ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТТЕ
Вебинар
– интернет тармагынын тереӊ жайылып, анын өнүгүшү менен пайда болгон сөз. Интернет желесин түшүндүргөн web жана жыйналыш деген маанидеги «семинар» деген сөздөрүнөн келип чыккан. Башкача айтканда, вебинар – бул интернет аркылуу онлайн режиминде өтүүчү жыйналыш. Катышуучулар сөзсүз түрдө жыйналыш өтүүчү жерге чогулушпайт. Алар кааласа үйүндө, кааласа дүйнөнүн башка бурчунда отуруп, бардыгы бир убакта өздөрүнүн гаджеттери менен интернет тармагына туташып, кайсы бир маселени онлайн режиминде талкуулашат. Жаӊы технологиялардын укмуштуудай өнүккөнүн эске алсак, вебинарлардын катышуучулары бири-бирин көрүшөт, угушат. Вебинарлар көбүнчө эл аралык ишканаларда кеӊири таркаган.

СПОРТТО
Сноублейд
– англис тилинен «кар миздери» деп которулат. Бул кышкы спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында жаӊыдан пайда болгон спорт түрү. Мында кадимки лыжадан кыйла кыска лыжа колдонулат. Ал да сноублейд деп аталат. Узундугу ашып кетсе 1 метрди түзөт. Адатта бул лыжаларга таякчалар колдонулбайт. Андыктан анда теӊ салмактуулукту кармоо кыйла жеӊилирээк, демек, аны тебүү да оӊой. Адегенде бир аз дөӊсөө жерден ылдый карай тээп үйрөнгөнүӊүз оӊ. Ал эми толук үйрөнүп алган соӊ сноубордисттер жасаган ыкмаларды да жасай аласыз.

ТАСМАДА
Хромакей
– англис тилинен которгондо chroma key – «түстөрдүн ачкычы» деген маанини берет. Акыркы кезде ырчылардын клиптеринде, кинолордо фантастикалык көрүнүштөр көп колдонулууда. Мунун баары мына ушул хромакей аркылуу ишке ашат. Хромакей – бул жашыл же көк фон. Ошол фонго адам же жаныбар туруп тасмага тартылат. Кийин видеону монтаждоодо ал фонго компьютер аркылуу каалагандай пейзаж, каалагандай атайын эффекттерди коюп коюуга болот. Жашыл жана көк түстөрдүн колдонулушунун себеби – бул түстөр адамдын денесинде кездешпейт.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан