САПАТСЫЗ БОЁКТОН КӨЗГӨ БЫРЫШ БАТ ТҮШӨТ

Бүткүл ааламды түрдүү боёгу менен тааныткан – бул биздин көздөрүбүз. Телефон, телевизор, компьютер, абанын кирдиги, кам көрүүнүн жоктугу жана башка көптөгөн факторлор көздөрдүн дартка кабылуусуна, көздүн айланасын эрте бырыш басуусуна алып келет. «Viva Profi» медициналык борборунун дерматолог-косметологу Айнура Уезбаева көзгө канткенде туура кам көрүп, бырыштардын алдын алууга болору тууралуу кеӊеш берет.

КӨЗ ЧАРЧАГАНДА...
Көз ар кандай факторлордон улам чарчап, кызарып, кычышканда алгачкы жардам көрсөтөбүз.

1. 30 мүнөт сайын монитор-экрандан алыстап, жок дегенде 5-10 мүнөт көзүӊүзгө тыныгуу жасаӊыз. 1 мүнөт алыс аралыкты (10-20 метр), 1 мүнөт жакын аралыкты (50-60 сантиметр) тиктеӊиз. 1 мүнөт ачык түстүү (кызыл-жашыл), 1 мүнөт ак-кара түстөгү буюмдарды караӊыз. Андан сырткары көзүӊүз менен үч бурчтук, төрт бурчтук, айлана формаларын элестетип чийиӊиз. 1 мүнөттөй бат-баттан ирмеӊиз. Андан соӊ 2-3 мүнөт жөн гана көзүӊүздү жумуп туруӊуз.
2. Күнүгө жатарда көк чайды демдеп, муздаганда ага кебезди малып, көздүн үстүнө коюп жатыӊыз. Бул компресс сизден 15-20 мүнөттү талап кылат.
3. Сүргүчтөн өткөрүлгөн 2 аш кашык чийки картошканы чакан 2 дакиге бөлүп салып көздүн үстүнө коюӊуз. 15-20 мүнөт тынч жаткан соӊ жылуу суу менен чайкап, көздүн айланасындагы териге арналган кремди сүйкөө керек. Компресс жумасына 2-3 жолу колдонулат.
4. Майдаланган 1 аш кашык жалбызды 200 грамм кайнаган сууга салып, жай отто дагы 5-10 мүнөт кайнатыӊыз. Суу муздагандан кийин чыпкалап, кебезди малып, көздүн үстүнө 10 мүнөт жаап коёбуз. Компрессти күнүгө кайталасаӊыз болот.
5. 1 аш кашык майдаланган петрушканын (же ромашка гүлү) үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, 1-2 саат демдеп коюу кажет. Андан кийин кебезди ал сууга малып, көздүн үстүнө 10-15 мүнөт жабабыз. Муну күн сайын колдонуӊуз.
6. Үй шартында көздүн шишигенин, кызарганын кетире албасаӊыз, офтальмологго барып текшерилүү сунушталат.

БЫРЫШ ТҮШКӨНДӨ...

1. Гигиена. Бырыштарды алдын алуу үчүн кечинде эринбестен сөзсүз беттеги макияжды, анын ичинде көздүн боёгун (атайын каражаттар менен) өчүрүү керек. Косметикалык каражат колдонбогондор дагы көчөдөн келгенден кийин бетти чаӊдан тазалап турганы оӊ.
2. Күнүнө 1-2 литрге чейин таза суу ичүү кажет.
3. Транспортто, жарык жакшы тийбеген жайларда китеп окуп же телефонго үӊүлүп СМС жазбаӊыз.
4. Өсүмдүк майы менен жумуртканын сарысын теӊме-теӊ өлчөмдө аралаштырып көздүн тегерегине сүйкөӊүз да, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап коюӊуз.
5. Массаж. Күнүгө эстеген сайын 5-10 мүнөттөн көздүн айланасына аты жок манжанын учу менен жеӊил массаж кылуу кажет.
6. 50 грамм ак нанды жылытылган өсүмдүк майына салып эзип, көздүн айланасына жаап, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап коюӊуз.
7. Жатарда зайтун же башка өсүмдүк майын бетке сүйкөп (көздүн айланасына да), сиӊгенче жеӊил массаж жасап, анан жуубай туруп уктоо керек. Аптасына 1-2 жолу коюлат.
8. 25 жаштан кийин көздүн тегерегине колдонулуучу атайын крем колдонуу керек. Жарнамаларга алданып арзан крем алуунун ордуна кымбат болсо да сапаттуу крем, көз үчүн ботколорду алыӊыз. Сапатсыз косметика бетке, анын ичинде көздүн айланасына бат бырыш түшүүгө жеткирет.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Ayka0696
2015-09-14 16:44:39
Салам супер инфо компьютерде пайда болгон вирустарды кантип жоготсо болот ошол жонундо малымат берсениздер.
+1
admin_media
2015-09-14 17:17:50
Ayka0696, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Азырынча төмөнкү макала бар:
http://www.super.kg/article/show/11213
0
Shaa-82
2015-09-14 17:00:36
коздун алды кундо эрте менен шишип калып атат кандай чара корсом болот ошону жазбай кетиптирда каап. бойроктонго десем лечение алдым баары бир ошол акыбал
+1
kanykey125
2015-09-14 19:03:29
мен дайыма козуму тень менен боёп жцром кеч чарчап козуму очурбой уктап калам.эрте менен жуунуп кайра эле боёном.тень дин кайсы фирмадагысы зыянсыз кенеш бериниздерчи
+1
janna83
2015-09-15 01:02:20
Жакшы маалымат экен.
0
Wirin_kyz
2015-09-15 10:33:50
Осумдук майы деген эмне ????
0
sayana
2015-09-16 02:03:12
Wirin_kyz,Осумдук майы-растительное масло )))
0
jypar.i
2015-09-18 14:27:50
Wirin_kyz,сен кыргызча сөздөрдү билбейсиңби, өсүмдүктөрдүн баардык түрүнөн алынган майлар да. Ал эми андан башка синтетика жолу менен алынган майлар бар, малдын, жаныбарлардан алынган майлар болот да
0
kutucsha
2015-09-15 17:30:57
Эртен менен турганда ээринбей бетти муз менен суртсо эн сонун жардам берет , теринин ону жакшырып коздун тегерегиндеги бырыштарды акырындык менен азайтат жана арзан дагы муз тондуруучу калыпчалар 50-100 сомдун тегерегинде , сууну куюуп морозилкага коюуп коесунар и все кундо эртен менен 2кубик музду влажный салфеткага ороп туруп сурто берсе болот (влажный салфетканы колдоноордон алдын чайкап алуу керек спирти кетиши учун)
+2
baku.jaku
2015-09-20 19:46:10
kutucsha,жакшы кенеш экен.
0
gulnur.narmatova
2015-09-17 01:18:06
Майдаланган 2 чай кашык чийки картошка 2ч кашык ун 1чон кашык сутту аралаштырып коздун тегерегине коюп 15муноттон кийин жууп салуу керек бул маска бырыштарды кетирет
0
Aisanur_89kg
2015-09-17 14:20:44
Мен Орифлейм фирмасынан колдоном,бойонгондон кийин соссуз коздорум ооруп жаш толо берет,кайсы фирманын касметикасын колдонгон он ушул тууралууда жазып койсонуздар,алдын ала рахмат.
0
joker007
2015-09-18 00:54:55
Мерикей же Эмвейдин косметикалары жакшы имиш колдонуп коруп анан билсе болот да разницаларын...
0
jypar.i
2015-09-18 14:29:01
joker007,разница дегенден көрө айырмасы деген жакшы эмеспи?
-1
ANKA_MK
2015-09-18 15:48:36
Негизи Мэри Кэй фирмасынын косметикалары жакшы. Эртенменен ла кечиндеда атайын козго арналган карадат менен коздогу косметиканы очуруп туркш керек. Сапаты жагынан мэри кей фирмасы алдыда. 0551 512625 номеринен сурап билсениз болот
0
Izimrud
2015-09-18 22:43:55
Мэри Кэй фирмасынын косметикалары аябай кучтуу, аны колдонгондон кийин башка косметикалардын пайдасы жок болуп калат. Ошондуктан ойлонуп колдонунуздар.
0
RASTAMAN
2015-09-19 09:33:47
Bul konuguulordu kim atkarat deysin
0
kutucsha
2015-09-19 17:32:39
Мэри кей эмвей орифлейм фаберлик баардыгы эле декоротивная косметика , лореал макс фактор мебелин нью-йорктун косметикаларынан колдонсонор жакшы
0
Nur4ik11
2015-09-20 17:57:12
эн жакшысы косметикасы жок эле жургон жакшы
0
Volgograd8442
2015-09-21 02:31:05
господи,мэри кей качанкы сапаты жок крем,PAYOT paris,аябай жакшы жардам берет
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан