Аптанын мырзасы - ЭРМЕК НУРБАЕВ

Жылдыз баян

– Башкаларда кандай билбейм, бирок мен атам менен апам үчүн баарына даярмын. Азыр ойлоп көрсөм мага, байкеме жана иниме алар колунан келген шарттын баарын түзүп беришиптир. Эгер «кимисин көбүрөөк жакшы көрөсүң?» деп суроо беришсе, албетте, апамды деп алып эки күн кыйналсам керек. Анткени экөөнү тең абдан жакшы көрөм.

– Чынында, жумушум чачтан көп. Бирок футбол ойноого баары бир убакыт табам. Профессионал оюнчу болом деп максат кылбайм деле. Футболго мен достор менен жолугуп убакытты көңүлдүү өткөрүү, анан ден соолукту чыңдоо үчүн барам. Анткени чуркоо да күлкүдөй эле адамдын жан дүйнөсүн эс алдырат.

– Бир ишти баштап, аны аягына жеткирсем, өзүмө ыраазы болуп жыргап калам. Өткөн жыл ичинде байкелерим менен биргеликте ишке ашырган долбоор “Тамашоу” болду. Анын жаштарга алынып кеткенине кубанам.

– Өзүмдүн Кыргызстанга катуу байланганымды Сочиге КВНге барганымда билдим. Кара деңиз жээгинде, болгону, 2 жума жүрдүк. 1-жума ар кандай кызыктар, оюн-күлкү менен өтүп кетти. Ал эми 2-жумада үйгө кетким келип, эч нерсеге көңүлүм чаппай, балдар менен да сүйлөшпөй кулакты наушник менен жаап алып, кыргыз ырларын уга баштагам.

– Эгер бир ырчыны же музыкадагы бир жанрды танда десе, абдан кыйналсам керек. Себеби мен көңүлгө, маанайга туура келген музыканы угам. Ал классика, рэп, поп да болушу мүмкүн. Кыргыздардан айтсам, эл катары бардык хит ырларды мен да угам.

– Жакшы мамиледеги теңтуштарым көп. Бирок жакын досторум саналуу гана. Алардын ичинде Мирбек Сагынбеков деген мушкер досум бар. Жакын достор менен чогулуп мончого барганды жакшы көрөбүз. “Ирония судьбы” бар го. Алар мончодо ичишсе, биз ырдайбыз. Бууга киргенде эле Мирбекти “ырда” деп кыйнай баштайбыз. Жакшы ырдайт деп деле айтпайм. Бирок үнү бир башкача. Ал Мирбек Атабековду туурап: “Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым...”- деп баштайт. Мирбектин үнүнө бир каткырып алып, биз да ырды коштоп кетебиз.

– Интернет мен үчүн байланыш каражаты, маалымат булагы. Мына азыр сиздерге келерде эле скайп аркылуу АКШдагы Омар менен сүйлөштүм. Экөөбүз тиктешип алып көпкө чейин каткырдык. “Кыргызстанды сагындым, жайында келем” дейт. Алыста жүрүп эмне кыласың, биротоло кел дедим.

– Муну хобби деп айтса болобу, билбейм, бирок машина айдаганды жакшы көрөм. Анан да рулга агамдан башка эч кимди отургузбайм. Катуу чарчап турсам да, машинаны дайыма өзүм айдайм.

– Бизди балдар «КВНчилердин династиясы» деп тамашалашат. Анткени агам Тилек, мен, иним Урмат да КВНде ойноп келебиз. Кадимки жашоодо деле бассак-турсак тамашасыз жүрбөйбүз. Айтор, биздин үйдө дайыма күлкү жаңырып турат.

– Кыз-жигиттин мамилеси эркин, эки тараптуу болушу керек деп ойлойм. Сүйүү да, сый да эки тараптан бирдей болсо, менимче, ал түгөйлөрдүн союзу абдан бекем жана түбөлүктүү болот. Дикуся (Динара) экөөбүздүн мамилебиз дал ушундай.

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
moi lev
2010-01-20 19:29:50
Красссавчиксин да Эрмек.
0
goodboy
2010-01-23 14:08:58
MALOCHIK UVAJAYU
0
Ernees
2010-01-23 20:56:04
Syiga tayktuu baldardyn biri dep oiloim
0
Jerry
2010-02-08 18:57:58
молдодец
0
МИЯ
2010-08-31 22:26:29
обожаю вашего братика Урмата!!!
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан