ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (21-сентябрдан 27-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кой жылдызындагылар үчүн апта оор башталат. Жумушта пландаган иштериӊиз аткарылбай, бир четинен акчаны пайдасыз иштерге жумшап, каржылык каатчылыкка кезигесиз. Ал эми чыгармачылык менен алектенгендерди, тескерисинче, ийгилик күтөт. Дем алыш күнү базар аралап, эӊсеп жүргөн буюмуӊузду сатып алышыӊыз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Эрктүү болуп, тамеки чегүү, ичкилик ичүү сыяктуу жаман адаттардан баш тартыӊыз. Антпесе ден соолугуӊузга байланыштуу ооруканага байма-бай каттап калышыӊыз ыктымал. Кылдан кыйкым таба берсеӊиз, кесиптештериӊиздин көӊүлүн оорутуп аласыз. Аптанын аягында достор менен чогулуп, өткөн-кеткенди эске салып отурчу кечеге чакыруу алышыӊыз күтүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жакын адамыӊыз сиздин кеӊешиӊизге муктаж. Кеӊешти оӊ-терс жактарын таразалап туруп бериӊиз, антпесе бир адамдын келечегине таасир кылышыӊыз мүмкүн. Жумушта да, үй-бүлөдө да түшүнбөстүктөр орун алышы күтүлөт. Мындай учурда «ак желек» көтөрүп, унчукпай кутулушуӊуз керек, болбосо керектүү адамдарды таарынтып, кол жууп калышыӊыз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумуш жаатында бир топ алга жылуулар болот. Сиз күтпөгөн, душман деп санаган адамдан колдоо алып таӊ каласыз. Аптанын ортосунда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири ийгилиги менен бөлүшүп кубантат. Тынымсыз иштөө, майда-чүйдө маселелер депрессияга жеткириши мүмкүн, андыктан дем алыш күндөрү тынч жайда эс алуу сунушталат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Досторуӊуз, туугандарыӊыз иш жаатындагы маселелерди чечүүгө жардам беришет. Өзүм жасайм деп көшөрө бербей, сунулган жардамды ала бериӊиз. «Бермейдин алмайы бар» демекчи, убагында сиз да көмөк көрсөтөсүз. Аптанын аягында бойдоктордун түгөйүнө жолугушу күтүлөт, айланаӊызга жакшылап көз сала жүрүӊүз. Эс алуу күндөрүн жакындарыӊыздын курчоосунда өткөрөсүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө алыска сапарга чыгышыӊыз күтүлөт. Иш жаатында туруктуу каржы булагы болчу долбоорго кол коюшуӊуз мүмкүн. Сизди жандап жүргөндөрдүн кимиси дос, кимиси кас экенин тааныткан учур чыгат, алдыдагы пландарыӊызды эч ким менен бөлүшпөй туруӊуз. Дем алыш күндөрү үй-бүлө мүчөлөрү менен киного же башка маданий кечеге барып эс алып, энергия топтоого жакшы шарт түзүлөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жашылча-жемиштердин сапатына карап жеӊиз, болбосо ушул аптада ууланып калуу коркунучу жогору. Сиз жасачу айрым жумуштарды түгөйүӊүз бүткөрүп, жагымдуу таӊ калууга дуушар болосуз. Кийин деле жетишем деп окууӊузду таштап салбай, тескерисинче, көбүрөөк окуп-билгенге аракет кылыӊыз. Билимдүү миӊди, билимсиз бирди эле жыгары эсиӊизде болсун.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Башыӊыздагы ашыкча маалыматтардан арылууга аракет кылбасаӊыз, жумушта ийгилик жарата албайсыз, кошумча ден соолугуӊузга да доо кетиши мүмкүн. Аптанын ортосунда сүйүнүчтүү кабар менен жоро-жолдошторуӊузду конокко чакырышыӊыз ыктымал. Ал эми дем алышта жалгыз эс алууга, оюӊузду бир жерге топтоого аракет кылыӊыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бардыгы бир калыпка салынгандай түз болушу керек деген оюӊуздан кайтыӊыз. Антпесе акыл үйрөтөм деп кимдир бирөөнү таарынтып аласыз. Баштаган ишиӊиз бул жумада бүтпөй калса эч нерсе эмес, бардык нерсенин бүтчү убактысы келет. Аптанын аягында жаӊы таанышуулар орун алат. Айрымдар иш жаатында ишенимдүү өнөктөш тапса, кээ бирлер түбөлүк түгөйүн кездештириши мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада кесиптештериӊиздин бири алдап, сизге көө жаап кетиши мүмкүн. Андыктан эч кимге ишенбей, кошумча планыӊызды камдай жүрүӊүз. Сүйүү мамилесинде өкүм сүргөн тынчтыкты бузуп албайын десеӊиз, түгөйүӊүздүн көӊүлүн алып, кичинекей болсо да сюрприз жасаганды унутпаӊыз. Аптанын аягында сизден акча алып, көптөн бери бербей жүргөн адам карызын берип, капчыгыӊыз кампая түшөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбү күнү эмоцияга алдырып, жетекчиӊизге тил тийгизип албаӊыз. Ачуу – душман экенин түшүнүп, бардыгын акыл менен чечкенге аракет кылыӊыз. Аптанын ортосунда боор, бөйрөк оорулары тынчыӊызды алышы мүмкүн, өзүм билемдик менен көрүнгөн дары-дармекти иче бербей, врачка кайрылыӊыз. Көптөн бери катташпай калган тууганыӊыздан кабар алып кубанасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада сүйүктүү адамыӊызга карата күмөн ойлор жаралып, балким, экөөбүздүн тагдырыбыз эки башка деген ойлорго жетеленесиз. Шашылыш бүтүмүӊүздү сыртка чыгарбай күтө туруӊуз, түгөйүӊүздөн кол жууп калышыӊыз мүмкүн. Жумуш жаатында оозго алынарлык ийгилик күтүлбөйт. Ал эми чарба иштери сизди кучак жайып тосуп алат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан