ЖАНСАКЧЫ – КАРДАРДЫН ТИРҮҮ КӨЛӨКӨСҮ

Кесип

Бул кесипти аркалаган адамдын ишинде эч кандай кокустук болушу мүмкүн эмес. Анткени бир байкалбастык же кокустук анын бүтүндөй өмүрүнө тете. Чагылгандай тез ыкчамдык, мыкты сезгичтик анын жумушунун ишенимдүү куралы. «Ал ким?» деп ойлоп жаткандырсыз. Таанышып коюңуз, бул – жансакчы!

ТАРЫХЫНАН...
Бул табышмактуу кесип эзелтеден бери келе жатат. Египеттик фараондордун, падышалардын жеке коргоочусу азыркы тил менен алганда жансакчы болушкан. Орус падышаларынын доорунда мындай кызматтагы адамдарды “опричник” деп атаса, Совет мезгилинде политбюронун мүчөлөрүнүн коопсуздугун КГБнын атайын кызматкерлери камсыз кылышчу. Союздун кулашы менен КМШнын аймагында жансак­чы деген өзгөчө кесип пайда болду. Алгач аскердик даярдыктан өткөн жүрөгү курч, спорт менен машыккан адамдар бул кесиптин катарын толуктаган. Учурда жансакчы коргоо кызматындагы эң жогорку жана кирешелүү кесип.

АЛАР КИМДЕР?
Албетте, кардардын коргоочусу. Ички туюмунун мыктылыгы, чагылгандай тездик, спорттук даярдык –­ жан­сакчынын өзгөчөлүгү. Мисалы, кечээ эле подъезд­дин жарыгы күйүп турса, бүгүн эмнеге өчүрүлгөн? Лифт иштебей турат. Демек, шектенүүгө негиз бар. Кардарга берилген гүлдестенин арасында, балким, башка нерсе бар... Эмнеге кардарынын үйүнүн жанында бирөө машина оңдоп жатат? Буларга катардагы адамдар маани бербеши мүмкүн. Ал эми жансак­чынын мээсинде ушул сыяктуу сактануулар күнү кечке, айрым учурларда 24 саат бою болушу талапка ылайык.

КАЙДАН ДАЯРДАЛЫП ЧЫГАТ?
Жансакчыга муктаж адамдар мындан бир нече жыл мурун бою эки метр, булчуңдуу зор жигиттерди алышса, бүгүнкү күндө атайын даярдыктан өткөн жигиттерди деле алышат. Кесипти аркалаган адамдардын мурунку аскер кызматкери болгону өзгөчө баалуу. Жансакчылар үчүн атайын курстар болот. Ал жактан адистер үйрөнчүк жигиттерди даярдап чыгып, профессионалдык деңгээлге жеткирген соң кардарларга сунуш кылышат. Аларды автоунааны жакшы айдаганга, куралды колдонгонго, мушташканга эле эмес, юридикалык жактан да сабаттуу болууга үйрөтүшөт.

КЕСИП ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Кыргызстанда жансакчылардын маянасы 300 доллардан баштап 500 долларга чейин болот.
  • Кийинки учурларда дүйнөдө аял жансакчылардын саны өсүүдө. Мисалы, Алла Пугачёванын жана Наташа Королёванын жансакчылары аялдар.
  • Жансакчылардын арасында жазылбаган мыйзамдар да бар. Мисалы, бир депутатка жансакчы болгон адамды кийин ошол чөйрөдөн эч ким жумушка албайт.
  • Көп­чү­лүк сүйүп көргөн Кевин Костнер тартылган “Жансакчы” аттуу тасмада бул кесиптин ээлеринин образы кенен ачылып берилген. Негизи, бул адамдар тууралуу түрдүү фильм тартылганы менен, бир дагы документалдуу кино тартыла элек.


Жансакчы Улан Есеналиев:
«ЖАНСАКЧЫНЫН ДООРУ 35 ЖАШКА ЧЕЙИН»

Учурда депутаттар, бизнесмендер, айрым шоу-бизнестин адамдары деле жансакчынын кызматына көз каранды болушат. Ал эми бизге Улан аттуу жигит бул кесиптин күңгөй-тескейи тууралуу айтып бермекчи.

– Улан, куш келипсиң. “Ар бир кесип өзүнчө ардактуу” дейт. Сен үчүн кесибиң бул – ...
– Мен кичинемден эле ушул кесиптин ээси болууну каалагандыктан мага, биринчиден, ардактуу, бирок ошол эле учурда кооптуу. Бизди ар дайым коркунуч жандап жүрөт. Бирок коркунуч деп айтсам туура эмес болот го. Менимче, сактык болуш керек.
– Кандайча бул иш менен алектенип калдың?
– Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясында жансакчыларды даярдап чыга турган факультет бар. Өз каалоом менен ошол факультетке тапшырып, өтүп кеткем. Окуумду бүтө электе эле мага ар тараптан сунуштар түшө баштады. Өзүм эрежесиз мушташ боюнча спорт чеберимин. Дисктен менин мушташканымды көрүшүп, анан жансакчы болууга сунуш кылышкан эле. Ошентип, беш жылдан бери жансакчы болуп иштеп жүрөм.
– Силерде тааныш-билиш менен жумушка орношуу деген болобу?
– Андай болсо керек. Бирок профессионалдык жактан даярдыксыз адам бул жумушта көпкө иштей албайт.
– Кесибиңде өмүрүңө кооп туудурган учур болду беле?
– Биздин ар бир күнүбүз эле кооптуу. “Жансакчы – “живой щит” деп коюшат го. Ар бир жансакчы кардарга тие турган октун алгачкысы өзүнө тиерин билиши керек. Анткени алгач жансакчысын атып туруп, анан кардарды атат да. Болбосо жансакчы аларды кууп же өңүнөн таанып калышы мүмкүн. Өмүрүмө кооп туудурган учур деле эсимде калбаптыр.
– Жансакчыларга негизги талап...
– Аз уктоо деп койбоюнбу... (күлүп). Негизги талап – жоопкерчиликтүүлүк. Кайсы жерге барганда кандай коркунуч күтүшү мүмкүн экенин алдын ала билишиң керек. Албетте, мушташка да, атышууга да даяр болуу керек. Баса, жансакчылардын бою 180ден кем болбошу зарыл. Бирок менин боюм талапка 4 сантиметр жетпей калганына карабай кызматка алышкан. Ден соолугуң чың, ата-энең, тууган-туушкандарыңдын арасында соттолгону болбошу керек.
– Жашыруун болбосо, кимдин жансакчысы экениңди, канча маяна аларыңды айта кетпейсиңби?
– Жок, аны айта албайм. Бул кызматтык сыр. Болгону, ал кыргыз эмес, бирок Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири экенин айтсам эле же­тиш­түү болор. Ал эми маянам 15-20 миңдин ар жак-бер жагы.
– Кесибиң оорбу?
– Айтпаңыз, өтө эле оор. Элесте­ти­ңиз, тиги жакта бирөө тамак ичип, жыргап күлүп же сүйлөшүп жатат. Оңгулуктуу тамак иче албай, ким кандай козголуп жиберет экен деп тирмийип турасың. Кардарың дааратканага кирсе, ошол жакка кирүүгө аргасыз болосуң. Кыскасы, кардардын көлөкөсү болгонго аргасызбыз.
Бир жолу кызыктуу окуя болду. Кожоюнум менен бир кечеге барып калдым. Анан ал жактан бир жаш кыз болбой эле бийлеп жабышып туруп алды. Тийишип жаткан айымга болбойт деп айтсам же укпайт. Айлам кетип түртүп жибердим. Бирок кыз кишиге кол көтөргөнүм үчүн кийин аябай жаман болуп жүрдүм.
– Кесибиңдин сага жакпаган жана жаккан жери...
– Жеке жашооңо убакыт калбайт. Кожоюн башка өлкөгө учуп кеткенде гана эс алабыз. Негизи, биз үч жансакчы бир адамда иштейбиз. Экөө орус. Чет жерге чыкканда бирөөбүздү эле алып кетет. Ал эми жаккан жери, мен спортту өзгөчө сүйөм. Негизи эле менин спортко болгон кызыгуум ушул кесипке алып келди окшойт. Кээде ар кандай таймашуу болуп калганда, кожоюнумдан суранып катышып турам.
– Улан, жеке жашооң тууралуу айтып кетсең...
– Өзүм Ысык-Көлдүн Түп району­нан болом. Жашым 26да. Үйлөнө элекмин. Такыр кол бошобогондон да жүрөгүмдүн ээсин таба албай жатат окшойм. Ата-энем, бир туу­гандарым менен деле иштин айынан көп жолуга албай жүрөм.
– Эми канча жылга чейин бул кесипти аркалайын деген оюң бар?
– Жансакчылардын доору аз эле. 22 жаштан 35 жашка чейин. 35 жаштан кийинкилер пенсияга чыгып, башка иштер менен алек болушат. Эмнегедир пенсияга чыккан учурда эмне менен алек болорумду ойлоно да элекмин.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан