ЖАЙЫТ ЖАНА АЙДОО ЖЕРЛЕРИБИЗ ТАКЫРАЙЫП КАЛБАСА ЭКЕН

Көп жылдан бери Кыргызстандагы адистерибиз айдоо жерлерине байкоо жүргүзүп келе жатышат. Алардын тыянагы чеке жылытарлык эмес. Бирок эколог-окумуштуулардын тынчсыздануусуна азырынча бийлик эч үн ката элек. Убакыт күтүп турмак беле? Ал ортодо жерибизди сактоо азыркы ири маселелерден болуп турат.
«Кыргызгипрожер» уюму­нун маалыматы боюнча, 1969-1978-жылдары жайыт жерлерден чабылган чөп гектарына 5,2 центнер болгон. Ал эми 1990-жылы 4,4 центнерге түшкөн. 1990-жылдары жана 2000-жылдардын башында дээрлик бирдей калыпта келген. Бул негизинен мал башынын азайышынын эсебинен болгон. Андан кийин малдын туягы жалаӊ көбөйүү үстүндө. Ал эми 2014-жылы түшүмдүүлүк гектарына болгону 2,8 центнерден гана болгон.
Мунун негизги себеби эмнеде? Жооп өтө жөнөкөй. 20 жылдан бери чөптүн түрү өзгөрбөй келе жатат. Мурда кыртышты эс алдырып, ар кандай чөптүн түрү себилчү. Отоо чөптөр гербициддер менен тазаланчу.
«Кыргызгипрожер» адистеринин маалыматына караганда, маселе малдын башынын көбөйүшүнөн гана эмес, малдын үйүрлөрүнүн өзгөргөнүнөн да болуп саналат. Совет мезгилинде малдын 62 пайызын кой түзгөн, бул ошондогу жайыттардын абалына ылайыктуу болгон. Ал эми азыр абал такыр эле өзгөрүп кетти. Жылкынын саны мурда канча болсо, азыр деле ошончо, бодо мал 64 пайызды түзүп, ал эми койдун саны 20 пайызды түзүп калган. Бодо мал болсо жайытты тепсеп, койлорго караганда жерди көбүрөөк такыр кылат. «Кыргызгипрожердин» адиси, көп жыл бою байкоо жүргүзүп келе жаткан Людмила Пенкинанын айтуусунда, жайыттардын 70 пайызынын тамтыгы кетип начарлоодо.
Кыргызстанда 9 миллион гектар айдоо жер бар деп эсептелет. Бирок алардын дээрлик 2 миллион аянтын отоо чөп, анын ичинде уулуу чөп басып кеткендиктен аны мал жебей, 500 миӊ гектары эрозияга туш болду. Ал эми калган жерге жасаган мамилебиз талаптагыдай эмес. Анан дагы бир канча жылдан кийин малды кайсы жерге оттотобуз? Бул чоӊ суроо.
Мисалы, Ош облусун алалы,- дейт Людмила Пенкина. – Айдоо аянты 1 миллион 400 миӊ гектарды түзөт. Кагаз бетинде ушундай. Анын ичинен 274 миӊ 456 гектарын отоо чөп баскан. Тоют бере турган жерди көп жыл баш аламан пайдалангандыктан ал жерди отоо чөп, куурай, уулуу чөп да баскан. Алсак, отоо чөп басышы жалпы жазгы-күзгү жайыттын 15 пайызын түзөт. Ал эми жайкы жайыттын 26 пайыздык аянты оттогонго жараксыз чөптөргө басылса, кышкы жайыттын 12 пайызы ушундай абалда. Ош облусунун отоо баскан аянтынын басымдуу бөлүгүн шыбак түзөт.
Уу чөптүн даамы, жыты жаман болгондуктан мал жебейт, бир жолу жеп көрүп эле экинчи тийбейт. Кандайдыр бир рефлекси иштеп калат экен. Бирок айрым учурларда (ачка болгондо, жайытта башка чөп жок болгондо же зат алмашуусу бузулганда) мал уу чөптү да жей баштайт. Минералдык зат алмашуусу бузулганда койлор уу чөп жеп алат. Анткени биздин жайыттар минералдык жактан кошумча азыктандырылбайт. Өзгөчө суу менен чөбүндө минералдык тузу кем болгон тоолуу жана бийик тоолуу жайыттарда малдын уулануусу байкалууда. Ошондуктан уу чөптөр баскан жайыттарга карды ач малды жайбаш керек. Бирок башка оттото турган жай барбы?
Экологдордун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы айдоо аянттарына да коркунуч жаралууда. Айдоо аянттарын камыш басып (мисалы, Чүйдүн камыш баскан талааларын), сазга айланып, кыртышы эрозияга дуушарланып жешилүүдө. Азыркы технология колдонулбайт. Дагы бир жагдай коркунуч туудурат: айдоо аянттарыбыздын дээрлик жартысын шор басып кетти, кээ бирин суу каптап, шамалдан улам эрозияга туш болуп жатат.
Айыл чарба министрлигинин адистери «жыл сайын айыл чарба аянттарын азыктандырууга 360 миӊ тонна азот керек» дешет. Ал эми жерлер 30 пайыз эле азыктандырылып жатат».
Өлкөнүн азык-түлүк программасы тууралуу бир нече жылдан кийин эмне деп айта алабыз? Жайыттарды жана айдоо жерлерди сактоо боюнча натыйжалуу программа иштеп чыгуусу керек. Андан кийин аны аткара баштайлы. Элибиз жаратылыш байлыктарын көздүн карегиндей сакташы зарыл. Болбосо өлкөнүн айыл чарбасы ыйлагыдай абалга келип, экономикалык өсүшү төмөндөп кетиши мүмкүн.

Азамат Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nura.177
2015-09-22 00:20:17
Жаратылышыбыз,экологиябыз аябай бузулуп жатат,мен да аябай кыжаалат болом. Качан бизге элин,жерин,мамлекетин суйгон бийлик келээр экен. Кудайдан ошону тилейличи,онолуп онуголучу.
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан