«ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫЗЫ» КОНЦЕРТИН КӨРГӨН ДА АРМАНДА, КӨРБӨГӨН ДА АРМАНДА КАЛДЫ

«Мезгилден артта калбаңыз» деп ураан чакырган сиз сүйгөн “Супер-Инфо” гезити мезгил үнүнө жараша жылдын мыктыларын тандап концерт уюштурганга жетишкени сиз үчүн да, биз үчүн да көңүл кубантаарлык көрүнүш болду десек болот, урматтуу окурман. Мындай чоң программадагы концертти Кыргызстандагы басылмалардын ичинен алгачкылардан болуп биздин гезит өткөрдү десек жаңылышпасак керек. Буга гезитибиздин шоу-бизнес менен тыгыз байланышта иш алып барганы да чоң таасир берди көрү­нөт. Бул концертти уюштуруунун негизги максаты финансылык кызыкчылыкты көздөө эмес, жаш ырчылардын демине дем кошуп, алардын жыл ичинде жасаган эмгектерин белгилеп көрсөтүү эле. Эгер сиз “Супер-Ин­фонун” көптөн берки окурманы болсоңуз, биздин жыл сайын жылдын мыктыларын бө­лүп көрсөтүп келгенибизден кабарыңыз бар. Бирок, жылдагыдан айырмаланып, бул жылы чоң шоу-концерттин коштоосунда жылдын жыйынтыгын чыгарганыбыз өзгө­чө көрүнүш болду.
Биз бул иш-чараны уюштуруу ишин “Бешилик” продюсердик борборунун директору Рысбек Жабировго табыштаган элек. Рысбектин бул ишке жоопкерчилик менен киришкени, өзүнүн пайдасы үчүн эмес, редакциябыздын имиджи үчүн аракет кылганы сахна жасалгасынын өзгөчө болгондугунан улам көрүнүп турду.
«Жылдын супер телеалпаруучусу» жана “Жылдын супер ди-джейи” 15-декабрь күнү сайттагы добуш берүүлөр аркылуу аныкталаарын эскерткенибиздей, бул наамдарга Нурзат Токтосунова менен Чыңгыз Мырзаев ээ болгон эле. Бирок, шартка байланыштуу Чыңгыздын ордуна концерт­тин жарымына чейин “Браво” телеберүүсүнүн алпаруучусу Эрмек Нурбаев алпарды. Бул эки өнөктүн эки тизгин бир чылбырды колго алып, алпаруучулук милдетин аркалаганы көптөргө жакты. Жаш болсо да билгичтик жагы менен айырмаланган Эрмектин чукугандай сөз тапканын, куйкум тамашасын, элдин көңүлүн көтөрүп шаңдуу маанай тартуулаганын айта кетүү керек.
«Бириңден өтүп бириңер, мыкты болчу кимиңер» дегендей, бул концертте биздин жаш жылдыздарыбыз биринен-бири калбаганга аракет кылышканы байкалды. Анткени, дээрлик баарында жаңы форма, жаңы ырлар жаңырып, жылдын мыктыларына ат салышкан жаш ырчылар биринен сала бири чыга башташты.
Атай кетсек, секелек кыз Сайкал Садыбакасованын «Эстей жүр» аттуу ырын да көп­төр сагынып калышкан экен, дуулдаган кол чабуулар менен коштолуп турду. Андан тышкары Не­ля, Бактыгүл Бадыева, Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Урмат Усенов, айтор, жарыяда айтылган жаш жылдыздардын бардыгы бул концертте өз өнөрүн тартуулашты. Топтордон оригиналдуу бийи жана жакшы аткаруусу менен «Аза-Универсал» тобу элге өзгө­чө жакты. Ошондой эле концерттин ортосунда уюштурулган оюндар да эң оригиналдуулугу менен айырмаланды. Ал эми оюндун жеңүүчүсү редакциябыздын атынан түстүү телевизорго ээ болгону жеңүүчүгө жана элге күтүлбөгөн окуя болду.
Ал эми көрөрмандарды кызыктырган эң маанилүү суроо – жылдын суперлери кимге буйруганы эле. Жылдын суперлерин анык­тоо иши гезитибиздин мурдагы сандарында жазылгандай, www.super.kg сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында чыгарылды. Концерттин аягында башкы редакторубуз Кылычбек Султанов жы­йынтыкты угузуу үчүн сахнага чыкканда номинацияга талапкер ырчылардын да, алардын залдагы күйөрмандарынын да жү­рөктөрү дүкүлдөп, кулак түрүп калышты. Бирок, биз концертке катышкан ырчылардын эч кимисин таарынтпагандай кылып негизги номинациялардан тышкары ар бир ырчынын өзгөчөлүгүнө жараша даярдалган сертификатты жана статуэтканы ар бир ырчыга тапшырдык. Ал эми «Аза-Универсал» тобунун бийчиси Олег редакторубуздун кошумча сыйлыгы – түстүү телевизорго ээ болду.
Ошентип оюн, ыр, тамаша коштолгон концертибиз ийгиликтүү аяктады. Кыскасы, бул концертти көргөн да арманда, көрбө­гөн да арманда калды деп жыйынтык чыгарсак жаңылбайбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 216, 22-28-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан