Юристтин кеңеши. «КЕЛИНИМ БАЛДАРЫН ТАЛАШЫП ЖАТАТ»

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-26

– Эки неберемди 10 жылдан бери багып-өстүрүп, тарбиялап келем. Аларды кичине кезинде эле келиним аракка берилип кетип, мага таштап кеткен. Ал эми уулум үйлөнүп, азыр өзүнчө турат. Балдары менен иши да жок. Кийинки аялы балдарды көргүсү да келбейт. Ушунча жылдан кийин балдардын энеси пайда болуп, аларды менден талашып жатат. Келиним баягыдай эле ичет экен. Жашай турган үй-жайы да жок. Мен балдардын келечегин ойлоп, расмий түрдө аларга камкор катары документ алсам деп ойлойм. Кантип алсам болот?Дурусбек, Бишкек шаары.

– Сиз мэриянын же райондук мамлекеттик администрациянын астындагы Балдарга камкордук көрүү бөлүмүнө кайрылсаңыз болот. Алар комиссия түзүп, бардык жагдайды ар тараптан изилдеп чыгышат. Балдар 10 жашка чыгып калышкандыктан, алардын оюн да угуп, сизге расмий түрдө балдардын камкору катары чечим чыгарып берүүлөрү мүмкүн.


«ҮЙДҮ ӨЗҮБҮЗГӨ КАНТИП КАТТАТАБЫЗ?»
– Күйөөм экөөбүз айылга үй салганбыз. Бирок айыл өкмөтү кыргызчылык кылып жер боюнча чечимди кайнатамдын атына чыгарып, Мамлекеттик каттоодо да ал кишинин атына жазылып калыптыр. Кайнатам турак жайды жери менен бизге жаздырууга макул. Эми биз бул үйдү өзүбүзгө кандайча жаздырып алсак болот? Айша, Кемин району.

– Кайнатаңыз турак жай, жерди уулуна тартууласа болот. Бирок анда ал үй-жай күйөөңүздүн гана менчиги болуп эсептелет. Сиздин бул үйгө менчик иретинде тиешеңиз жок болуп калат. Ошондуктан кайнатаңыз уулуна бул үйдү келишим менен сатса, сиздин кызыкчылыгыңызга туура келет. Себеби Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 35-беренеси боюнча жубайлар үйлөнүп, ал жөнүндө күбөлүк алгандан тарта сатып алган, тапкан мүлкү экөөнүн жалпы менчиги болуп саналат.


МЫЙЗАМ НЕГИЗИНДЕ ЖЕР ТИЛКЕСИН САТЫП АЛУУ
– Там салыш үчүн жер сатып алалы деп жаттык эле. Учурда алдап, акчаны алып, жоголуп кеткендер көп болуп жатат. Жерди мыйзамдын талабы боюнча кайсы документтери менен сатып алуу керек? Керим, Бишкек шаары.

– Жерди сатып алуудан мурда сатып жаткан адамдын паспортун, жерге менчик күбөлүгүн текшериш керек. Айыл өкмөтү же мэрия жаранга үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү чечимин чыгаргандан кийин бул чечим Мамлекеттик каттоонун райондук же шаардык бөлүмүндө каттоого алынат. Андан соң гана жер тилкесинин ээсине кызыл түстөгү күбөлүк берилет. Бул негизги күбөлүк. Аны менен кошо сатуучуда Мамлекеттик каттоодон, Адилет министрлигинин алдындагы Күрөө боюнча борбордон же Биринчи мамлекеттик нотариалдык конторадан “бул жерге арест салынган эмес” деген маалымдама сөзсүз болушу керек. Аталган документтер толук болсо, кооптонбой нотариус аркылуу сатуу-сатып алуу келишимин түзүп, жер тилкесин сатып алып, мамлекеттик каттоодон өткөзсөңөр болот.


«АКЧАМДЫ КАНТИП КАЙТАРЫП АЛАМ?»
– Айылдаш байкеге тил кат жаздырып, карызга чоң өлчөмдө акча берген элем. Ал убагында акчамды бере албай, арадан эки жыл өтүп кетти. Жакында акчамды бере турган түрү жок. Сот аркылуу үйүн саттырып акчамды кайтарып алайын десем, ал куулук кылып нотариус аркылуу баласына тартуулап коюптур. Ал эми машинасын жээнине сатыптыр. Эми ал адамдын мен өндүрө турган менчиги жок. Мыйзам жолунда акчамды кантип алсам болот? Марат,Талас облусу.

– Сиз сотко арыз менен кайрылып, айылдашыңыздын баласы жана жээни менен түзгөн келишимдерин жокко чыгарууну өтүнүп, ошол үйлөрдүн эсебинен карызыңызды өндүрүп берүүнү сурансаңыз болот. Бул татаал иш көп убакытты, далилдерди, тажрыйбалуу адвокатты талап кылат.


«АРАКЕЧ КҮЙӨӨМӨ ЧЫДАБАЙ КЕТТИМ»
– Жолдошум экөөбүз расмий түрдө баш кошконбуз. Ортобузда 4 бала бар. Учурда күйөөм аракка берилип кетти. Эч жерде иштебейт. Анысы аз келгенсип, күнүгө ичип келип чыр чыгарат. Чынын айтсам, чогуу жашоого мүмкүн болбой калды. Аны менен кандайча ажырашсам болот? “Сот аркылуу ажырашса, ойлонгонго үч ай убакыт берилет” деген маалыматты уктум. Ушул туурабы? Салтанат, Бишкек шаары.

– Үй-бүлө кодексинин 20-беренесинин талабы боюнча эгерде жубайлар ажырашууга экөө тең макул болсо, менчик жана башкаларга байланыштуу талаштары болбосо, ЗАГС аркылуу эле ажыраша алышат. Эгерде жолдошуңуз ажырашууга макул болбосо, анда сот аркылуу ажырашууга туура келет. Үй-бүлө кодексинин 23-беренесинин талабы боюнча сот сиздерге ойлонуу үчүн үч айга чейин убакыт бериши мүмкүн. Бирок бул талап сиздердин жагдайга жараша сот тарабынан берилбеши да ыктымал. Буга мыйзам жол берет.


«КВАРТИРАМДЫ АРЕСТТЕН ЧЫГАРА АЛБАЙ ЖАТАМ»
– Банктан ипотекалык кредит алып, квартирамды күрөөгө койгон элем. Керектүү кагаздарды жоготуп алгандыгыма байланыштуу кредиттик келишимдин жана аресттен чыгаруу үчүн жазылган арыздын көчүрмөлөрүн бербей жатышат. Каржы полициясына арыз менен кайрылсам, “биздин андай ишке тиешебиз жок. Сотко кайрыл” дешти. Сотко кайрылыш үчүн банк бербей жаткан кредиттик келишимдин көчүрмөсү керек экен. Банктагы керектүү кагаздарымды алуу үчүн кимге кайрылышым керек? Үч жылдан бери өз наамымдагы кагаздарды ала албай келем. Сапар, Бишкек шаары.

– Сиз банктан ипотекалык кредит алганда квартираңызды күрөөгө коюп келишим түзүп, нотариус аркылуу күбөлөндүргөнсүз. Ошондуктан келишимди кайсы нотариустан күбөлөндүрсөңүз, ошол жактан алсаңыз болот. Квартираңызды чыгарыш үчүн арест болгон шартты жок кылуу керек. Ал үчүн сотко кайрылып, анын чечимин Мамлекеттик каттоо мекемесине берсеңиз, арест алынып салынат.


Сиздердин сурооңуздарга Жогорку Соттун судьясы (1990-1994-жж.),
Башкы прокурордун орун басары (1994-1999-жж.) болуп иштеген, учурда “Статут”
юридикалык компаниясынын президенти, профессор Назаркул Бопоев жооп берди.
Дареги: Турусбеков көч. 86. Байланыш тел: (0543) 94-05-90

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан