БАШЫМДЫ ООРУТПАЧЫ! ЖЕ ООРУ ЧАКЫРГАН СӨЗДӨР

«Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат», «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет», «Айтылган сөз – атылган ок»... Бул макалдарды окуп отуруп, ата-бабаларыбыз тээ илгертен эле сөзгө тереӊ маани бергенин байкасак болот. Биз күнүмдүк жашоодо колдонгон сөздөрдүн кайсы бири адамга канат байлап эргүү берсе, айрымдары оору чакырарын билдиӊиз беле?

«Сөздөн да кантип оору жаралсын?» дегендердин оюна каршы атактуу немис психотерапевти Носсрат Пезешкиан изилдөө жүргүзүп, айрым сөздөр чындыгында эле адамды оорутарын аныктаган. Пезешкиан сөздөр организмдеги мурда эле бар ооруларды козгойбу же жаӊысын чакырабы деген суроонун үстүндө иштеген. Бир нече адамга ар түрдүү оору чакырчу сөздөр бөлүнүп, алар жашоосунда активдүү колдоно башташкан. Канча бир убакыттан кийин кимге кайсы «оорулуу» сөз бөлүнсө, ошого жараша дарт да пайда болгон.

Адамдын психологиясын бузуучу бул сөздөрдүн максаты – активдүүлүгүн жоготпой, андан ары «өркүндөп-өсүүгө» шарт түзүү.
Адам – өзүнүн организмине өзү буйрук берип турган машина. Кандай сөз айтылбасын организм буйрук катары кабыл алып, аны ишке ашырууга киришет. Демек, ой жүгүртүүбүздү оӊдоп, жашоого позитивдүү мамиле кылуу ар бирибиздин колубузда.

ЖАМАН СӨЗДӨН АРЫЛУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Адамга оору чакырган сөздөр кандай таасир берерине сырттан саресеп салып көрүӊүз. «Башымды оорутту, нервиме тийди»... Ушул сыяктуу сөздөрдү көп колдонгон адамдын кабагы түйүлүп, негативдүү энергия чыгып турат. Мындай адамдын жанына баруунун өзү эле жагымсыз. Ал эми «жаман нерсенин экинчи тарабы сөзсүз жакшы» деп ойлонгон адамдын маӊдайы жарык болуп, өзүнө тартып турат. Кандай сүйлөө керектиги боюнча жыйынтык чыгарыӊыз.

Комплимент! Бирөө сиздин ишиӊизге, келбетиӊизге, жасаган тамагыӊызга, кийимиӊизге карата жакшы сөз айтса, маанайыӊыз көтөрүлө түшөт. Демек, сиз ошол мактоолорго татыктуу адамсыз. Комплимент айткан адам да көзгө жылуу, жагымдуу көрүнөт, бул ыраазычылык сезими. Эгер сиз да бирөөнүн ыраазычылыгын алгыӊыз келсе, башкаларга комплимент айтуудан тажабаӊыз.

Жакшы! Кыргызда эӊ туура жөрөлгө бар, учурашсаӊ «жакшы!» деп жооп берген. Менде баары жакшы деген буйрутма алган организм ошого жараша жакшырат, тазаланат, айыгат. Бул «жакшы» биздин ийгиликке умтулган биринчи кадамыбыз. Күнүгө колдончу сөздөрүӊүздү «болот го, жүрөм эптеп-септеп, кыбырап жатам» эмес, «баары сонун, жакшы, бардыгы жайында!» деген ишенимдүү сөздөргө алмаштырыӊыз. Калп эле жакшы деп койдум деп кыжалат болбой, чын эле жакшы болоруна ишеним артыӊыз.

Лексиконуӊуздагы сөздөрдү «жаман» – «жакшы» деген топторго бөлүп кагазга жазып, көрүнүктүү жерге илип коюӊуз. Ары-бери өткөн сайын «жамандардын» санын кыскартып (өчүрүп салсаӊыз бат унутасыз), ордун «жакшы» менен толуктаӊыз.

СӨЗДҮН КҮЧҮ ТУУРАЛУУ ИКАЯ
Сейил бакта бараткан адам жол жээгинде турган кайырчыны көрөт. Ал көтөрүп турган баракта «мен – сокурмун» деп жазылган экен. Бирок ага көӊүл бурган адам жок, ар ким өз убарасы менен алек. Кайырчынын баштыгында 2-3 эле тыйын жатат. Муну байкаган адам кайырчынын жанына келип:
– Барагыӊа 1-2 сөз кошуп жазып коёюнбу?- дейт. Кайырчы ийинин куушуруп тим болот.
Бир нерселерди чиймелеген адам баракты кайырчыга карматып, өзү жолун улайт. Кечинде ошол эле жол менен келе жатса, баягы тилемчинин
баштыгы тыйынга толуп калыптыр. Кайырчы:
– Баракка эмне деп жаздыӊыз эле?
– «Мен сокурмун, ал эми эшикте жаз...»
Адамдын жүрөгүндөгү жылуулукту ойготкон сөздөр...

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Lilia11
2015-09-24 08:01:36
Мыкты кенештеркен.
0
Nkvd_1993
2015-09-24 09:26:24
Мен ошондоймундааааа,дайыма кабагымды салып журом:-@
0
X-peria
2015-09-24 10:20:55
Men mynchalyk jaman sozdordu bilbeit ekem...uironup aldym )))))
-1
Gulnaz.GS
2015-09-24 11:28:04
Нервке тийди.бул менин тол созум болуп калган
0
Memory
2015-09-24 13:05:32
Мен чет олкодо жашайм. Бул жакта адамды позитивке чакырып турган коптогон турлуу видеолорду корсотушот, китептерин коп окушат. Салыштырмалуу элдери чынында позитивдуу. Мен да наалыма элем, бирок видео, китептери аябай жардам берди. Озумду бактылуу адам катары кором.
Супер инфо рахмат, дагы ушундай маалыматтарды коп коптон биздин элибизге жеткирип турунуздар.
0
Memory
2015-09-24 13:10:31
Орусчасы Секрет. Сила мысли (The secret) деген фильм бар. Ошол да жакшы.
0
AFRODITA-89
2015-09-24 13:37:08
аиий чын эле коп айтчуу создого мунун арты жаман турбайбы! Рахмат сиздерге супер инфо ушундай жакшы маалыматтар менен бизди кабардар кылып атканыныздарга! Сиздер аркылуу коптогон кенештерге жетишип отурабыз! Ойносон да ойлонуп суйлошун керек экенда бирок дароо оозубуздан чыгып кетмей жайыбыз барго озубузду тыйышыбыз керек экенда болор болбоско жиндене бербей!
0
Biykech95
2015-09-24 17:54:11
sekret degen film bar 3 tilde abdan sonun jawoonuzdar 95% ozgorot , anan oilon oigon degen kitep bar al da abdan sonun , negizi oidu ondow uchun abdan kop kitepter bar owolordu okuusanyzdar takyr jaman soz suilop , jaman oi oilogunuzdar kelbei kalat!
0
torik2292
2015-09-24 20:21:38
бул туурасында видео роликтер да бар гоо
0
Aikoo2014
2015-09-25 00:43:13
Ошол кинолорун корушум керек экен)))
0
kursantbek
2015-09-25 13:45:13
Мага да кенештеринер абдан жакты! Рахмат! Оорууларды оной менен жолотпойбуз эми;)
0
Jamelia
2015-09-25 15:11:17
Суперинфо,ошол "Секрет"деген китептин кыргызчасын мен бир адамдан коргон элем,азыр чет жакта жургонумо байланыштуу озум издеп тапканга мумкунчулук жок.Сиздер таап,гезитке узундулорун жазып чыксаныздар окуган эл,позитив ,стимул алат эле.коз карашыбыз туз болуп озгоргонго жардамы тиет,деп ишенем. А так качан караба негативдуу жаны-р.Сиздерден сураныч,ойлонуп корсонуздор.
0
admin_superstan
2015-09-25 15:24:54
Jamelia, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
afonia8282
2015-09-25 18:22:17
Эн жакшы..эн Сонун...баардыгы жайында..туура создор...Рахмат..супер!!!
0
afonia8282
2015-09-25 18:24:48
Эн жакшы..эн сонун..баары жайында..рахмат..туура создор!!
0
admin_superstan
2015-09-28 10:03:34
NES1380, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 3 күн БАН!
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан