МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

– Эми мен үчүн артка кайтууга баары бир жол жок. Кантип ошону түшүнбөй жатасыӊ?
– Эмне үчүн артка жол жок?
– Мен жолдошума кайра келбесимди, сүйгөнүм менен кеткенимди айтып кат жазып таштап келгем. Мен сени биротоло экөөбүз үчүн чечим чыгарды деп ойлогом. Мен сенин
аялыӊ болуу үчүн келгем.
Тимурдун өӊү бозоруп кетти. Көз алдына каары жүзүнө чыккан атасы, өлүмдөн кайра тартпаган Карыпбек элестеп ичи муздай түштү. Иш мынчалыкка барат деп ойлогон эмес. Адел аны көзүн албай тиктеп турганын көрүп эмне кыларын билбей калды.
– Адел, сага бул жерге калганга болбойт,- деди көзүн ала кача.
– Эмнеге, менин келечегимди ойлогон жоксуӊбу?!- келин кыйкырып жиберди.
– Шаарда тааныштарыӊ барбы? Иш чечилгенче бирөөнүн үйүндө болуп турбасаӊ болбойт.
Тимур бул акыркы сөзүм дегенсип ордунан туруп кетти. Адел эми гана калпыс кадам басканын түшүндү.
– Кандайча?
– Ишенсеӊ, азыр менин ишимде маанилүү нерсе чечилгени жатат. Бул жөнүндө Карыпбек байке билсе баары артка кетиши мүмкүн. Азыр мамилебизди билдирбей турганыбыз жөн. Мени күт, мен сени чындап сүйөм. Бирок азыр эч нерсени билдирбей туралы. Адел, мындан башка айлабыз жок.
Аделдин денесин калтырак басып ичиркенип кетти. Аргасыз машинеге отурду. Кайда бара жатканын деле билген жок. Шаардын ичине киргенде машинени токтотуп түшүп калды да, бет келди басып жөнөдү. Максатсыз, бактысыз, жан дүйнөсү жанчылган бечара келин белгисиз жакка кетип бара жатты.

ххх

Аделдин жок экенин эртеӊ менен гана билишти. Алгач апасынын үйүнө кетип калган го деп ойлошкон эле. Бирок ага чалып айылга барбаганын аныкташты.
– Жинди неме го, кайда кетиши мүмкүн?- деди Карыпбек өзүн токтото албай.
– Билбейм, шаарда таанышы деле жок болчу.
– Тапсам, экинчи сыртка баскыс кылам! Бул эмне деген жоругу? Бир жакка барам деп айтып койбойбу?!- күпүлдөп жаткан Карыпбектин оюна жаман нерсе келген жок. Бир гана Айкөл Аделдин кайда кеткенин билип, сай-сөөгү сыздап турду. Ал өз кесибинде көп адамдарды жолуктуруп психолог болуп калган. Тимурду көргөндө эле кандай адам экенин билген. Аделдин чоӊ сезимине жооп бере албасын да түшүнгөн. Ошентип алар күнү бою Аделдин дайынын биле албай убара болушту. Карыпбек тааныштарына чалып, айласы кеткенде шаарды айланып өзү издеп жөнөдү. Айкөл балким, үйгө келип калабы деп сырт тарапты акмалап көчөдө басып жүргөн. Көз байланып, киши таанылбай калган учур эле. Бир маалда бактын түбүндө бүрүшүп отурган бирөөнү көрдү. Алгач көӊүл бурбай өтүп кетип, кайра эмнегедир тааныш көйнөк көзүнө урунгансыды. Бактын жанына барып бүрүшүп отурган Аделди көрдү.
– Адел!
Келиндин кебетесин көрүп Айкөлдүн жүрөгү оозуна тыгылды. Көзүнүн нуру өчүп, эрди кеберсип өӊү купкуу эле. Жетип кучагына алды.
– Адел, бери карачы. Мени таанып жатасыӊбы? Мен Айкөлмүн...
Адел эсине келген жок, көзү тумандап гана тиктеп отурду. Жигит келинди колуна көтөрүп үйдү көздөй жөнөдү. Ал үйгө алып кирип жаткырганда гана эсине келди.
– Мен кайдамын?
– Үйдөсүӊ.
– Кайдан таптыӊыз мени?
Айкөл үн каткан жок. Адел үнсүз ыйлап жатты.
– Эмне болду? Эмнеге качып кеттиӊ? Таякем экөөбүз жинди болуп кете жаздадык. Жанагы акмакка кеттиӊби?
– Мен Тимурга ишенген элем. Көрсө...
– Эмнеге өзүӊдү мынчалык кыйнап жатасыӊ? Ал сенин сезимиӊди түшүнсө кана? Андай адамдар тазалыгыӊды, ишенчээктигиӊди гана пайдаланып кетишет. Сен жашоону билбейсиӊ да...
– Өлгүм келип жатат. Мага мындай жашоонун кереги жок.
– Антип айтпа. Баары жакшы болот, мен сенин жаныӊдамын. Жигит мээримдүү күбүрөп чачынан сылап жатты. Адел жаш балача ыйлай берип көзү илинип кетти. Түн ичинде келген Карыпбек аялынын табылганын көрүп бир чети кубанса, бир чети жини келип жатты. Айкөл анын алдын торой берди.
– Азыр эле дары бердим. Тынчын албай туруӊуз. Ал жөн гана сизге таарынган экен.
– Тфу, жаш баланын жоругу! Мен бул үчүн аз жерден жинди болуп кете жаздадым,- деди жини келген Карыпбек. Айкөл үн катпай өз бөлмөсүнө жөнөдү. Карыпбек аялынын жанына отуруп купкуу жүзүнөн аяр сылады. Ушул убакта өзүнөн өзү ыйлагысы келди. Ушунчалык назик, бирок ошол эле учурда эбегейсиз күчү бар жан. Ушул эселек кыз аны багындырып, акыл-эсин ээлеп алганына капа. Болбосо жашоосунда эчен аялдарды көрдү. Эмнеге ушунун алдында гана алсыз? Кичинекей колдорун кармалап отуруп таӊ атырды. Уйкудан ойгонгон Адел Карыпбекти көрүп селт этип алды.
– Жинди кыз, эсибизди чыгардыӊ. Экинчи антип жазалабай жүрчү мени. Кечирип кой, экинчи сага кол көтөрмөк тургай тил тийгизбейм,- деди жүзүнөн сылап.
– Мен...
– Эч нерсе дебе, унчукпа, экинчи сени таарынтпайм, жарыгым. Сен кетип калганда сенин ордуӊ мен үчүн канчалык экенин түшүндүм. Мен сенсиз жашай албайм, жаным.
Карыпбек сөздөрү жүрөгүнөн чыгып жатканын сезди. Бирок ошол нерсе Адел үчүн оор эле. Ушул учурда уятынан өлүп алгысы келип жатты. Баарын ачык айтып, тагдырына эмне жазылса ошону көргүсү келди.
– Мен сизге татыктуу эмесмин. Мен...

(Уландысы кийинки санда)

Жакында...
Жанардын жашоосунун бир бөлүгү Москванын метролорунда өтчү. Жумушка бармай-келмей... Бирок ал капысынан дал ошол метродон өзүнө өтө эле тааныш жүздү көрүп чочуп кетти. Жок, мындай болушу мүмкүн эмес! Ал өлдү деген, азасын күткөн, канча ирет жоктоп ыйлаган адамдын жүзү болчу. Анын түбөлүккө жумулган көздөрүн, көгөргөн, муздаган эриндерин өксүп ыйлап өпкүлөбөдү беле?! Өзү көмбөдү беле?! А бул тирүү жүрөт го... Кантип?! Мындай болушу мүмкүн эмес. Көргөн көздөргө ишенүү кыйын болду. Бирок тагдыр ага бул эле эмес, мындан башка да чечилгис түйүндөрдү, ойго келбес бурулуштарды даярдап койгон болчу.
Урматтуу окурман, чыныгы жашоодо кездешкен окуялар баяндалган «Джи» сериалын сунуштайбыз. Сандан санга калтырбай окуӊуз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Miraida2012
2015-09-21 09:03:47
Мен биринчи,,,
0
Miraida2012
2015-09-21 09:04:01
Чыкты
0
aytkulova
2015-09-21 09:19:00
Ишенчээктигин Тимур пайдаланып кетти. Адел жинди неме го, куйоосу бар туруп. Бир туруп аяп, бир туруп жек коруп кеттам.
0
Mavlyuda
2015-09-21 10:11:46
Боюнда бар эми мунун точно
+4
Gulya.akbaralieva
2015-09-21 11:47:06
Mavlyuda,мен да ошентип ойлодум
0
ayko24
2015-09-21 13:34:21
Ушуга окшогондорду коруп анан биздин жолдошторубуз кызганат да, бир чычкак баарын булгайт деген чын.
+1
Adik01219
2015-09-22 13:52:48
ayko24,эн туура айтасын
0
Umka9303
2015-09-21 18:39:38
Дааа суйуу суйуу, не кана кылбайт.
+1
Adik01219
2015-09-22 13:52:14
Негизи мен биринчи окугам бирок комментарий калтыруу такыр эсиме келбептир
0
Sagidko88
2015-09-23 15:22:45
админ. саламатсызбы? сураныч сизден гезиттин канчанчы санынан баштап чыккан бул сериал? башынан окуюн дегем айтып коюнузчу.
+1
admin_superstan
2015-09-23 15:38:43
Sagidko88, саламатсызбы!
№661-санынан баштап чыккан. Сериалдын төмөн жагында башка сандарга шилтеме берилген.
0
dasta
2015-09-27 12:56:24
admin_superstan,саламатсызбы жаны сандары качан чыгат еми
0
Sagidko88
2015-09-28 16:00:11
admin_superstan,чоооооон рахмат
0
dasta
2015-09-27 12:54:20
туура тоочно бойунда бар еми....
0
aika2015
2015-09-28 06:34:26
ооба бир айлык боюнда бар экен,бул жерден кутуп отурбай,газетасын алгам чыдабай
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан