КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖИГИТ АЙФОНДУ КҮЧТӨНДҮРДҮ

Учурда Орусиянын Иркутск шаарында жашап жаткан кыргызстандык Тимурлан Аттокуров кадимки Айфон смартфонунун жакшыртылган көчүрмө вариантын иштеп чыкты. Мекендешибиздин жаратмандык эмгегин «Айфон 7» деп да атаса болчудай. Батарейкасынын кубаты 6 күнгө жеткен смартфонду иштеп чыккан Тимурлан менен маектештик.

Толук аты-жөнү – Аттокуров Тимурлан Таирбекович
Жашы – Cыр тутат
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кулбай уулу айылы
Билими – Тукубай Тайгараев атындагы орто мектебин бүтүргөн

– Тимурлан, гаджетти башкалардан өзгөчө ой жүгүртүү менен жакшыртып жасап чыкканыӊ үчүн кубанып турабыз. Айтсаӊ, бул идея эмнеден улам келип чыкты эле?
– Рахмат, адатта Айфондордун (iPhone) батарейкасынын кубаты көпкө жетпейт. Керектүү учурда өчүп калып ыӊгайсыздык жаратат. Бул мүчүлүштүктү жоюуну эп көрүп, өз алдымча жасап көрдүм. Жыйынтыгы ойдогудай болду.
– Кантип жасадыӊ, эмнелер керектелди? Бул телефондун өзгөчөлүктөрү эмнеде?
– Эки Айфон 5ти бириктирдим. Ал мурда 65 гигабайт болсо, азыр 128 гигабайттуу. Ичинде 6 миӊ миллиамперлүү (батарейканын күчү) эки батарейка бар. Үнүн күчөтүүчү микросхема орноттум, эки динамиктен музыканын үнү бийик чыгып калды. Бардык кнопкалары иштейт. Кубатты телефондун эки уясынан (гнездо) теӊ ала берет. Текшерип көрсөм, батарейкасынын кубаты алты күнгө жетти.
– Канча убакытта жасап бүттүӊ? Кимдер биринчилерден болуп күбө болушту?
– Жумуш учурунда, кол бошой калганда эле жасап коюп жүрдүм, ошондуктан 3 күнгө созулду. Алгачкылардан болуп бирге иштеген кесиптештерим күбө болушту.
– Анан бул жаӊылык «Россия» телеканалына жетти?
– Ким айтып койгонун билбейм, «Вести-Иркутск» программасынын кабарчылары телефон чалып интервью берүүмдү өтүнүштү. 2 жолу баш тарттым. Акыры чала берип көндүрүштү (күлүп).
– Ошондон кийин баары таанып калыштыбы?
– Ооба, көчөдөн көргөндөр «сени телевизордон көрдүк» деп калышат. Эски тааныштарым табылды. Көпкө чейин уялып жүрдүм (күлүп).
– Сатып алууга кызыккандар болдубу?
– Болду, келип көргөндөр сат деп жатышат, бирок сатпайм.
– Эгер сен өзүӊ смартфон жасап чыгарсаӊ, анда биз көрө элек кандай функциялар болмок? Деги эле сенин оюӊдагы идеалдуу смартфон кандай болушу керек?
– Кубаты көпкө жеткен, корпусу металлдан, байланышы күчтүү, вирус кирбеген смартфон идеалдуу деп ойлойм.
– Ойлоп табуучулук жөндөмүӊ бала кезде эле бар болсо керек?
– Туура айтасыӊ. Мектепке бара элек кезде эле үналгы, сыналгы, сааттарды карап алып «бул кантип иштейт?» деп абдан кызыкчумун. Чоӊойгон сайын кызыгуум күч алды. 7-8-класста окуп жүргөндө магнитофон, сыналгы, муздаткыч, кыскасы, электроникага тиешелүү буюмдарды оӊдой баштадым. Ал кезде акыга 20-30 сом берип койсо сүйүнчү элем. Элдер «кичинекей болуп туруп кантип түшүнөт?» деп таӊ калып ишенишчү эмес. Бир буюмду өзүмдүн оюмдагыдай кылып өзгөртүп жасаганды жактырам. Мисалы, велосипедге магнитофон коюп айдаган кезим болгон .
– Таланттуу экенсиӊ. Бирок эмне үчүн жогорку окуу жайда билимиӊди тереӊдеткен жоксуӊ? Же буга жүйөлүү себептер барбы?
– Ошол учурда шарт болбой калды. Билим алуу эч качан кеч эмес деп ойлойм.
– Мектепти аяктаган соӊ эмне менен алектендиӊ?
– Мектепти бүткөндөн кийин Жалал-Абадда 5 жыл музыкант болуп иштедим. Андан кийин Орусияга барып-келип иштеп жүрдүм. 3 жылдан ашуун убакыттан бери Иркутск шаарында Айфондорду оӊдоо боюнча уста болуп иштеп жатам. Бул жерде бардык шарттар бар, оӊдоп-түзөө акысы бизден 4-5 эсе кымбат. Келгеним деле жакшы болуптур.
– Ошондо техникаларды оӊдогонду өз алдынча эле үйрөнгөн турбайсыӊбы?
– Мен биринчи бузулган буюмдун себебин табуу үчүн ар бир микросхеманы чыгарып, анын эмне иш аткарарын чукулап жүрүп үйрөндүм. Азыр Айфонду карап туруп ичиндеги органдарын элестетип коём (күлүп).
– Ошентсе да оӊдоп-түзөөнү үйрөткөн видеолорду көрүп, атайын китептерин окуйсуӊбу?
– Жок, интернетке кыйынга турган оӊдоону үйрөткөн видеолорду жүктөшпөйт. Бул тууралуу китептер деле жок. Айла жок, өзүӊ изилдегенге туура келет. Мен оӊдогондорумду видеого тартып, Ютубдан канал ачайын деп ойлоп жүрөм.
– Ойлоп табуучулук креативди талап кылат да. Сенде ал нерсе жетиштүүдөй туюлат. Оюӊдагы өзгөчө кыялдарыӊды Кыргызстандан ишке ашыруу планда барбы?
– Менде бир идея бар. Ага азырынча колум тийбей жатат. Негизи, «түбөлүктүү кыймылдаткыч» ойлоп табуу менин максаттарымдын бири.
– «Apple» корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири менен жолугуу мүмкүнчүлүгү түзүлсө, Айфонго тийиштүү кандай сунуштарды айтар элеӊ?
– Биринчи кезекте батарейкасынын кубатын жок дегенде 3-4 күнгө жете тургандай кылып жасаса жакшы болорун сунуштамакмын. Ошондой эле батарейканы чоӊураак, платаны болсо кичирээк кылса жакшы болмок.
– Маегиӊе чоӊ рахмат, иштериӊе ийгилик каалайм!

Тимурландын эки Айфондон жасаган смартфону.

Динара Абдыкадырова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Ledi89
2015-09-08 18:11:05
Ийгилик.
0
asdf
2015-09-09 11:42:47
молодец
0
ice1414
2015-09-09 13:34:01
Жакшы экен жакты мага аябай
0
Begai.93
2015-09-09 21:29:55
Молодец .Ийгилик каааалайм
0
adielina
2015-09-09 22:00:25
Кандай Досум? онорун оркундой берсин кулбайлууну таныттын азаматсын. Мен жекшен
0
dina_08_80
2015-09-10 10:14:17
Азамат,онорун оркундой берсин,дагы да коптогон ийгиликтерге жетиш,Жеке жашоондо бактылуу Узун омур каалайм!!!
0
Rifle
2015-09-11 08:23:56
Молодец.
Ошондо корпус чонойдубу?
Суротторун кобуроок жуктосонор болмок, аябай кызык болуп жатат.
0
anyay
2015-09-11 13:11:53
коз тийбесин
0
Flander
2015-09-11 13:14:09
Ушундай адам көп чыкса кыргыздан.Жеп ичип эле бир бирин чукуп,өлтүрүп каматып,көчө таптап арак ичип,кыздарга аңги болуп эле жүрө бербей.
0
hochuradosti
2015-09-11 17:41:24
Молодец. Кубанычтуу кабар экен))) Силерге окшогон адамдар кобое берсе экен!))))))
0
zhenishmyrza
2015-09-12 01:59:33
алга KG
0
wolk85
2015-09-13 09:52:56
Жакшы
0
svan
2015-09-13 16:05:55
Рождение нового миллиардера )))
0
Aruwka.89
2015-10-16 01:29:57
Ех кыргызда аз чыгат, бирок саз чыгат да! Маладец ийгилик Кыргыздын уулу
0
Mahamadaly
2015-11-22 20:06:43
БАЛИ!!! Бул баланы тезинен Aple компаниясынын адистери менен байланыштырыш керек. бул бала келечекте инженер болуп, кыргызстанды көтөрүшү тоук мүмкүн
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан