КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ БАНК ТУТУМУНУН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ТАЛДОО

Өлкөбүздүн банк тутуму акыркы жылдары улам барган сайын көп түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен бирге жаӊыланып, өнүгүп жатканы байкалууда. Анткен менен банк кызматынан көп пайдаланбагандар үчүн бул тармакта болуп жаткан иштер түшүнүксүз же тааныш эмес болушу мүмкүн. Бул жолу банк тутумунун ишмердүүлүгү, анын өсүшүнүн анализдери тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктарга тышкы көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Намазбеков Куштарбек Орозобаевич менен маектештик.

– Куштарбек Орозобаевич, алгач сөзүбүздү жалпы банк сектору тууралуу баштасак. Азыркы учурда бул тармакта кандай өзгөрүү же жаӊылыктар бар?
-Кыргызстандын банк секторунун акыркы көрсөткүчтөрү жана тенденцияларына таянсак, «2014-2017-жылдарга карата банк секторунун өнүгүшүнүн негизги багыттарында» көрсөтүлгөндөй келечектин тапшырмалары жана божомолдору ички рыноктун факторунун жана мамлекеттик жөнгө салуунун негизинде аныкталган.
Республиканын банк тутуму тыштан келүүчү капиталдын агымы үчүн дайыма ачык. 2015-жылдын алгачкы 6 айынын жыйынтыгы менен банк тутумунун уставдык капиталынын чет элдик катышуучуларынын үлүшү 41 пайызды түздү. Салыштыруу үчүн айтсак болот, ушул эле көрсөткүч жылдын башында 33,9 пайыз болчу.
Кыргыз Республикасынын банк тутуму улам барган сайын жаӊы тепкичтерге көтөрүлүүдө. Буга мисал катары жыл башынан бери активдердин өсүшү 12,9 пайыз жана насыялар 12,5 пайыз, депозиттик база 5,1 пайызга өскөндүгүн айтсак болот. Алгачкы эки көрсөткүч банк секторундагы активдердин көбөйгөндүгүнөн кабарласа, акыркысы депозиттер базасынын өсүшү бул калктын банк секторуна карата ишеними артып жаткандыгынан маалымат берет. Ошол эле учурда банк тутумунун реалдуу секторундагы насыя берүүнүн дагы да өсүүгө потенциалы бар. Ал банктардын капитализациясынын уланышы сыяктуу, ошондой эле депозиттер базасынын өсүүсүнүн эсебинен куралат. Ошондуктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыгын дагы да өнүктүрүү жана колдоо мезгилдин талабы болуп кала берет. Анын негизинде финансылык ресурстарды экономиканын приоритеттүү тармактарына багыттап, калкка ыӊгайлуу пайыздык чен менен насыя берүү маанилүү болуп турат.
– Кыргызстандын банк тутуму масштабы боюнча улуттук экономиканын талаптарына жооп бере алабы?
-Кыргызстандын заманбап банк системасынын масштабын ИДПга карата банк секторунун активдеринин өлчөмү менен ченесе болот. Ал 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында 36,4 пайызды түзгөн. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө мындай көрсөткүч бир кыйла жогору турат. Бул көрсөткүч өлкөнүн банк тутумунун кийинки өсүшүнө дагы да потенциалы сакталып жаткандыгын далилдейт. Банк секторунун 2014-2017-жылдар аралыгындагы негизги өнүгүү багыттарына ылайык, 2018-жылы банктардын жалпы активдеринин деӊгээли ИДП 37,0 пайыздан ашуусу тийиш.
– Кыргызстандын банк тутумунун абалын кандай баалайт элеӊиз?
-Бүгүнкү күндө банк секторунун абалын жалпысынан туруктуу деп айтсак болот. Коммерциялык банктардын суммардык капитал шайкештигинин коэффициенти 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында талап кылынган 12 пайыздын ордуна – 20,9 пайызды түздү. Бул деген Кыргызстандын банк сектору таза тобокел активдеринин өлчөмүн 2 эсе көбөйтсө дагы туруктуу бойдон калат дегенди түшүндүрөт.
Ликвиддүүлүктүн көрсөткүчтөрү 2014-жылдагы жана 2015-жылдын 1-жарым жылдыгындагы кредиттөөнүн активдүү өсүшүнө карабай, аныкталган нормативдик деӊгээлден жогору жана азыркы тапта банк тутумундагы акыркы ликвиддүүлүктүн коэффициенти нормадагы 30 пайыздын ордуна 64,7 пайызды түздү. Көпчүлүк банктарда өздөрү үчүн «ыӊгайлуу» болгон ликвиддүү каражаттын запасы бар. Бул деген коммерциялык банктар керек убакта аманатчылардын алдында өздөрүнүн милдеттүү төлөмдөрүн төлөп бере алат дегенди билдирет.
– Республикалык банк сектору өзүнө эмнелерди камтыйт?
-Учурда өлкөнүн банк секторунда 23 коммерциялык банк жана алардын 314 филиалы иштеп келет. Ишмердүүлүгү боюнча коммерциялык банктар универсалдуу болуп саналат.
Коммерциялык банктардын филиалдарынын өнүккөндүгүнө карабай учурда өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган калкка банк кызматынын кеӊири түрү жеткиликтүү эмес. Анткен менен акыркы кездерде коммерциялык банктар сактык кассаларын филиалдарга айландыруу жолу менен кеӊейе башташты. Коммерциялык банктардын филиалдык түйүндөрүнүн көбөйүшү учурдагы атаандаштыкты эске алуу менен кардарларга багытталган. Ушуга байланыштуу жакын арада алыскы райондордо коммерциялык банктардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ачылып, жарандар өздөрү каалаган банктын кызмат көрсөтүүсүн тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишеним бар.
– Кыргыз Республикасындагы банк тутумунда банктык кызмат көргөзүүлөрдүн кандай түрлөрү бар?
-Өлкөдөгү коммерциялык банктар сунуштаган банктык кызмат көрсөтүүнүн рыногунун талдоосунун жыйынтыгына таянсак, ал көп тармактар боюнча түрдүү кызматтарды көрсөтөт. Өз-өзүнчө бөлө турган болсок, анда депозиттик, кредиттик, эсеп-кассалык операциялар, анын ичинде ар түрдүү инструменттерди колдонгон эсептик операциялар, акча алмаштыруу кызматы, баалуу металл жана баалуу таштар, баалуу кагаздар, кеӊеш-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жана башкалар бар. Мындан сырткары коммерциялык банктар жаӊы банктык технологияны киргизүү боюнча иштерди аткарып жатышат. Анын ичинде банкомат жана РОS-терминалдар аркылуу жаӊы төлөм кызматын жайылтуу каралган. Жаӊы банк продуктуларын жайылтуу (ислам принциптери менен каржылоо, интернет-банкинг), кардарларга жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүнү сунуштоо жана кардардын улам жаӊы каалоо-тилектерин, талаптарын орундатуу – коммерциялык банктардын ийгилигинин фактору болуп эсептелет.
– Банк тутумунун катышуучулары кимдер жана алардын бул тармактагы ролу кандай?
-Азыркы орун алган банктык түзүмдө Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жана коммерциялык банктары: банк секторунун туруктуу структуралык катышуучулары болуп эсептелет. Тагыраак айтсак, коммерциялык банктар ири корпоративдик компаниялардын, чакан жана ири бизнестик ишканалардын, жеке менчик ишканалардын жана жеке жактардын өнүгүшү үчүн каржылоону сунушташат. Ал эми Улуттук Банктын негизги ишмердүүлүгү коопсуздукту, банк ишмердүүлүгүнүн ишенимдүү жана эффективдүүлүгүн, банк тутумунун туруктуулугун жогорулатуу жана бекемдөөнү көздөп, аманатчылар менен коммерциялык банктардын кредиторлорунун кызыкчылыгын коргоо, банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жолу аркылуу ишке ашырат.
– Маегиӊизге рахмат!

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан