ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ТРАНСПОРТ ЖААТЫНДА
Тест-драйв
– бул сөздү көп ирет эле угабыз. Эмнени түшүндүрөт? Англис тилинен алганда test drive — баа берүү, текшерүү үчүн жасалган биринчи жүрүш деген маанини берет. Башкача айтканда, жаӊы автоунаа чыгарылат. Анын жүрүшүн, ылдамдыгын, күчтүүлүгүн, ыӊгайлуулугун текшерүү үчүн тест-драйв уюштурулат. Тест-драйв автоунаалар тууралуу жазган белгилүү журналисттер, атайын текшерген айдоочулар тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми күнүмдүк жашоодо жаӊы унаа сатып аларда ал унааны бир аз айдап көрүп, текшерип чыксаӊыз, демек, сиз «жеке тест-драйв жасадым» деп койсоӊуз болот. Баса, кээде ар кандай башка жаӊы техникаларды текшерүү да тест-драйв деп атала берет.

КОСМЕТОЛОГИЯДА
Глиттер
– айымдардын сулуулугун арттыруучу каражаттардын бири. Англис тилинде glitter – жылтылдоо, жаркыроо дегенди түшүндүрөт. Бул каражатты айымдар көп учурда кандайдыр бир майрамдык кечелерге, үлпөт тойлорго барганда колдонушат. Глиттер өзү майда жана жылтылдак болот. Адегенде көздүн айланасына кремдүү тенди сүйкөп, анын үстүнөн глиттер коюлат. Мындан жылтылдак пайда болуп, көркүӊүзгө өзгөчөлүк кошулат. Бул майда жылтылдактарды тырмак боёодо жана денеге татуаж тартууда да колдонуп жүрүшөт. Бирок глиттер косметологияда гана ушинтип аталбайт. Жаӊы жылдык оюнчуктарды жасоодо колдонулган жылтылдактарды да глиттер деп коюшат.

МОДАДА
Мунбут
– бул өзгөчө кышкы бут кийим. 1969-жылы адам баласы биринчи ирет Айга конгонун теле аркылуу көрүп отурган Жанкарла Заннат аттуу италиялык дизайнер космонавттардын бут кийимине кызыгып калган. «Эмне үчүн бизге деле космонавттарга окшоп бут кийим кийгенге болбосун?» дейт да, аз өтпөй мунбут деп аталган кышкы бут кийимди ойлоп табат. «Moon boots» – Айда жүрүүчү бут кийим дегенди түшүндүрөт. Бир караганда кышкысын көпчүлүк кийген уггиге окшош. Бирок мунбут абдан жеӊил, уггиден бир аз чоӊураак. Бир аз балтайып чоӊураак көрүнүшү мүмкүн, бирок абдан жылуу. Кыскасы Кыргызстандын кышына абдан туура келчүдөй.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан