ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ЭС АЛУУ, ЧЕР ЖАЗУУ ЖААТЫНДА
Лаунж-бар
– жакын адамдар менен эс алуучу жай. Бир убакта Бишкекте лаунж-барлар жамгырдан кийинки козу карындай көбөйүп кеткен болчу. Азыр саналуулары гана калды. Англис тилинин lounge – «конок бөлмөсү» деген сөзүнөн келип чыккан. Лаунж-барларда жанга жагымдуу жай музыка жаӊырып, күӊүрт жарык берилип турат. Эс алууга келгендер атайын журнал столдорунун (журнальный столик) жанына коюлган ыӊгайлуу дивандарда отуруп маек куруп, чер жаза алышат. Кыскасы, үйдөгү конок бөлмөсүнүн атмосферасы жаралышы керек. Адатта лаунж-барлар отелдердин, бизнес-борборлордун имаратында жайгашканы байкалат. Эс алуучу барлар АКШда пайда болгонун эске алсак, демек, лаунж-барларды да Америкадан келген көрүнүш дегенге болот.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА
Спойлер
– англис тилиндеги «spoil» – «бузуу» деген сөзүнөн келип чыккан түшүнүк. Спойлер сөзүн бир канча вариантта түшүнсө болот. Биз чыгармачылыкта спойлер эмнени түшүндүрөт, ошону карап көрөлү. Чыгармаларда, кинотасмаларда окуянын негизги өзөгү, кызыктуу учуру болот. Мына ошол кызыктуу учурду же сюжетти коомчулукка жаӊы тартылган тасма же жаӊы чыккан чыгарма жарыялана электе алдын ала билдирген маалымат – бул спойлер. Кыскасы, көркөм чыгармага же киного болгон кызыгууну таркатып коюучу маалымат.

ЖАӉЫ ТЕХНОЛОГИЯДА
Гаджет – бул заманбап сөз менен адамдын жашоосун аз да болсо жеӊилдеткен, кыйла жакшырткан жаӊы технологияны айтабыз. Англис тилинин gadget деген сөзүнөн алынган, бизче «нерсе, каражат» дегенди түшүндүрөт. Учурда гаджеттер ар кандай тармактарда бар. Ошол эле медицинада, спортто, күнүмдүк жашоодо жашообузду жеӊилдеткен жаӊы техникалар күн санап көбөйүп жатканын баарыбыз эле көрүп жатсак керек. Мына ошолордун баарын ушул сөз менен атай алабыз. Сөзүбүз толук болуш үчүн ошол эле кеӊири функциялары бар смартфондор, ашканадагы мультиваркалар, заманбап оюн каражаттары (приставкалар), музыка угуучу плеерлердин бардыгы гаджет экенин айта кетели.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан