АЛКОГОЛЬ БИЗДИН ЖАЛПЫ АЗАБЫБЫЗ

«МИНТИП ЖАШАЙ АЛБАЙМ... ЖАРДАМ БЕРГИЛЕЧИ!»
– Мен 40 жаштамын. Турмушта ушундай бир мезгил болду, түзүлгөн кырдаалдан жол таба албай жатам. Мен 20 жаштагы уулум менен жашайм. Ал аракеч. Ушул түнү же түн ортосунда мени эмне күтүп турганын билбейм: соолуктуруучу жайга баруубу же ылжыган мас, булганып бүткөн, айрык-тытык кийимчен уулумдун жумуштан келишиби? Ишенимдүү иттен бетер үйдө күтүп отурам. Ал эч качан кечирим сурабайт, тескерисинче, сөгүнүп-сагынып мага каяша айтат, «жумушка барбай коём, өзүмө кол салам» деп коркутат. Мындан ары минтип жашоого болбойт деп ойлоно баштадым. Баарын таштап безип кетким келет. Бирок бул жерде батирим, жумушум, жакшы досторум жана аракеч балам бар. Мен моралдык жактан басынып, тепсендиде калдым. Эмне кылуум керек? Жардам бергилечи!

Надежда Аристова

«УШУЛ ЖЫЛДАР ИЧИНДЕ МЕН ЭМНЕЛЕРДИ ГАНА КЫЛГАН ЖОКМУН?»
– Менин 19 жылдык никем бар. Улуу уулум 19 жашта, кичүүсү 5те. Жан дүйнөмдө жай табылар жер калган жок: менин күйөөм аракеч. Ушул жылдар ичинде мен эмнелерди гана кылган жокмун? Кодировка да жасаттым. Ток менен дагы дарылаттым. Андан кетип да көрдүм. Күйөөм – менин биринчи жана жападан-жалгыз эркегим. Аны эч качан башкаларга алмаштырган эмесмин. Адегенде сүйүү менен жашадык. Мен чекпейм, жакшы кожойкемин, камкор эне боло аламын. Дайыма өзүмдү карайм, үйдө жүргөндө да макияж менен жүрөм. Анан ага эмне жетпейт? Жумушубуз бар, там өзүбүздүкү, бакча кармайбыз. Ага жалбарып да көрдүм, чыр да салдым – баары бир! Мен ажырашып кеткенден абдан корком, энем ушундай тарбиялаган. Ал мага дайыма «кандай болсо да колдон келишинче үй-бүлөнү сактап калуу керек» дечү. Мен эле жалгыз ушундай эмес экенимди билем, көпчүлүгү ушундай эле жашашат. Бирок мен болгону 37 жаштамын. Өзүм үчүн эч качан жашаган эмесмин, баары үй-бүлө үчүн, баары ал үчүн болчу. Ал болсо ичип жатат, ага баары бир болуп калды. Эми эмне кылышым керек, билбейм. Балким, кимдир бирөө айтаттыр же өз тажрыйбасы менен бөлүшөттүр...

Ирина Иванова

«АлкАтекАктив» тамчылары – жаратылыш компоненттерин кошуу менен өсүмдүктөрдүн натив маӊыздарынын негизинде иштелип чыккан табигый продукт. «ААА» тамчыларын колдонуу боорду алкоголдун уулуу заттарынан тазалоого, жүрөк-кан тамыр ишмердигин калыбына келтирүүгө, алкоголдун чектен тыш ичип алуудан улам пайда болгон дененин өзгөрүүлөрүнүн алдын алууга, психо-эмоционалдык статусту калыбына келтирүүгө, соо жашоо образына карай багытталган.

Тел.: 0707 33 54 49, 0772 86 90 09, 0557 47 77 62, Ош шаары 0773 90 28 79
Дареги: Бишкек шаары, Совет көч., 57/Горький көч. менен кесилишет

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ishani
2015-09-21 13:18:30
Напсини тыйа албаган ичетда. Сидерге Алла сабыр берсин ичкендерге ыйман инсап берсин.
0
ayko24
2015-10-08 09:20:16
звонок кетпей жатат го
0
Asyl.jazi
2015-11-10 01:30:38
кимдер колдонуп коргон, жыйынтыгы боюнчада жазгылачы сураныч
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан