Атактуу адамдарга түрдүү ушактар жана күйөрмандары гана эмес, папарацци да тынчтык бербейт. Жылдыздардын аброюн түшүргөн сүрөттөрдү тартып алып папарацци өкүлдөрү киреше табышса, тескерисинче, белгилүүлөр мындан аброюн жоготуп алабыз деп тынчсызданышат. Ошентип, алардын ортосунда тынымсыз согуш болуп келет. Төмөндө интернет булактарында жарык көргөн атактуулардын сүрөттөрү.
ПАПАРАЦЦИНИН ТАРЫХЫНАН
Папарацци (paparazzo ) түшүнүгү итальян тилинен алынган. Бизче “тажатма”, “кыжырга тийген” дегенди түшүндүрөт. Бул түшүнүк 1960-жылы режиссёр Федерико Феллининин «Таттуу жашоо» деген тасмасы жарык көргөндөн кийин пайда болгон. Кинодо Вальтер Сантессо аттуу актёр фотографтын ролун аткарган. Анын тасмадагы ысымы Папараццо болчу. Аталган фотограф аябай кыжырга тийген, тажатма адам эле. Ошондон улам бул түшүнүк келип чыккан.
КАНЧА ТАБЫШАТ?
Папарацци – атактуулардын артынан аңдып, сүрөткө тарткан адамдар. Алар белгилүү бир жылдыздын аброюна шек келтирүүчү, бетин кызартып уялта турган, жашырып жүргөн маалыматын тастыктоочу сүрөттөрдү тартуу менен чоң каражат табышат. Тажатмалар жылдыздардын жүрөгүнүн үшүн алып койгондон уламбы, айтор, атактуулар алардан аябай кооптонуп, коркуп турушат. Алар ансайын уйгактай жабышып, артынан калбай тажатышып, сүрөткө тартканын коюшпайт. Бүгүнкү күндө "ийгиликтүү папарацци өкүлдөрү бир жылда орто эсеп менен 250 000ден 300 000 долларга чейин акча табышат" деген маалымат бар. Голливудда папарацци адамдарынын объективине көп илинген жылдыздар Анжелина Жоли, Брэд Питт, Мадонна, Женнифер Лопес, Пэрис Хилтон, Рианна, Эми Уайнхаус, Бритни Спирс болсо, орусиялык атактуулардан Ксения Собчак, “Тату” тобунун кыздары, Андрей Малахов, Борис Моисеев жана башкалар.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg