КЕЖИГЕДЕГИ ДӨМПӨКТӨН КАНТИП КУТУЛУУ КЕРЕК?

Ашыкча салмактан жапа чеккен же болбосо бир орунда көпкө отуруп иштеген адамдардын көбүнүн кежигесинде май дөмпөкчөсү пайда болот. Эгер сизде да май дөмпөкчөсү бар болсо, андан арылуунун жолун таппай келсеӊиз, төмөндөгү кеӊеш сиз үчүн.

ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?

•Арка-бел булчуӊдарына күч келтирүү
•Бүкүрөйүү
•Бир орунда көпкө отуруу (компьютер, тигүүчү машина жана башкалар)
•Нерв оорулары

БЕЛГИЛЕРИ:

•Моюнду эки жакка бурганда, айлантканда кыртылдаган үн чыгат.
•Кежиге, моюндун айланасы уюп, кээде ийне менен сайгандай чымырап ооруйт
•Баш айланат

ДӨМПӨКТӨН АРЫЛУУ:
Кээ бирлер мындай дөмпөкчөнү «мага тоскоол болбой эле» деп жайына коюшат. Бирок бул май дөмпөкчөсү артерияларды кысып, натыйжада мээдеги кан айлануу начарлайт. Желкедеги май дөмпөкчөсүнөн арылуудан мурун моюн омурткасында грыжа же гипертония сыяктуу башка оорулар жокпу, дарыгерге текшерилип алуу керек.
1. Эӊ оӊой жолу – бул укалоо. Атайын дене үчүн крем же болбосо кадимки зайтун майын сүйкөп, күнүнө 3-4 маал дөмпөкчөнүн үстүн, айланасын 20-25 мүнөттөн кем эмес укалоо керек. Атайын электр укалагыч шаймандарын алып колдонсоӊуз да болот.
2. Контрасттык душ. Күнүгө эртеӊ менен жана кечинде дөмпөкчөнүн үстүнө 1 мүнөт жылуу, 1 мүнөт тери күйбөгүдөй ысык, 1 мүнөт муздак суу агызып, бул процедураны 10-15 мүнөт кайталоо керек.
3. Жуунуп бүткөн соӊ кол аарчыны суулап алып, 5-10 мүнөт күч менен дөмпөкчөнү сүртүү зарыл. Бул көнүгүүдө тери кызарып, ооруксунуп калат, азыктандыруучу май же крем сүйкөп коюу керек.
4. Түз басуу, бүкүрөйбөй отуруу, бийик, жумшак жаздыктан качуу сунушталат.
5. Бирөөгө «ооба-ооба» деп жооп берип жаткандай башыӊызды өйдө-ылдый ийкеӊиз, «жок-жок» деп оӊго-солго буруӊуз, «ай-ай-ай» деп суктанып чайкаӊыз. Башты акырындан кыймылдатуу зарыл жана бул көнүгүүнү эстеген сайын 5-10 мүнөттөн кайталап туруӊуз.
6. Дагы бир жардамчы – суу. Бассейнге жазылыӊыз, көлгө барыӊыз. Сууда сүзүү кеминде 10-15 мүнөт болушу керек.

БОТКОЛОР:
1. 1 аш кашык бал, 1 аш кашык сүт, 1 чай кашык майдаланган лавр жалбырагы жана орточо көлөмдөгү пиязды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, баарын аралаштырабыз. Даяр болгон боткону пахтадан жасалган кездеменин үстүнө салып, кежигедеги дөмпөктүн үстүнө жабабыз да, 30 мүнөттөн соӊ жылуу суу менен чайкап коюу кажет. Бул компрессти дөмпөк кичирейгиче күнүгө коюу сунушталат.
2. 1 жумурткага 3 аш кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштырып, үстүнө 50 грамм скипидар (ийне жалбырактуу жыгачтардын чайырларынан жасалуучу суюктук, дарыканаларда сатылат) жана 50 грамм 6 пайыздуу уксустан куюп, баарын жакшылап аралаштырабыз. Аралашманы пахтадан жасалган чүпүрөккө малып, дөмпөкчөнүн үстүнө жаап, 20 мүнөт коёбуз. Компресс дөмпөк кичирейгиче күнүгө коюлат.

КӨНҮГҮҮЛӨР:
Көмкөрөдөн жатып колду көтөрүү
Көмкөрөӊүздөн жатып, колду алдыга сунуп, чыканакты бүгүӊүз. Эми колду полдон 20 сантиметр көтөрүп (бул учурда далылар кыймылга келип, бири-бирине жакындашы керек) 4 секундга чейин кармап, кайра түшүрөсүз. Бул көнүгүүнү 8-10 жолу кайталаӊыз.

Отжимание
Көмкөрөӊүздөн жатып, чыканакты бүгүп, бутуӊуздун учуна туруп отжимание жасайсыз. 10-15 жолу кайталанат.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Lizazai
2015-09-07 15:03:35
Сооонун кенеш экен!
+1
Jaigz
2015-09-07 17:42:47
Абдан керектуу кенеш экен. Буга чынында конул бурчу эмесмин. Эми жасап корушум керек экен.
+1
perichte
2015-09-07 20:38:12
Домпоктон арылуунун эн оной жолу кара жумуш жасоо.менин бир таанышым канализациянын тутукчосун жаткыруу учун арык- туурасы жарым метр, узуну 50 метр уч кун казгандан кийин домпокчо так жоголуп кетиптир.Эн оной жана пайдалуу жол.
0
omur_alay
2015-09-08 02:15:24
Рахмат Супер Инфо , салмагым 10 килограмм ашып кетип , ушундай нерсе пайда болуп калыптыр эле. Коркуп жургом омуртка ушунча кыйшайып кеткен го деп . Спорт залга жазылсам жоголот экен да . Женилдей тушподумбу )))
+1
Ledi89
2015-09-08 14:59:17
Жок,жок,ай деп башты чайкап жооп берген жакшы экенда. Рахмат.
0
Mars55
2015-09-08 18:57:15
урматтуу супер инфо адамдын денесиндеги калдар жонундо да билип бериниздерчи сураныч ден соолукка зыяны жокбу билип бериниздерчи
0
admin_portal
2015-09-09 11:09:41
Mars55, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз!
0
Mars55
2015-09-09 18:39:37
admin_portal,алдын ала рахмат
0
№ 670, 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан