кээ бирлери 300 эсе чоңдук кылат. Жылдыздар жаралат жана өлүшөт. Жылдыз канчалык чоң болсо, ошончолук өмүрү кыска. Себеби күчтүү жарылууга туш болушат.
Күн орточо өлчөмдөгү жылдыз. Аны 9 планета айланып жүрөт.
Жылдыздар бири-биринен ар кандай алыстыкта жайгашкан жана бетиндеги температурага жараша өңдөрү ар башка. Ак-көгүш өңдөгү жылдыздар эң ысык жылдыздар болуп эсептелет. Ал эми кызыл жылдыздар муздак жылдыздардын катарына кирет.
Жылдыздар ара­сында ар түрдүү­чө топтошуп жайгашкандары кездешет. Мисалы, жылдыздар сейрек жайгашкан топтомдо 50дөн 2000 жылдызга чейин болот. Булар адатта жаш жана чоң жылдыздар. Ал эми шар сымал топтошкондордун курамында бир нече миллион жылдыз болот. Алардын көбүн картаң жылдыздар түзөт.
Күн галактиканы 220 миллион жылда бир айланып чыгат. Күн өзү пайда болгондон бери галактиканы орточо эсеп менен 30 жолу айланып чыкты деген маалымат бар.

ЯДРОСУ БАРБЫ?
Башка галактикалардын борборлору жаркырап турса, биздин Саманчынын жолунун борбору тескерисинче жаркырабайт. Изилдөөлөргө караганда, борбордук бөлүктө кара көңдөй жайгашкан. Ал абдан бекем тыгыздыкка жана мыкты тартылуу күчүнө ээ. Андыктан андан жарык да суурулуп чыга албайт. Башкача айтканда, Жердин тыгыздыгын кара көңдөйдүн тыгыздыгына окшоштуруу үчүн Жерди ширеңкенин көлөмүнө чейин кысуу керектелет. Изилдөөлөргө караганда, борбордогу чоң кара көңдөйдүн тегерегинде майда кара көңдөйлөр жана жаштары 2 миллиард жылды түзгөн картаң жылдыздар айланып жүрүшөт. Асман материялары кара көңдөйгө сорулганда майда бөлүктөргө бөлүнүп, күчтүү нурданууну чыгарышат.
Кара көңдөй боюнча божомолдор абдан көп. Анткени ал изилденип бүтө элек.

ЖЕҢГЕ ОКШОШ БӨЛҮКТӨРҮ
Болжолдуу түрдө галактиканын көйнөктүн жеңине окшогон спиралдуу 4 бөлүгү бар. Ал бөлүктөр сандаган жаңы жылдыздардан, чаңдар менен газдардан турат. Чаңдар жана газдар болсо жаңы жылдыздардын пайда болушун шарттайт. Демек, галактиканын жеңге окшош бөлүктөрү жаш жылдыздардын мекени десек жарашчудай.

ГАЛАКТИКАНЫН ТААЖЫСЫ
Саманчынын жолу капталынан жалпак диск (же учуучу тарелка) катары көрүнөт. Бирок анын таажысы (илимде "гало") өз кучагына шар сымал топтошкон жылдыздар топтомун, жеке жылдыздарды, ысык газды камтыйт.

САМАНЧЫНЫН ЖОЛУНАН БАШКА КАНЧА ГАЛАКТИКА БАР?
Ааламдагы 25 галактика Жерги­лик­түү системага кирет. Алардын бири биздин Саманчынын жолу. 25 галактика өз ара тартылуу күчү менен тартылышып турат. Жергиликтүү системага кирбеген галактикалардын саны изилдөөлөр жүргүзүлгөн сайын өсүүдө. Болжолго караганда, алардын саны учурда 200 миллиондон ашат.

ГАЛАКТИКА ЖОК БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?
Астрономдордун болжолуна таянсак, Саманчынын жолу 5 миллиард жылдан кийин өлүмгө учурайт. Анткени биздин галактика убакыт өткөн сайын Андромеда тумандуулугу деп аталган галактикага жакындап баратат. Акырында Саманчынын жолун аталган галактика жутуп алат.


Дүйнөдө эмне кеп?

Бириккен Араб Эмираты

160 КАБАТТУУ ИМАРАТ ИШКЕ КИРДИ
Дубайда 4-январда 160 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген дуйнөдөгү эң бийик имарат «Бурж Дубайдын» ачылыш аземи өттү. Ири имараттын курулушу дээрлик 5 жылга созулуп, ага 1,5 миллиард доллар сарпталды. Ачылышына 6 миң адам катышып, майрам фейерверктер менен коштолду. Ачылыш аземинин түз берилишин дүйнөнүн 2 миллиарддан ашык адамы көрдү. Имараттын негизги бөлүгү офистерге берилет. Антсе да анда ресторандар, бассейндер, мейманкана бөлмөлөрү да жайгашкан. Мейманкананын дизайнын айтылуу Жорджио Армани иштеп чыккан. Имарат кызмат көрсөтүүчү адамдарды кошкондо 12 миң адамды батыра алат.

Англия

ВИНДЗОР ШААРЫНЫН КӨЧӨЛӨРҮНӨ КЫК ТӨГҮШТҮ
Виндзор шаарынын жетекчилери кар жана муз каптаган көчөлөргө кык төктүрүштү. Мындай чечим кабыл алууга тайгалакта жолго төгүлчү кум менен туздун тартыштыгы түрткү болду. Эми тайгалактан корккон элге кыктын жытына чыдоого туура келүүдө.

Китай

МАШИНА ҮЧҮН 700 КИЛОГРАММ ТЫЙЫН ТӨЛӨДҮ
Кытайдын Хэ­нань шаарында атайын жайдан бир машинаны сатып алуу убактысы 4 саатка созулду. Анткени 22 миң доллар турган машина үчүн сатып алган адам жалаң тыйын төлөгөн. Ал тыйындарды саноо туура 4 саатка созулган жана саноого автосалондо иштеген 100 адам катышкан. Тыйындардын жалпы салмагы 700 килограммды түзгөн. Сатып алуучу тыйындарды 20 желим баштыкка салып, жеткирүү үчүн машина жалдаган.

Орусия

МЕДВЕДЕВ МЕНЕН ПУТИН ТУУРАЛУУ
МУЛЬТФИЛЬМ ТАРТЫЛДЫ

Орусияда өз­гө­чө мульт­фильм тартылды. Анда Медведев менен Путин ырдайт жана бийлейт. Муну көргөн чет элдик басма сөз кызматкерлери "Орусиянын өкмөт жана өлкө башчысын мазактоого болот тура" деп таң калышууда. Акыркы жылдары Путин менен тамашалашууга эч ким батынбаган. 10 жыл мурун «Куурчак» сатиралык программасында Путиндин кейпиндеги куурчакты алып чыгып мазакташкан эле. Бирок алар атайын буйруктун негизинде куурчакты дароо жоготууга аргасыз болушкан.

Түркия

АДАМ КЕБЕТЕЛЕНГЕН КОЗУ ТУУЛДУ
Мындай сейрек кездешүүчү окуя Түркиянын Тире Измир районунда катталды. Бет түзүлүшү адамдыкына окшош өлүү туулган козуну туулар замат текшерүүгө алып кетишкен. Муну изилдеген окумуштуулар ар кандай ойлорду айтышууда. Болжолдорго таянсак, козу энесинин курсагында экенинде витаминдер менен аз камсыз болуп калган. Жаныбарларга тиешелүү табышмактуу окуя жакында Орусиянын Алтай крайынын Смоленск районунда катталган. Анда адам жүздүү эмес, эки баштуу козу туулган.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Robingud
2010-01-20 14:06:05
Toluktoo kirgizem---Burj Dubaydin kuruluwu u4un 4 mlrd dollar sarptalgan.Imarattan tywkary aylanasyndagy baardyk es aluu4u jaylar kowulup 20 mlrd dollar sarptalgan.Bawka4a aytkanda KIRGIZSTANIBIDIN 2 jyldyk uluttuk kirewesinin 2 esesi.OTO ELE UYAT.BIYLIK JEY BERBEY IWTE!!!
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан