АЛЫНГАН ӨЧ ЖЕ ТҮНДӨ АТЫЛГАН ОК

АЯНЫЧ

Сейил барганда эки милиционер терезеси тордолгон түрмө машинеге Уланды салганы жатышкан экен. Аны көрүп теңселе түштү. Бакырып жибербейин деп эки колу менен оо­зун басып, көзү алайды... Алкымын бууган жашты ары жутуп, күч менен машина жакка кадам шилтеди.
– Улан...- деди ал калтырап.
– Эж-жеке... мени... кечириңиз.
Ушуларды айткан Улан эжесинин кумсарган жүзүн, алайып кеткен көздөрүн көрбөскө терс бурула берди. Сейил бир боорун бүт­күл денеси менен сактап калгысы келгендей тээ кичинекей наристе кезиндегидей шарт көтө­рүп алып, көз көргүс, кулак уккус жакка качып жоголгусу келди. Машине ордунан жыла берди. Аял «Улан!» деп чаңырып колун сунган боюнча кала берди...
Көз жашына чакап «Баарына мен күнөөлүүмүн» деп күбүрөп жатты аял. Башында эле ушундай болоорун аялдык көкүрөгү менен сезген эле. Бирок, кырсыктын алдын ала албады. Жа­нындай көргөн бир боору минтип... Мунун өзөгү тээ алыста жаткан эле...

ххх

Сейил адатынча көртирилик менен алышып кир жууп жаткан.
Кирип келип жанына туруп калган ини­син көр­бөй калган эле. Улан эже­синин көгөрүп, шишип кеткен жүзүн, убайым баскан көздө­рүн көрүп, жүрөгү мыкчыла түштү. Бурула берген Сейил инисинин карап турганын көрүп, жү­зүн жашыра күңк этти:
– Сен... сен... качан келип калдың?
– Кана, бери карачы!
Улан эжесинин жүзүн жашырганына болбой өзү­нө каратты. Көк-ала болгон жүздү көрүп, жиниге бакырып жиберди:
– Ушул өз колум менен мууздап салбасам элеби!- жиниге кыйкырып жиберип, эшикке атырылган инисинин алдын торой калды Сейил.
– Токто, кайда барасың?
– Коё бер мени, өлтүрөм аны!..
Жаш теректей солкулдаган инисин кучактай калды Сейил.
– Тийбе ага, Улан, садагам,- деп барып эриндери дирилдеп токтой калды.
Кантип түшүндүрөт? Жаман да болсо күйөөсү экенин, балдарынын атасы экенин кантип түшүн­дүрөт?
Эрксизден эжесин түртүп өтө албай токтоп калды Улан. Капкара чачтарын сылап, муңканып жиберди:
– Карачы, чачыңды ак аралай баштаптыр. Кандай сулуу, жаркылдаган эжем бар эле. Таштачы ушуну, өз үйүбүзгө кетели. Балдарды багып алабыз. Качанкыга чейин чыдайсың ушул жырткычка? Жүрү, азыр эле алып кетем.
Эчен жолу ушинтип көгала койдой сабалганда баарына кол шилтеп басып кеткиси келген эле. Бирок, жеринен намыскөй жаны эрден чыкты атыгып, «балдарым тирүү­лөй жетим аталгыча» деп өзүн-өзү тыйып, өзүн-өзү басып келет. Азыр да жаш толгон көзүн ала качып, аста башын чайкады.
– Жок.
– Эмнеге, эже, эмнесине кармаласың?
– Улан, алтыным. Энелик, аялдык парзым бар менин. Ошол кармайт. Аялын сабабаган кайсы эркек бар дейсиң? Баары ажыраша берсе, дүйнө ажырашууга толуп кетпейт беле.
– Урдум ошол пайдасы жок парзыңды,- деди Улан бакырып.
– Мен кол шилтей албасамчы...
Жаш аялдын үнүндө аялзатына гана тиешелүү кечиримдүүлүк, кайраттуулук бар эле. Улан эрксизден эжесинин күчүнө тан бере карап турду. Шалдайып эшикке басты.
– Кел, чай ич.
– Ичпейм, эже.
Улан таарынычтуу күңк эте ары басты. Ушул учурда эшиктен кирип келген мотурайган эки наристе жарыша келип Уландын мойнуна асыла кетишти.
– Таяке, таякем келди.
– Жок, сеники эмес, меники.
– Таяке, ат менен келдиңби?
Эки баланын кубанычтуу үндөрү, балдыркан тили эми эле сумсайып отурган бир туугандардын жүзүнө күлкү ойнотуп жиберди. Кужулдашкан балдар менен алаксып бир туугандар эми жай тирилигин кеп кылышып, ара чолодо тигилерди кубалап ойноп да кетип жатышты.
– Кечирип кой мени, эже.
– Кечирдим, балакай.
Муңайым күлүмсүрөп койгон эже­синин көздөрү «Кийин түшүнө­сүң. Сураарым, жездеңе катуу айтып, жаман көрүнө көрбө. Баары бир жаманчылыкта да, жакшылыкта да келип, кездешчү жалгыз жездең» деп айтып жаткан эле.
«Макул, эже. Сен үчүн чыдайын. Сенин куттуу очогуң үчүн гана. Болбосо өз колум менен өлтүрүп салат элем... Кудай акы, ошентет элем» деп жатты иниси ичинен. Ушинтип сүйлөштү. Көздөрү менен, бир туугандык жүрөгү менен сүйлөшүштү. Бул акыркы жолку сүйлөшүү, акыркы кездешүү экенин экөө тең ойлогон эмес эле.

БАКТЫСЫЗ ЖАР, ЗӨӨКҮР КҮЙӨӨ

Бири-бирине эш болгон бир туугандар кичинесинен жакын болуп өстү. Атасы кичинекей кезинде эле таштап кетиптир. Апасы кийинчерээк каза болгон. Бойго жетип, эми борборго окууга кетейин деп жатканда Сейилди айылдагы Асанбек аттуу жигит ала качкан. Асанбектин чектен чыккан зөөкүрлүгүн, аты чыккан катынпоздугун айылдын баары эле билишчү. Сейилди аяп, сыртынан боор толгоп калышчу.
– Сулуулугун айт, созулган сыпаалыгын айт.
– Кайран келин ушуга кор болгон.
– Бир айыбы жетимдиги да.
Уландын күйгөндүгү да ушул эле. Бүгүн келип, эжесинин абалын көрүп өзөгү өрттөнүп, айласы жок атына минип үйүн көздөй жөнөдү.
Кечкурун теңселе кирип келип дасторконго отурган Асанбек Сейилдин куюп сунган тамагын ыргытып жиберди.
– Мага итке куйгансып сунба. Мен деген сенин эриңмин. Пириңмин керек болсо...
Сейил былк эткен жок. Сулуу кашын бир серпип койгону болбосо, көз токтотуп карап да койгон жок. Жедеп көнүп бүткөнбү же жүрөгү таш болуп катып калганбы, айтор, ордунан козголуп койбоду. Дирилдеп куюлган тамагын иче албай, тынчып отуруп калган уулдарын гана аяп, эт-жүрөгү зырп этип алды. Ансайын Асанбектин каары күчөп, ого бетер өзүн тоготпой койгондой сезип, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеп чыга келди.
– Эй, көзүңдү ач. Сен ашка жетпей жүргөндө аял кылып алгам. Эми сен мени теңиңе албай...
Келин эч нерсени укпагансып үнсүз. Жаалданган Асанбек тура калып аялын уруп жиберди. Анан балдардын ыйы, сынган буюмдар, айтор, тынч турган үй чакчелекей түшүп жатып калды. Аздан соң Сейил канаты жулунган чымчыктай алсырап, алсыз онтоду. «Оо, жараткан, кайсы жазыгыма?» деди кеберсиген эриндерин эптей албай. Чаңкап кеткенин туйду. Бирок, ордунан турганга алы жок эле. Балдары ыйлап-ыйлап чарчашканынан кучакташкан боюнча уктап калышкан. Бети-башы канжалап кеткен экен. Эптеп ордунан туруп, далиске чыгып суу ичти да, башын өйдө кө­тө­рүп, босогодо көздөрү канталап кеткен инисин көрдү. Камчысын унутуп коюп, кайра кайрыла калган Улан эжесин бул абалда көрөм деп ойлогон эмес. Боору тилинип турду. Кантип эле суйкайган сулуу эжеси ушинтип тепселип, көз көрүнө карып кетсин? Өмүр бою ушинтип... Такыр көңүлү макул болбой кетти. Андан көрө...
Тиштене калып, онтоп жиберди да, шарт бурула сыртка чуркап жө­нөдү.

КЕК

Ошондон кийин Улан жездесинин баскан изин аңдыганга өттү. Эжесинен ажыратуунун бирден-бир жолу Асанбекти өлтүрүү болчу. «Куткарам, өзүм кетсем да мындай жырткычтыктан сени куткарам. Жетишет» ушуларды ичинен кайталай берүүнү адат кылып алды. Ошол кү­нү жездесин көңүлдөшүнүн үйүнөн кармоону алдын ала болжолдоп, кекене атын чапкан боюнча кетти.
Караңгыда үйүнө кирди. Улан төркү үйдө асылып турган мылтыкты мыктан жулуп алды. Ушул мылтык менен атасы бир кездерде мергенчиликке барып жүрчү. Кулагына апасынын үнү жаңыра түштү: «Балам, ушул мылтык келгени үйдө жак­шылык болбоду. Үйдө мылтык кармаган жарабайт. Сатып салчы, байболгур». Улан мылтыкты алып, эшикти бекем жапты да, туулуп өскөн үйүн бир карап алып, оор улутунуп жиберди. Бирок, кылаар ишинен күмөнсүнүп турбады. Артка кайтууга жол жок эле.
Бул учурда Асанбек көңүлдө­шү­нүн үйүндө жаткан эле. Сейилди уруп-согуп, үйдөн чыгып, түз эле бул жакка жөнөгөн. Жездесинин ит кыялын билген Улан түз эле ошол жак­ка жөнөдү. Күлкүлөр менен кошо сүйлөшкөндөрү угулуп жатты. Эшик­ти кимдир бирөөнүн какканы угулду.
– Бирөө чакырып жатат окшойт?-деди аял сыртка кулак түрүп.
– Сага ошондой угулуп жатса керек.
– Жок, мына, уксаң,- элтейе кулак түрдү аял.
Дарбазанын чынжыры чын эле тарсылдап жаткан эле.
Кийине салып эшикке жөнөгөн Асанбек так дарбазанын тушунда турган кайниси Уланды көрүп жүрө­гү «шуу» дей түштү.
– Сен... Сен кайдан?
Кетенчиктей апкаарыган Асанбек Уландын колундагы мылтыкты даана көрдү.
– Жок!- деп ачуу бакыра бетин калкалай калды. Бирок, качканга үлгүрө албады. Көзүнөн каары куюлган жигит мылтыкты мээлей берип машасын тартып жиберди. «Тарс» эткен мылтык үнүнө удаалаш аялдын чаңырыгы чыгып, азыр эле бейпил жаткан теребел жаңырыктап кетти. Коркурап оозу-мурдунан кан чыккан жездесин жийиркене бир карап алган Улан мылтыкты ыргытып жиберип артына бурулду. Ушул мүнөттө гана кылган ишинин арты кандай болоорун ойлоп «сел­т»­ деп алды. Бирок, өкүнгөн жок. Ал­тургай, кандайдыр бир эрдик кылгандай өзүнө-өзү ыраазы боло алдыга ишенимдүү кадам шилтеди. Бир нече саат өткөндөн кийин райондун борборундагы милиция бө­лү­мүндө отурду.
– Мен киши өлтүрдүм. Мени кармагыла.
Жайбаракат ушуларды айтып, маңдайына келип отурган жигитти милиция кызматкерлери чочулай карашты.
– Мен киши өлтүрдүм...
Башын салаңдата отуруп болуп өткөн окуя жөнүндө айтып берди. Акырында гана «эжемди мага көр­гөзбөгүлө. Сотко деле чакырбай эле койгула. Мени көрүп, жүрөгү тилинбесин» деп өтүнгөнүн Сейилге кийин айтышты...

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 215, 15-21-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан