Расул Мырзатегин, ди-джей: «ЖУБАЙЫМ МЕНИ МҮНӨЗҮ МЕНЕН АРБАГАН»

«Миӊ кыял FM» радиосунун ди-джейи Расул Мырзатегин көп жылдан бери аталган радиодо эмгектенип келет. Анын социалдык түйүндөгү сүйүү тууралуу постторун окуп, илген сүрөттөрүн көрүп, «эх, мен да ушундай адамдын жубайы болсом» деп кыялданып каларыӊыз турган кеп. Ди-джей жигит жашоодо да ушундай романтикпи, аны жубайы Махабат экөөнүн бизге берген маегинен байкап көрөлү.

– Махабат, Расул социалдык түйүндөгү баракчаларына сени кандай сүйөрү тууралуу көп жазат. Ал чынында эле романтикпи?
Махабат:
– Ооба, Расул аябай романтик. Кыз-жигит болуп жүргөндө сюрприздерди көп жасачу. Үйлөнгөндөн кийин бала, тиричилик менен алек болуп бир аз азайып калды. Кечинде жумуштан келип, «жүрү, сейил бакка, киного барабыз» дей берет. Мен эртеден кечке бала карап чарчайм да, «жок башка күнү баралычы» десем, «анда мен башка бирөө менен бара берейинчи» деп жиниме тийип калат (күлүп).
Расул: – Өзүм деле жумуштан чарчап келем, бирок үйгө келгенде сүйүүм ойгонуп келинчегимдин көӊүлүн алгым келе берет. «Чарчадым» десе, «жумуштан келип мына мен чарчасам болот, сен кантип чарчайсыӊ?» деп таарынчумун. Өзүм жалгыз 1 күн бала карадым, көрсө, аябай кыйын турбайбы.
– Махабат, Расул жасаган сюрприздердин өзгөчөсүн эстеп өтсөӊ.
М.:
– Быйылкы туулган күнүм өзгөчө болду. Үйдө отурсам Расул чалып, «даярдан, сейил бакка барабыз» деди. «Сейил баккабы?» деп капа болуп алгам. Сейил бакка жеткенде токтобой эле өтүп баратабыз. «Кайда?» десем, «тиги жерде жумуштарым бар эле» деп башка жакка эле айдап кетти. Анан борбор калаабыздагы көп кабаттуу мейманкананын чатырына алып чыкты, ал жерде дасторкон жайылуу экен. Ошол жерден шамдардын жарыгында экөөбүз тамактанганбыз. Мен үчүн абдан жагымдуу белек болгон.
Р.: – Жолдо машинамдын багажына жер-жемиштен десерт жасатып, роза гүлдөрүн коюп койгом. Анан радиодо түз эфирди алып барып жаткан кесиптешиме чалып, «мага саат мынчада «С днём рождения, ангел» деген ырды коюп берчи» дедим. Ошол ыр башталганда Махабатты «бар, сумкаӊды багажга салып келчи» деп жибергем, барып музыканын коштоосунда багажда катылган сюрприздериме күбө болгон.
– Мамиле куруп баштагандан бери бири-бириӊердин жаӊы кыял-жоругуӊарды ача алдыӊарбы?
Р.:
– Махабат экөөбүз чогуу иштеп жүргөндө таанышып, анан үйлөндүк. Мурун кыздардын сырткы сулуулугуна көбүрөөк карачумун, бирок үйлөнөргө жакын оюм такыр башка нукка өзгөрдү. Жубайымдын мүнөзүн сүйдүм десем болот. Ата-энем да «келинибиздин мүнөзү жакшы» деп көп айтышат. Үйлөнгөндөн кийин акчаны үнөмдүү пайдаланганды, туура сарптаганды үйрөндүм. Бойдок кезде оӊго-солго чача берчүмүн. Анан Махабат кылган ишинин отчётун дайыма берип турат. Мен өзүм «акчаны каякка иштеттиӊ, эмне алдыӊ?» деп сурабайм, өзү эле айтып кирет.
М.: – Расулдун мүнөзү чарт-чурт, бир нерсени аягына чейин укпай эле «эмнеге андай?» деп уруша берет. Шашма, чыдамы жок. Үйлөнгөндөн кийин камкор экенин билдим. Абдан баласаак, балабыз Нурданды 1 айлык кезинде өзү кийинтип, өзү массажга алып барчу. Колу да балага эптүү, памперсин алмаштырат, кийинтип баланы көтөрүп алып көпкө жоголуп кеткен учурлары болот. Бир жолу жалаяк жууп жатса менин бир тууган иним «апей, сиз жалаяк жууп жатасызбы?» деп намысына тийиптир.
Р.: – Чынын айтсам, мен мурун саркеч кийингенди жакшы көрчүмүн. Акча алсам эле дүкөндөрдү кыдырып кетер элем. Ошондо Махабат «сен кийин үй-бүлөӊдү бакпай эле, кайсы дүкөндө арзандатуу болуп жатат деп жүрсөӊ керек» деп калчу. Азыр кайдан, тойдон кичине устукан алсаӊ да үйгө ташып калат экенсиӊ. Кээде «мен ушундай Расул болуп өзгөрдүмбү?» деп ишенбей кетем. Кийим алсам жубайыма кошо кийим издейм, анткени той-топурга барганда анын татынакай, сулуу болуп жүрүшүн каалайм. Махабатка жаӊы үйлөнгөндө текшерип көрүү максатында түнкү саат 2-3тө ойгонуп, «чай ичем, тамак ичем» деп эркелей берчүмүн, эринбей туруп даярдачу. Айтор, «бул менин милдетим» дебей чын көӊүлү менен жасаганын баалайм.
– Махабат, үйдө келишпестиктер болгондо ким биринчи компромисске барат?
М.:
– Таарынышып кете турган олуттуу деле маселе болгон эмес. Кайната-кайненем баары мен тарапта. Урушуп калсак экөөбүз теӊ эле компромисске барабыз. Кандай маселе болбосун акыркы чечимди жолдошум кабыл алат.
– Расул алгачкы жолу балалуу болгондо көзүмө жаш алдым дедиӊ эле...
Р.:
– Ооба, ал күн такыр эсимден кетпейт. 2013-жылдын 7-сентябрь күнү таӊкы 4тө жубайымдын толгоосу башталды. Саат 9-10го чейин күтүп отуруп, зарыл жумушум чыгып калып кетип калгам. 12де келсем дагы эле төрөй элек экен. 3 саат төрөткананы айланып басып жүрдүм. Бир убакта жубайым жаткан палатанын терезесинен ыӊаалаган баланын үнү угулду, кантип 2-кабатка жеткенимди билбейм. Медайымдарга жалдырап жатып кирсем, балам Махабаттын көкүрөгүндө жатыптыр, көзүн ачып мени карап коёт. Ошондо көзүмө жаш алгам.
– Маегиӊерге рахмат, бактылуу болгула!

"Уулубуз Нурдан 2 жашта, учурда чоӊ ата,чоӊ энесинин колунда айылда жүрөт".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ди-джей Расул Мырзатегин менен жубайы Махабаттын сүйүү баяны
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Gulzat86
2015-09-21 10:40:15
Суктанаарлык уй.булоо экен.Окуп алып озучо эле мен да бактылуу болуп алдым гоо
0
cezim01
2015-09-21 12:26:40
Аялын ушундай сыйлаган эркектерге Аллаа раазы болсун. Бактылуулугунарга коз тийбесин
+2
Jibek91
2015-09-21 15:58:28
Чексиз бактылуулугу көздөрүнөн эле билинип, бири-бирин толуктап турушат экен. Тоодой болгон бактыныздарга көз тийбей, бактылуу үй-бүлөлөрдөн болуңуздар!

+1
Lilia11
2015-09-22 07:05:59
Бири бирин суйгон эле эмес урматтаган да жубацлар экен.
0
nusichka
2015-09-22 20:09:09
башында кайсыл музыка колдонулду, айтып койсонор жакшы болмок алдын ала рахмат
+1
aytkulova
2015-09-23 21:27:00
Кандай сонун тугойлор... Суйуунор очпой, туболук болсун!
+2
Chtc
2015-09-24 15:46:58
Түшүнүктү, жакшынакай эле келин экен. Биз бары бир кыргызбыз да. Жолдошунун жалаяк жууганын айтпай эле койсо болмок.Мактай турган башка сапаттары деле толтура тура.
-2
Maxima
2015-09-24 21:16:37
Chtc, Айтпаса деле болмок чын эле, бирок, журналисттер айтпачу нерсени да тигиндейинен мындайынан сурап атып айттырып алышат.Балким ошондой суроо беришкен чыгар, жуушуп жардам берчу беле деген... деееееп ойлоп койдум да озумчооо
+1
zinza.girl
2015-09-24 19:34:50
Мен Махабат Жумабек кызынын чыныгы фанаткасымын ал кайрадан радиого кайтып келгенде абдан жакшы болмок. Анын уну абдан сонун да чиркин... Бактылуу болунуздар!
+1
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан