Өткөн сандарыбызда 82 жашка аяк баскан ишкер Райкан Алкановго Талас шаарында болгон кол салуу окуясы боюнча соттолгон кыздардын биринин жана анын апасынын пикирлерин жарыялаган элек. Ага катар ишкер да каргашалуу окуянын кандайча болгондугу жана сот иштеринин жыйынтыгы боюнча өз оюн бөлүшкөн. Бирок жарыкка чыккан макалада экинчи тараптын билдирүүлөрү бир топ жалган жалаалар менен коштолгонун айтып нааразы болгон Райкан Алканов каргашалуу окуяны төмөнкүчө баяндап берди.
«КЫЗДАР ҮЙДӨ ТҮНӨП КАЛУУНУ СУРАНЫШКАН»
– Эӊ алгач айта кетчү нерсе, жаш курагыма, ден соолугума байланыштуу үйүмдө бир нече үй кызматчыларын иштетүүгө мажбурмун. Акыркы 5 жылдан бери артроз деген муун ооруусуна чалдыгып, Германияда эки тиземе операция жасаткам. Кыз зордуктаганды мындай кой, 5 жылдан бери таяктын жардамы менен басам, кыймыл-аракетим оор.
Мага кол салган кыздардын башка бир тууганы 5 жылдан бери менин үйүмдө иштеп келген. Үй кызматчым өзүмдүн айылдашым болгондон кийин анын энеси жана бир туугандары дагы үйгө келип-кетип, керек учурда акчалай жардам алып эле жүрүшкөн. Азыр жашап жаткан айылдагы үйүн да менин колдоом менен салышты. Окуя болор күнү дагы кыздардын энеси мага телефон чалып 10 миӊ сом жардам сураган. «Талас шаарындагы үйүмө келип алып кет» десем, Гүлнара менен Динара деген кыздарын жөнөтүптүр. Кыздарынын колу туткактыгын мурдатан эле байкап жүргөм. Себеби мурда да бир нече жолу бул кыздар үйгө келгенде акча жана баалуу буюмдар жоголгон эле. «Өзүӊө сак бол, башканы ууру тутпа» дегендей, мен дагы кыздар келгенде чөнтөгүмдөгү 150 миӊ сомдон ашык акчаны душ бөлмөсүнө катып койдум.
Кыздар үйгө кеч келишип, менин үйүмдө эле түнөп калууну, менден жардам катары алган акчага эртеси базардан соода кылып айылга кайтышарын айтып суранышты. Кыздарды караӊгыда убара болушпасын деп алардын айткандарын жүйөлүү көрүп, үйгө калтырдым да, өз бөлмөмө барып жатып алгам.
«ЭЛ АЛДЫНДАГЫ АБИЙИРИМЕ КАТУУ СОККУ УРУЛДУ»
– Түн ортосунда кыздардын улуусу Гүлнара менин бөлмөмө кирип, уктап жаткандыгымды текшерип түртүп көрдү. Ойгонуп кетсем калп эле «кир жууган машинаны кантип
иштетет?» деп сурады. «Мен кир жууп жүрүпмүнбү?» деп кагып койсом чыгып кеткен. Бир маалда башыма катуу бир нерсе тийип, оргуштаган кан кетти. Көзүмдү ачып тургуча Гүлнара балта менен ийиниме чапты. Буга удаа эле экөөлөп бычак менен үстөкө-босток ура башташты. Канга тайгаланып жыгылып, алдан тайып жатсам үйдөн акча издеп киришти. Таппаган соӊ мага дагы бычак сайгылап, акчаны кайда каткандыгымды сурап жатышты. Айлам кеткенде акчанын турган ордун айтсам, кичүүсү чуркап барып таап, көз алдымда санап алышты. Акчадан тышкары кымбат баалуу кол саатымды жана алтын шакектеримди чечип алышты. Андан соӊ алар үйдү тазалап, кан болгон кийимдерди, жаздык жана төшөктөрдү өздөрү менен кошо ала кетишти. Кетип жатып «бизди эч кимге айтпа, бет капчан бирөөлөр жасады деп кой, болбосо бизди зордуктады деп абийириӊди төгөбүз» деп эскертишти. Таӊ атканда айдоочум мени алып кеткени үйгө келип, абалымды көрүп ооруканага жеткизди.
Жаманы – алардын мени чала жан кылып карактап кетишкени аз келгенсип, «зордуктады» деп мага жалган жалаа жаап жатышканы. Ден соолугума жана эл алдындагы абийириме катуу сокку урулгандыгы аз келгенсип айрым «адам укугун коргоочу» сөрөйлөр кыздарга соттун жүрүшүндө акыл үйрөтүп, улам алардын сүйлөчү сөздөрүн даярдап берип жүрүшөт. Жаш курагыма карабай ишкердик менен алектенип, мамлекетиме олчойгон салыктарды төлөп, миӊдеген адамдарды жумуш орду менен камсыз кылып, карылыкка баш ийбей, башка карыларга, майыптарга жана муктаждарга жардамымды аябаган менин укугумду ушундай зөөкүрлүккө дуушар болгондо коргобогон «адам укугун коргоочулардын» кылмышкерлердин укугун коргогонго далалат уруп жүрүшкөндүгү кабыргамды кайыштырат. Азыр мага бычактын жаракатынан да, жалаанын жаракаты оор болуп турган учуру.
Эми мен ден соолугума жана жаш курагыма байланыштуу кайра-кайра эле актанып ары-бери чуркаганга мүмкүнчүлүгүм жок. Болгону айрым массалык маалымат каражаттарынын окуяны туура иликтеп, талдап туруп маалымат таратышпаганы өкүнүчтүү.
РАЙКАН АЛКАНОВ ТЕРГӨӨ УЧУРУНДА БЕЛГИЛҮҮ БОЛГОН ЖАГДАЙЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮП ӨТТҮ:
Райкан Алкановго кол салган кыздардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бул кылмыш биринчиси эмес. Кыздардын атасы бир нече жолу соттолуп, өмүрүнүн жарымы түрмөдө өткөн. Агасы мектеп окуучусу болгон айылдашын мыкаачылык менен өлтүргөндүгү үчүн соттолуп, 3 жылдан бери абакта.Райкан Алканов учурда «Алкан базары» ишканасынын президенти, ЕврАзЭС Кыргызстан ишкерлер кеӊешинин төрагасы, Согуштун, эмгектин жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлери уюмунун төрагасынын орун басары, КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер кеӊешинин мүчөсү, Улуттук бокс федерациясынын ардактуу президенти, Улуттук каратэ федерациясынын ардактуу президенти, Улуттук көк бөрү федерациясынын вице-президенти. Кылган эмгектери жана кайрымдуулук иштеринин натыйжасында «Даӊк» медалы баш болгон көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктар менен сыйланган.
Бакыт Жаанбаев