ГҮЛАНДАдан ФАРШТАЛГАН КУЙМАК ЖАНА ЖҮГӨРҮ САЛАТЫ

Дасторкон

“Эртең менен даамдуу тамак жесең, бир күндүк жакшы маанайды тартуулайт”,- дейт Гүланда айым. Эртең менен жолдошу Айбек Карымовду куймактын түрүн жасап берип кубандырган Гүланда айымдын дасторконунан даам сызалы.

ФАРШТАЛГАН КУЙМАК

Куймакка керектелүүчү азыктар:
Сүт – 1 литр.
Жумуртка 6 даана.
Өсүмдүк майы – 2-3 аш кашык.
Ун – 450 грамм.
Татымына жараша туз.

Даярдоо ыкмасы:
Алгач жумурткаларды чалабыз. Андан соң үстүнө жылытылган сүттү куюп, аз-аздан ун себелеп тегиз аралаштырабыз. Андан соң туз менен майды кошобуз да, 10-14 мүнөт тыныктырып алабыз. Кызытылган мискейди өсүмдүк майы менен майлап, куймак куюуга киришебиз. Эске алчу нерсе, оттун табы өтө ысык болбошу керек.

Фаршка керектелүүчү азыктар:
Фарш ( кой же уй эти)500 грамм.
Помидор300 грамм (ширелүү болуш үчүн).
Пияз – 150 грамм.
Өсүмдүк майы – 2-3 аш кашык.
Көк пияз (кооздоо үчүн).
Татымына жараша туз, мурч.

Даярдоо жолу:

  1. Пиязды майда туурайбыз.
  2. Помидордун кабыгын сыйрыган соң ширеси чыкканча эзип алабыз.
  3. Пияз менен этти майга кууруп, эзилген помидорду кошобуз.
  4. Фарш муздагандан кийин куймактын ортосуна салып, көк пияздын сабы менен байлап коёбуз.

ЖҮГӨРҮ КОШУЛГАН САЛАТ
Ал эми капыстан келип калган конокторго ырчы Гүланда айым төмөндөгүдөй оңой салатты жасоону сунуштайт.

Керектелүүчү азыктар:
Краб таякчалары – 1 куту.
Маринаддалган жүгөрү – 1 банка.
Жумуртка – 3 даана.
Пияз – 1 даана.
Майонез.

Даярдоо жолу:

  1. Пиязды майдалап туурап, кайнак сууга 10 мүнөттөй салып коёбуз. Анан муздак сууга жууйбуз.
  2. Краб таякчалары менен сууга бышырылган жумуртканы төрт чарчы кылып туурайбыз.
  3. Маринаддалган жүгөрүнүн суусун төгүп салган соң краб таякчасын, пияз, жумуртканын баарын сыр идишке салып үстүнө майонезди кошуп, тегиз аралаштырган соң сиз күткөн салат даяр. Тамагыңар даамдуу болсун!

Гүланда камырдан жасалган тамактарды көп жасайт. Ошондой эле өзүнүн фантазиясы менен салаттардын түрлөрүн жасаганды жактырат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Elgiza
2010-04-05 05:21:08
daamdu korunot sosuz jasap korom, rakmat Gulanda.
0
жоогазын
2011-05-04 04:09:20
жакшы экен азаматсын Гуланда!
0
aiur
2012-01-17 13:30:14
дагы салаттын турлорун жазгылычы сураныч!
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан