– Айдана, мага кайрылчы... Мен эми башка адаммын. Сени бактылуу кылам.
– Бул сөздөрүӊдү канча жыл угуп келем, билесиӊ да? Сендей адамды жан дүйнөм каалабай калганда кайрадан босогомдо турасыӊ. Сага ишенгим келет, бирок мен жаш кыз эмесмин. Мени үйүӊө ала качып барып, апакеӊ ак жоолугун салганда кетем десем, кандай гана убадаларды бергениӊ эсиӊдеби? Мен анда сага чын жүрөгүмдөн ишенгем. Сени сыртта чогулган элге уят болуп калбасын деп экөөбүздүн жаркын келечегибизге ишенич арткан элем. Бирок мага үйлөнгөнүӊдөн 3 күн өтпөй үйгө келбей баштадыӊ, мен болсо берген убадаларыӊ менен өзүмдү-өзүм алдап үйүӊдө жүрөм. Ойлосом, карааныӊды күтүп үйүӊдө 1 жыл жүрүптүрмүн. Бул убакта жаркын келечекке болгон үмүтүм да өчтү. Акыры төркүнүмө кеттим. Бул кабарды уккан соӊ сүйөрүӊдү айтып артымдан жетип келгенсиӊ. Көнбөсөм эшигимдин астына түнөп да калдыӊ. Ата-энемдин астында тизе бүгүп кечирим сурап, акыры мени кайрадан үйүӊө алып келдиӊ эле. Ошондо дагы ишениптирмин. Эсине келди го, жашообуз эми оӊолот десем 1 күн өтпөй кайрадан жоксуӊ. Бир жолу түн бир оокумда мас болуп кирип келгениӊди эстесеӊ...
– Эмне мынча кеч?
– Ишиӊ эмне?!
– Кайда жүрдүӊ?!
– Кыздар менен десем колуӊдан бир нерсе келеби (каткырып)?
Акыры чыдабай кеттим, сага жалдырасам мени түшүнчүдөй туюлдуӊ.
– Айтчы, мен сага эмне жамандык кылдым. Элдей болуп жакшы жашайлычы. Айтчы, эмнени каалайсыӊ?
– Азыр болгону көзүмө көрүнбөй турчу, сени көрсөм эле жүрөгүм айланат.
– Эмне?..
Өӊүм бозоро түштү, ордумдан жыла албай туруп калдым. Оозума башка сөз да келбей калды. Мына ушул учурда буга чейин болгон окуялардын баарын элестетип эстей баштадым. Ичимде болгон уйгу-туйгу жүрөгүмдү мыжыгып, демимди кысканычы. Ойлорум мени көз ирметкен жок. Таӊ атпай кийимдеримди жыйыштырып жаткам. Муну апаӊ көрүп калыптыр. Байкушум десе, мени ушунчалык жакшы көрөт. Сен жокто мени жоошуткан да жалгыз ушул адам. Анан кантсин, башка аргасы жок да. Күнү-түнү дайынын билдирбеген уулунан көрө ушул өӊү бозоргон келиним жакшы дейт окшойт. Же ысык чайын сунуп турушум керектир. Мени дагы кетип калбасын деп ал көз жашын төгүп жалдырап жатты.
– Кагылайыным, эси жок балам жаныӊды кыйнап койду. Бир аз чыдай тур, али жаш, токтоло элек.
– Апа, сиз ыйлабаӊызчы, келип турам.
– Келгениӊди кой, кетпечи, кызым... Сенсиз мен кантем?
– Мен өмүр бою жалданма жумушчудай сизди карап өтмөк белем?!
Чыдабай кыйкырып жибердим. Бул кылыгым үчүн өзүм да ыӊгайсыз болдум. Кетпе деп жалдырап жаткан кайненеме боорум ооруганда эмне? Мага ким күйөт, келечегимди ким ойлойт?
Дагы ата-энемдикине кетип калдым. Бул ирет да баягы эле сценарий. Сен, жаныӊда көз жашын төккөн апаӊ болуп босогодо турасыӊар. Кызык, кантип тажабайсыӊ? Бул
жолу сага ушунчалык жиним келип турду. Кайтпайм, үйүӊө экинчи басып барбайм дедим ичимден. Бирок ата-энем зордоп сага кошуп берди. Ичиме бугум толуп, эт жүрөгүм эзилип машинада бара жаттым. Кызыгы, мурдагыдан өзгөрүлүп, жакшы күйөө болуп чыга келдиӊ. Ошондо канчалык кубанганымды билсеӊчи. Олуттуу ойлонуп, турмуш курууга чындап даяр болду деп ойлодум. Бирок «алтыным, жаным» деген сөздөрүӊ 1 айдан соӊ баягы эле «апамды караганга киши таппай эле сага жалдырадым. А сен тимеле жыргап алыптырсыӊ го» деген ачуу сөздөргө алмашты. Ошол айдын ичинде экөөбүз кандай кереметтүү күндөрдү башыбыздан кечирдик. Тамакты деле таттуусунан тандап жасайм, бир гана күлкүӊ үчүн эмнелерди гана кылбадым. Баары калып түндөгүсүчү, мени гана сүйөрүӊдү, буга чейин баркымды билбей адашып жүргөнүӊдү айтып жүрөгүмдү жибитпедиӊ беле...
Адамдардын боору ушунча таш беле? Кылыгыӊды түшүнө албай койдум. Чындыгында, сени ушунчалык жакшы көрөм, ошол эле учурда жек да көрөм. Өз колум менен жүрөгүӊдү сууруп алып, астымда кыйналып жатканыӊды көргүм келет. Бирок буга күчүм да, каалоом да жетишсиз. Мен сенден акыркы жолу кайтпас болуп ушул окуядан кийин кеткем. Акыры мыйзамдуу түрдө ажыраштык. Дагы менден алчу кандай өчүӊ калды? Жаштыгымдын сонун жылдарын сени күтүп, терезени акмалап жүрүп өткөргөнүм жетишсиз болдубу? Эми кечирим сурап келбечи, суранам.
– Бул ирет баары башкача болот.
– Мындай сөздөрүӊдү уга берип алардын баркы бир тыйынчалык болуп калганын билер бекенсиӊ? Кетчи, мени кыйнабачы, жашоомдон биротоло кайып болуп кетчи, суранам.
Айдана
Нуркыз Курманбек кызы
lira@super.kg