ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Венгрия
КАЧКЫНДЫ БУТТАН ЧАЛЫП ЖЫГЫЛТКАН ОПЕРАТОР ЖУМУШТАН АЛЫНДЫ
Жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөн тынч жашоону көксөгөн качкындар Түндүк Европадагы өлкөлөргө тоскоолдуктарга карабай өтүүсү дале уланууда. Венгриянын борбору Будапешт шаары Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз да, мыйзам чегинде да кетип жаткан качкындар өтүүчү «коридорго» айланды. Венгрия бийлигинин эки жолу темир жол каттамдарын токтоткону качкындардын агымын суюлтууга жардам бере алган жок.
Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Сербия менен Венгриянын чек арасындагы убактылуу баш калкалоочу жайда жүздөгөн качкындар менен полиция кагылышкан. Полиция кызматкерлери абалды жөнгө салуу үчүн газ колдонушканы менен, лагердеги мигранттар тосмону бузуп, Будапештти көздөй жөө-жалаӊ качып жөнөшкөн. Бул учурда лагерден качып бараткан качкындарды европалык ММКлар чагылдырып жатышкан. Ошондо колунда баласы бар качкынды буттан чалып жана балдарды тепкен оператор айым тууралуу тартылган видео интернетке тарап, колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынды. Кызыктуу кадр тартуу үчүн ушундай кадамга барган оператор кыз венгриялык N1TV каналынын Петра Ласло аттуу кызматкери болгон. Коомчулукта талкууга алынган окуядан кийин телеканалдын жетекчилиги аны кызматтан алганы 9-сентябрда белгилүү болду. Бул кылыгы үчүн венгриялык айым 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги да айтылууда.

Улуу Британия
ХАНЫША ЕЛИЗАВЕТА II ЭӉ УЗАК БИЙЛИККЕ ОТУРГАН МОНАРХ КАТАРЫ РЕКОРД КОЙДУ
89 жаштагы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II эӊ узак мөөнөткө бийликте отурган монарх катары рекорд койду. Буга чейинки рекорд Улуу Британияны 1837-1901-жылдары башкарган ханыша Викторияга таандык эле. 9-сентябрда азыркы ханышанын такка отурганына 63 жыл 217 күн болду (ханыша Викториядан бир күнгө көп). Бул тарыхый күндү Елизавета II кадимки иш күнү катары баалап, жолдошу менен темир жолдун расмий ачылышына катышты.
Эсиӊиздерге сала кетсек, Елизавета II 1952-жылы 25 жашында такка отуруп, Бириккен Улуу Британия падышалыгы, Түндүк Ирландия жана 15 мамлекеттин улутун бириктирген Шериктештиктин ханышасы аталган. Ханышанын таажы кийүү салтанатын сыналгыдан көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн. Елизавета Александра Мария 1926-жылы 21-апрелде туулган. Ал герцог Филипп Эдинбургскийге 21 жашында турмушка чыккан. Ханыша менен ханзаада Филипптин 4 баласы, 8 небереси жана 5 чөбөрөсү бар.

Бразилия
СЕЛСАЯК БАРЫМТАДАГЫ АЯЛДЫ КУТКАРАМ ДЕП ӨЗҮ КАЗА ТАПТЫ
Бразилияда барымтага алынган айымды куткарып, өзү курман болгон селсаяк тууралуу 8-сентябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, Сан-Паулу шаарында тапанча менен куралданган адам айымды жерге кулатып, аны өлтүрөм деп коркутуп жаткан. Окуяга күбө жергиликтүү тургундардын айрымдары видеого тарта башташса, Франциско Эразмо Родригес де Лима аттуу селсаяк барымтага алынган айымды сактоого бел байлаган. Ал куралчан адамдын жанына келип, аны түртүп жиберип айымды бошоткон. Куралчан адам полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөнгө чейин селсаякка эки ок чыгарууга жетишип калган. Мындан улам Родригес де Лима ошол жерден каза тапкан. Бул окуядан кийин интернет-колдонуучулар өкмөткө каармандык менен айымдын өмүрүн сактап калган селсаякты акыркы сапарга узатуу зыйнатын татыктуу өткөрүүнү сунушташты. Полиция болсо барымтага алган куралчан кылмышкер буга дейре уурдоо, материалдык зыян келтирүү жана денеге залал келтирүү боюнча жалпысынан 22 жыл абакта отуруп чыкканын маалымдаган.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
besh-sary
2015-09-14 10:24:24
Селсаяк эркек экен.
+2
Ledi89
2015-09-14 13:23:25
Селсаяк тар озу эчкимге зыяны деле жок болушат. Уру канча жыл турмодо олтурсада калбаптыр урулук кылуу, талап тооно адаты акыры башын жеди.
+5
Milana.
2015-09-14 14:58:23
Ханыша болгум келди...
+1
juventusmilan
2015-09-16 02:41:11
селсаякка аллах ыраазы болсун
+3
Liza.
2015-09-16 09:58:20
menda hanysha bolum kelip ketti
+1
Liza.
2015-09-16 09:59:31
sel sayak chynygy erkek eken
+5
Medina87
2015-09-17 22:24:41
Жогорудагы макаланы окуп олтуруп Омар Хаямдын рубаиси эске тушот "Падыша бол,кайырчы бол баары бир, Олум учун бирдей сенин катарын"....Бул дуйнодо адамгерчилик гана эсте калаар...
+5
erlandyky
2015-09-19 12:11:11
Medina87,Эн туура айтасыз
+1
Rifle
2015-09-20 11:10:52
Петра Ласло акылы жок адам окшойт . Байкуш качкында эмне куноо , жаным аман калсын деп безип журсо, баласын которуп , журналист шылдын кылып чалып жыгытканына жинин келет экен. Европа бузулган озу..
0
mani
2015-09-20 21:56:28
Европа качкындарга толуп кеттиго. Орусия хахолдорго толгондой.
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан